Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

"Ата-Журттун" тизгини Кочкоровго тиеби?


“Кыргыз туусу” гезити айтылуу ишкер Аскар Салымбековдун элди биримдикке үндөгөн фонддун иши жөнүндө жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити “Жаңычылдык жаныбызда” деген рубриканын алдында журналист Азимжан Ибраимовдун “Улут камындагы жаратман генерация” деген макаласын тартуулады.

Макалада бүгүн улут камын ойлогондордун арасынан өзүн мыкты ишкер катары гана эмес, сабырдуу саясатчы катары да көрсөтө алган Аскар Салымбеков быйыл прогрессивдүү, жаратман идеяларды, эң оболу элдин биримдигин бекемдөөгө, күчтүү коомду курууга жөндөмдүү программаларды таап чыгуучу Прогрессивдүү демилгелер фондун түзгөнүн, ошону менен бирге эле мамлекеттик башкаруу тармагында өзгөчө маанилүү, натыйжалуу өзгөрүүлөргө жол ача турган илимий эмгектердин “Акыл Тирек” аттуу жарышын жарыялаганын, жакында мына ушул сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлык тапшыруу салтанаты болуп өткөнүн баяндады.

Сынакка республиканын жаштарынан сырткары чет өлкөлүк мекендештерден 100дөн ашуун олуттуу эмгектер түшкөнүн, 1-төрт сыйлыкка 100 миң сомдон, 2-төрт сыйлыкка 75 миң сомдон, 3-алты сыйлыкка 50 миң сомдон байгелер ыйгарылганын, ушинтип “жашообуз кандай болот?” деп өкмөттү сөгүп, өкмөттүн оозун карап отура бербей, Аскар Салымбековго окшоп, коомдук күчтөр билек түрсө, ар кайдан кошулган жаркын идеялар өлкөнү өнүктүрүүнүн генератору болууга жарайт эле деп жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Болотбек Таштаналиевдин “Мамлекет жаман кожоюнбу же өзүбүз жаманбызбы?” деген макаласын басты. Анда энергетика тармагы талдоого алынган.

“Алиби” гезити оппозицияны айыптоо менен дүрбөлөң салган Элмирбек Өмүралиев аттуу жигиттин айткандарын элге алып чыккан атайын кызматтын жасаганы профессионалдуулукка таптакыр туура келбегенин, “артык кылам деп ого бетер тыртык кылганын”, мына ушундай жол менен бийликтин оппозицияны ооздуктайм деген ою тескерисинче бийлик менен оппозициянын ортосундагы тирешти күчөтчүдөй көрүнүп калганын, оппозиция өкүлдөрү Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Субаналиев, Талант Мамытов, Садыр Жапаров, Кубанычбек Кадыров жыйынга чогулуп, 16-сентябрь күнү “Кумтөрдүн” автобекетинин жанында жыйын өткөрүүнү пландашканын, минтип кырдаалды курчуткандан бийлик да, оппозиция да утуларын, ансыз да араң турган экономикабыз ого бетер артка кетерин жазды.

Аталган гезитке акыйкатчыга талапкер Акылбек Сариевдин: “Мага каршы далил тапса, талапкерликтен баш тартууга даярмын” деген ат менен маеги жарыяланды.

Акылбек Сариев маегинде өзүнүн шайлоо системасында жетишерлик тажрыйбасы барын, өткөн үч президенттин тушунда тең Боршайкомдо иштегенин, БШКнын мүчөсү, кийин төрагасы болгондо да бирөөлөрдүн же бийликтин кызыкчылыгы үчүн чечим чыгарууга дайыма каршы болгонун, муну эл-журт да жакшы билерин, ошондуктан өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү болобу, же талапкерлерден болобу акыйкатчынын шайлоосуна байкоочу катары гана катышуусун зарыл деп эсептээрин, эми башкасын коюп, мына ушул акыйкатчыны акыйкаттык менен шайлап алуу керектигин айтты.

“Фабула” гезити “Башкы прокуратура миллиондорду жеп койгон деген ишти кайра жандандырып, депутат Исках Пирматовду мандатынан ажыратыш үчүн парламентке кайрадан сунуш киргизгени жатыптыр” деп,

“Жылдызкан Жолдошеваны койсок фракцияны азан-казан кылып жиберет дешкенби Улукбек Кочкоровду “Ата-Журт” фракциясынын башчысы кылат окшойт” деп,

Бишкектеги “Тагай бий” аттуу ресторанды кандуу окуянын качкыны Данияр Үсөновдун депутат жубайы Динара Исаева эки жыл мурда салдырткан, бул айым Үсөновдун Кыргызстанда калган бизнесин "канаттууга кактырбай, тумшуктууга чокутпай, гүлдөтүп келатат” деп,

МАИчилер жол эрежесин бузуп айдаган, андан да күнөөсүн моюнга албай ички иштер министри Абдылда Суранчиев менен Бишкек милициясынын башчысы Мелис Турганбаевдин атын ала жыгылып, өзүн өзү билген, өтүгүн төргө илген банк кызматкери Назик Чодронова аттуу кызды жазаласа болмок, шаардык милиция түштөн кийин Чодронованын иши сотко өткөрүлөт деди, генерал Мелис мырза менен министр Суранчиев “Назик аттуу тентек кызды тааныбай турганын айтышты” деп,

“Кара-Балта шаарында мунай заводу ачылды, заводдун курулушуна жалпы жонунан 300 млн. доллар жумшалды, бир жылда 800 миң тонна чийки майды иштетип, дизел майын жана АИ - 85, Аи-92, Аи-97 маркасындагы бензиндерди жана суюлтулган газды чыгарып турат. Буюруса, Кыргызстандын мунай майга болгон муктаждыгынын 65 процентин жабат, 2 миңдей адам иш менен камсыз болот, кыскасы кыргызга ак жолтой завод болуп берсе болду” деп кабар таратты.
XS
SM
MD
LG