Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:53

Алабукалык 87 жаштагы аксакал Кыргызстанды өнүктүрүү тууралуу программа жазганын “Планета” гезити басып чыкты.

“Барометр” гезити жаңы санын өлкөдөгү жаңылыктар менен ачты. Бакыт Жолчиевдин “Кумтөр” ишканасы эмгек укуктарын бузууда” деген макаласы жарык көрдү.

Гезит ушул эле санына улуу Чыңгыз Айтматовдун “Амир Темирдин ак жылдызы” аттуу баянын орус тилинен которуп жарыялай баштады. “Мен өмүрүмдө көп нерсени көрсөм да канча кылымдар мурда жашап өткөн кээ бир инсандардын мезгил өткөн сайын тарыхый баалуулугу артып, алардын баскан жолу жаңы түс, жаңы сапат менен биздин руханий турмушубуздун төрүнөн орун-очок алгыдай күчкө ээ экендигине бир эсе таң берсем, бир эсе суктанам” деп баянын баштаган залкар жазуучу дүйнөнүн төрт бурчунда Улуу Темирлан деп баркталган айтылуу Амир Темир бүгүн Орто Азиянын улуттук көз карандысыздыкка жетишкен өлкөлөрүнүн коомдук жаңыча ой жүгүртүүсүнүн борборунан орун алганын баса белгилеген.

Гезитте мындан тышкары эл жазуучусу Мырзабек Тойбаевдин мамлекеттик ишмер Султан Ибраимов тууралуу, профессор Жамгырбек Бөкөшовдун “Асыл адамдар” деген рубриканын алдында Кыркаяк Момункул кызы тууралуу кызыктуу макалалары бар. Белгилүү жазуучу Сейит Жетимишовдун жаңы ырлары да жарык көрдү.

“Планета” гезити “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын башчысы Асанбек Молдокеевге “Кумтөр” берген экскаваторду 200 миң долларга кореялык ишкерлерге сатып жиберди дегенге ишенсек болобу? Көрсө кореялыктар аны менен Кара-Кеченин көмүрүн казат экен. Ал эми сиз башкарган ишкана катуу текшерилип, мындан башка да былык-чылыктары чыгып жатыптыр, ушул чынбы?” деп суроо салды.

Аталган гезит андан ары кечээ “Ата Мекен” партиясынын депутаттары Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Иликтөө башкармалыгына келип, 2010-жылдын апрель окуясындагы мародерчулук боюнча тергөөчү топко сурак берип чыгышты.

“Маанайлары суз болуп, бирин-бири көргүсү келбей чыгышты” дешти” деп, “Кыргызстандагы сот, прокуратура, күч органдары чет элдик ишкерлердин түшүнө кирүүдө. Кимиси болбосун чет элдиктерге чочоңдоп, чөнтөгүн кагып калууга кызыкдар. Айталы, Бишкек шаардык прокуратурасынын төрагасы Нурлан Сулайманов пакистандык жеке ишкерлерди ар кандай айла-амалдар менен коркутуп, акчаларын шыпырып жүргөндүгүн Кыргызстандагы Пакистан Ислам Республикасынын диаспорасынын төрагасы Имран Мухаммед Назир маалымат жыйынында билдирди” деген маалыматтарды таратты.

“Планета” гезити ырчы Гүлжигит Калыков менен маек курду. Журналист Тынчтык Алтымышев “Прогрессивдүү демилгелер фондунун башчысы Амангелди Жумадилов менен аңгемелешти. Фонддун башчысы Ала-Букадан 87 жаштагы Кыргызбай Нуркулов аттуу аксакал менен Машрап Мурзаев аттуу жигит Кыргызстанды өнүктүрүү жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча идеяларын жазып келишкенин, Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабай, күйүп-бышып жүргөн адамдардын жашы да, карысы да күн сайын көбөйүп келатканын кеп кылды.

Ушул эле санда депутат Урмат Аманбаева балалык кездерин эске салып маек курду.

Бүгүн “Көк асаба” гезити да жарыкка чыкты. Айпери Сыражидин кызынын макаласы “Бердике берен - кыргыз бүтүндүгүн коргогон баатыр” деп аталды. Дагы бир баян “Аба ырайын алаканга салган кыргыз жайчылары” деген ат менен тартууланды. Бул баянда аксылык мугалим Туратбек Жүндүбаев аттары тарыхтын бүктөмүндө уламыш болуп калган кыргыздын Төрөкул, Калча, Айбаш, Манаке, Айты, Алыбай, Атай, Насыр сыяктуу жыл эсепчилери жөнүндө айтып берген. Элдик мурастарга маани бербей келгендигибиз чоң кемчилик болгонуна, эл ичи чынында эле түгөнбөгөн кенч экенине, жайчы, эсепчилердин жаратылыштан кылымдап жыйнаган байкоолору көчмөн элдин малчылары менен дыйкандары үчүн баа жеткис дөөлөткө айланганына, жашоо-турмушуна өтө чоң жардам бергенине токтолгон.

Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы Руслан Эшмамбетовдун “Барскоонду өнүктүрүп, шаар кылсак деген оюбуз бар” аттуу интервьюсун да ушул сандан окуйсуздар. Ошол эле Ысык-Көлдүн Тоң районундагы Кызыл-Туу айлында өткөн Экинчи эл аралык “Кийиз дүйнө” фестивалы жөнүндө сүрөттүү баян басылып чыкты.

Булардан тышкары АКШнын Колорада штатында жашап жаткан кыргыз кызы Гүлжан Кудабаеванын америкалык күйөөсү Девид Галлагердин кабарчыга кыргыз тилинде куруп берген маегин да окуйсуздар.
XS
SM
MD
LG