Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:30

Баягы, баягы "Асаба"


Кыргыз гезиттеринин катары дагы толукталды.

Бүгүндөн тартып гезиттердин базарына “Баягы, баягы Асаба” деген жаңы гезит түштү. Кезинде атагы таш жарган гезитти маркум Мелис Эшимкановдун бир тууган иниси Эрнис Асек уулу жана анын жубайы, журналист Назира Саалиева экөөлөп алгач 6 миң нуска, 24 бет менен жарыкка чыгарды.

“Асаба” гезити буга чейин “Жаңы агым” гезити пайдаланып келген өзүнүн “Айла жок, бирок ай лав ю”, "Хайл, Сайракан", "Сая-саалы", "Крим-аалы", “Дардак такта”, "Хасан Каскадроп” аттуу рубрикаларын кайрадан алды.

Гезит Кыргыз эл жазуучусу Түгөлбай Сыдыкбековдун илгерки “Асабага” берген батасы менен жаңы санын баштап, жолун публицист Эсенбай Нурушев, чиновник Бабырбек Жээнбековдун каалоо-тилеги менен улады.

Урмат Кыдыкбеков аттуу автордун “Баарын "Кумтөр" жайлайбы?”, Салима Жакшылык кызынын “Карызың чачтан, салыгың таштан көп турганда” деген макалалары, саясатчы Бакыт Бешимовдун “Кыргызстанда - анархия”, журналист Кабай Карабековдун “Оппозиция максаты - бийик”, саясатчы генерал Кубатбек Байболовдун “Текебаев жарылса “бомба” болот”, депутат Равшан Жээнбековдун “Байболов экөөбүз кыймылдай баштадык”, депутат Чыныбай Турсунбековдун “Текебаев мага бирди, башкага бирди сүйлөсө, өз абийирине доо кетет” аттуу интервьюлары басылды. Булардан тышкары Анарбек Усупбаевдин “Мусулмандар кыргыздын каада-салтын колдобойт” деген темадагы маеги, “Асабанын” Түркия, Казакстан, АКШ, Италиядагы өз кабарчыларынын жөнөткөн каттары, интервьюлары жарык көрдү.

“Айат” гезити: “Генерал Өмүрбек Суваналиев “Парламентте КСДП Кулов менен Текебаевди иштетпей жатат. Бул партия бийликти узурпациялоодо” деп айтты. Буга сиздин оюңуз кандай?” деген суроо менен кайрылды.

Депутат Өмүрбек Абдрахманов: Бул айтылган сөз туура эмес. Кулов менен Текебаев президентке тышкы саясатты берип костюм кийгизди. Экөө кийгизген кийимди Атамбаев көтөрө албай калганда акырын түртүп салып, бийликке өздөрү келет деп айткам. Азыркы учурда Текебаев ачыктан ачык эле президентти шантаж кылууда. Эгерде мародерлукту жаппасаң чыгып кетем деген ишараттарды жөнөтүп жатат. Кокус Кыргызстандын өнүгүшү үчүн президентти жамандаса, биз туура кабыл алат элек, ал эми өз кызыкчылыгы үчүн жамандоону шантаж деп коет,-деп,

Депутат Заирбек Жоошбеков: Бул Суваналиевдин жеке пикири. Ал киши кайда жүрбөсүн баарына нааразы. Оштогу окуяга катышкан иштерин жакшы билебиз. Кара-Сууда начальник милийса өлтүрүлгөндө, күч органдарынын балдары кылмышкерди кармайбыз дегенде токтотуп койгон. Ал коалицияны бири-бирине тукуруп, бөлүп-жарууга аракет кылып жатат,-деп,

Депутат Мирлан Бакиров: КСДП Кулов менен Текебаевди иштетпей жатат дегенге кошула албайм. Коалиция жакшы иштеп жатат,- деп жооп берди.

Ушул эле Айат” гезити кылымдан ашык өмүр сүрүп, Чоң Чүй каналын казып, 16 небере, 13 чөбөрө жетелеген 113 жаштагы Бурулча апа жөнүндө сүрөттүү баянды басты.

“Асман press” гезити журналист Азизбек Келдибековдун “Шилекейди агызган Бажы биримдиги” деген макаласын тартуулады. Биздин чоңдор Бажы союзуна киребиз деп жулкунуп турса, Бажы союзуна кирген соң Орусия менен атаандаша албай, ишкерлер азап тартканын, орто бизнестин тамтыгын орус бизнесмендери кетиргенин белгилеп, кокус товарлардын баасы азыркыдан эки эсеге өссө кыргыздардын күнү куруп кетерин кеп кылды.

Аталган гезит келерки жылдын жаз айынан баштап электр энергиясына болгон тарифтик баа 1 сом 24 тыйынга көтөрүлөрүн, ушундан баштап светке акча төлөөчүлөр бай-кедей болуп экиге бөлүнөрүн, электр энергиясын байлар уурдап жагып, айлап-жылдап төлөбөй, анысын бийликтеги “крышалары” жана Ак үй жеткис “кытай дубалдары” менен калкалап, өлкөгө өлгүдөй зыян апкелип жатканы 22 жыл бою кайталанып келатканы, бирок мындан жыйынтык чыкпай эле, кымбаттаткандан башканы таппаганы акыры бир күнү кимдир бирөөлөрдүн ойронун чындап чыгарбаса болду деп жазды.
XS
SM
MD
LG