Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:07

Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Эл жазуучусу Бексултан Жакиев “Жаңы агым” гезитиндеги маегинде “төңкөрүш” менен “революциянын” айырмасын айтып берди.

“Жаңы агым” гезити Бексултан Жакиевдин өткөн сандан башталган интервьюсунун корутунду бөлүгүн жарыялады.

Коррупция, кадр маселеси, дүнүйөкордук, парламентаризм жөнүндө кенен кеп кылган Эл жазуучусу “төңкөрүш” менен “революция” деген сөздөргө токтолуп, төңкөрүш дегенге калк катышпай тургандыгын, төңкөрүштү бийлик сарайынын ичиндегилер, же дал ошол бийликтин ичи менен тышында жүргөндөр жасаарын, маселен Курманбек Бакиевди өкмөт башчысы Данияр Үсөнов же күч министрлери кулатса, анда төңкөрүш болмогун, ал эми Бакиевди кууп чыккандардын 99 проценти өмүрү Ак үйдүн босогосун аттабаган, бирок эли-жеринин азап-тозогу үчүн күйгөн, адилеттик үчүн жан кыюуга даяр турган карапайым кыргыз элинин ач көз, акча үчүн ата-энесине кошуп туруп Ата Журтун сатып ийгенден кайра тартпаган бийликке каршы көтөрүлүшү болгонун баса белгиледи.

Бексултан Жакиев муну менен бирге Бакиевдин намазын окуп жүргөндөр ушул кезге дейре Июнь кыргыны менен Апрель революциясы экөө тең бирдей, айырмасы жок деп айтып бүтпөй келатканын, чынында андай эместигин, июнь окуясын каргаша деп атаса туура болорун, дагы бир көңүл бура турган жагдай, июнь окуясы Апрель революциясына каршы уюштурулган контрреволюция экендигин, анткени контрреволюцияны алгач Бишкектин Маевка айылында баштап, андан майнап чыкпаганда кыргыз менен кыргыздын ортосунда жарандык согуш тутантып, түштүктү Кыргызстандан бөлүп чыгып, өзүнчө республика кылабыз деп кан төккөнүн, эгер ошондо Бакиевдин куралчан жанкечтилерин Оштон кууп чыкпаганда бүгүн кыргыз менен кыргыз кырылып отурмагын, алар кыргыз менен кыргызды согуштура албаган соң өзбектер менен кыргызды кырылыштырып жибергенин дагы бир жолу элдин эсине салып, саясат оорусунан акыры айыгаарыбызды белгиледи.

“Планета” гезити айрым аткаминерлерге адаттагы “Оңтойсуз суроолорун” берүү менен бүгүнкү санын ачып, депутат Алтынбек Сулайманов “Республика” партиясынан чыкканын, Тажикстан Кыргызстандан 36 объектини биздики деп талашканы жатканын, кытай жарандары менен кыргыздар мушташканын кабарлады.

Аталган гезит Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Мелис Турганбаев менен маек курду. Генерал өз сөзүндө 2010-жылдын апрелинен тартып, Кыргызстанга толук үстөмдүк жүргүзүп, мурдагы бийликтер менен коюн-колтук алышып, тайраңдап, каалаганын жасап калган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштүн башында турганын, күрөш күчөгөндөн тартып аны жаман көргөндөр, колу менен оозу жеткен жердин баарына ушактагандар, көрө албастар көбөйгөнүн, бирок Мелис өзү сөз менен эмес, иш менен криминалдын тамырын кыркыш үчүн аракет кылып келатканын, ушак айтыла берерин, бирок алдыдагы максаттарын ушактан коркпостон, тайманбастан ишке ашыра берерин айтты.

“Алиби” гезити “Көк-Сайда атылган ок”, “Кайчыланган Каркыра”, “Санташтыктарды сызга отургузган кимдер?”, “Адам өлүп жатса, министр малды түгөлдөгөнбү?" деген макалаларга окурман көңүлүн бурду.

Канышай Мамыркулованын мүлк талашкан окуяны баяндаган кезектеги макаласы “Архивде “аты” жок үйдүн чатагы” деген ат менен тартууланды.

Журналист Наргиза Козубаева жакында эле Жогорку Кеңеш акыйкатчылыктан алып салган Турсунбек Акун менен кенен маек курду. Маегин “Нан жебесем мейли, мага микрофон болсо болду” деп атаган Турсунбек Акун Кыргызстандын тарыхында Жогорку Кеңешти сотко берген биринчи киши болгонун, эми сот чечими чыкканга чейин акыйкатчылыкка ат салышып аткандардын бардык конкурсу токтотулуш керектигин, сотто ал өзүнүн ак экендигин далилдерин айтты.

“Де-факто” гезити “Коопсуздуктун атын жамынган комитеттин улутка кереги барбы?” деген суроо менен айрым жарандарга кайрылганда вице-премьер-министр Токон Мамытов: –Биринчи кезекте Мамлекеттин коопсуздугун көзөмөлдөш керек,–деп,

Генерал Артур Медетбеков: – Коопсуздук комитети КСДП партиясынын куралына айланып калды окшойт,–деп,

Укук коргоочу Рита Карасартова: – Улуттун коопсуздугун камсыздай турган орган майдаланып, коррупциялык иштерди текшерип жүрөт,–деп,

Генерал Мирослав Ниязов: – Улуттук коопсуздук комитетин саясатчылар ооздуктап алышкан,–деп,

Укук коргоочу Азиза Абдрасулова: – Комитет элдин коопсуздугун эмес, бийлик башындагылардын коопсуздугун камсыз кылат,–деп,

Укук коргоочу Токтайым Үмөталиева: – Азыр 5-класстын деңгээлиндеги адамдар коопсуздук кызматында иштеп атат,–деп жооп беришти.
XS
SM
MD
LG