Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:51

“Барометр” гезити электр энергиясына тарифти көтөрүү маселесине жооп берген адистердин ойлоруна орун берди.

Азыркы учурда электр энергиясынын баасын жогорулатуу маселесинин кайрадан көтөрүлүп жатышынын себеби эмнеде? Жарыктын баасы дагы жогоруласа эл аны кандай кабыл алар экен? “Барометр” гезити ушул суроолорго жооп алуу үчүн айрым жарандарды сөзгө тартты.

Коомдук ишмер Орозбек Дүйшеев: Кыргызстанда акыркы жылдары айлык 2-3 эсеге өстү. Ал эми электр энергиясынын баасы ошол бойдон турат. Ошондуктан электр энергиясынын баасын 1 же 1 сом 30 тыйынга көтөрүүгө убакыт жетти. Бирок мунун себептерин элге жакшылап түшүндүрүү зарыл. Бааны жогорулатуу менен кошо уурдагандарды азайтсак, трансформаторлор кынтыксыз иштей баштайт эле,–деп,

Энергетика жана өнөр жай министрлигинин байкоочу кеңешинин теңтөрайымы Нурзат Абдырасулова: Бааны көтөрөрдөн мурда тарифтин өздүк наркын, ага кеткен чыгым канча экенин билишибиз керек. Анткени ар кимисинин эсеп-чоту ар түрдүү болгондуктан ар түркүн божомолдорду айтып, калк арасында ишенбөөчүлүктү туудуруп келатат.

Тарифти көтөрөрдөн мурда электр энергиясынын кетип жаткан чыгымынын баасын элге кашкайта көрсөтүп, буга эл да, эксперттер да ишенгидей болгондо гана тарифти көтөрүү маселесин чечсе болот. Антпесе коомчулуктун бүгүн энергетика тармагын тейлегендерге ишеними төмөн, ошондуктан тарифти көтөрүү абдан кыйын болот, калк ичинде уурдагандар өтө көп,–деп,

Энергетика боюнча эксперт Расул Үмбеталиев: Электр энергиясынын баасын көтөрүүгө кескин себептер жок. Андан көрө энергетика тармагында жылына тонолуп кетип аткан 100 млн. долларга жакын акчаны токтотуу жагын ойлонуу керек.

Энергетика тармагына жеп-ичүү дегенди унуткан, элдин гана кызыкчылыгын ойлогон, колу таза адамдар келиши керек. Жабдыктар эскиргендиктен бааны көтөрөбүз деген шылтоону айтышууда. Андан көрө коррупциянын оозун кемечтеп, ички мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланса, тарифти көтөрүүнүн кереги болмок эмес.

20 жылдан бери тариф көтөрүлгөн жок деген туура эмес. 2010-жылдын 1-январында Данияр Үсөнов электр энергиясы менен ысык сууга, жылуулукка тарифтерди көтөргөн. Убактылуу өкмөт Үсөнов көтөргөн 1 сом 50 тыйынды эл үчүн 70 тыйынга түшүргөнү менен мекеме-уюмдар ошол 1 сом 50 тыйын бойдон эле калган. Ошонун негизинде тариф 50 процентке көтөрүлгөн.

Мен көзөмөл салып келатам. “Түндүкэлектр” ачык акционердик коому 2008-2009-жылдары кышында жыл сайын 120-150 млн. сомго чейин чогултуп келсе, 2010-жылдан бери 350-450 млн. сомго чейинки төлөмдөрдү чогултуп келатат. Ошондо мурдагыдан 2-3 эсеге көп чогултууда. Тариф көтөрүлсө эл нааразы болот, уурдап-тоноо ошончо көбөйөт. Акыркы 5-7 жыл ичинде энергетика тармагына 8 млн. кредиттик грант келди. 20 жылдын ичинде 1 млрд. доллардан ашык грант, насыя келди. Бул акчалар кайда?–деп,

“Түндүкэлектр” ачык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мүчөсү Сапар Аргымбаев: Жыл башында светке баа тариф көтөрүлбөйт деп Жогорку Кеңештен да, министрликтен да сөз беришкен. Бизде энергетиканы майкандап келаткан коррупцияны азайтмайын эч кандай майнап чыкпайт. Анткени энергетика жана көмүр секторундагы 2 млрд. сомдон ашык акчаны коррупциялык топтор жеп келатат. Жоготууну азайта алсак ошондон эле 1 млрд. сом казынага түшөт эле. Убагында Ширшов менен коррупциялык схеманы жасап кеткендер азыр деле арабызда жүрөт. Ошол схеманы так ошолор азыр деле иштетип жатат. Булар эч качан энергетика тармагы эл үчүн ачык болушун каалашпайт. Бөлүштүрүүчү компанияларды майдалап, көп топко бөлүп, дагы 3-4 жылга чейин жалгыз өз кызыкчылыктары үчүн пайдалангылары келүүдө. Биз бул боюнча президентке кат жазганбыз. Жоготтук деген шылтоо менен ашыкча киловатты накта акчага айлантышууда. Электр тармагында уурулук күч болуп аткандан кийин дал ошолорду ооздуктап, эсине келбей эсирип келаткандарды эсине келтирип, кудайын чындап таанытмайын тарифтерди көтөрүү деген абсурд. Эл да буга макул болбойт,–деп жооп берди.

“Барометр” гезити журналист Тамара Козубекованын “Микрофинансы уюмдары элдин турмушун оңдоп жатабы, же өз капчыктарын калыңдатуудабы?” деген макаласын окурмандарга сунуш кылды. Макалада микрофинансы уюмдарынын кызматынан көбүнчө кирешеси аз болгон, же бир нерсе кылайын деп ишин жаңыдан баштаган кардарлар пайдаланышарын, бирок ал айрым адамдар түшүндүргөндөй жакырчылыкты жойо турган уюм эмес экендиги кенен талдоого алынган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG