Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:22

Чоюн Алп Өмүралиевдин жаңы эмгегинен үзүндүнү “Көк асаба” гезит басып чыкты.

“Планета” гезити журналист Тынчтык Алтымышевдин “Митингстан. Кашаңдык кайда алып барат?” деген макаласы менен бүгүнкү санын ачты. Өлкө кайрадан митинг-пикет башталып, өкмөткө муштум кезеп, кол чогултмай башталганын, азыркы бийлик, айрыкча өкмөт дегенибиз бир кокуй болгонун, анткени жарым жылдан бери “канадалыктар менен сүйлөшүп атабыз” деп чобур аттай чоюла бербей, “маселени кабыргасынан коюп, сентябрдын башында эле Жогорку Кеңештин кароосуна койгондо мындай ызы-чуу болбойт эле” деп жазды. Макалада “Кумтөр” боюнча кыйла жүйөөлүү ойлор айтылды.

Буга улай эле “Кумтөр” митингдери инвестицияны “ит” кылды деген чакан макала жарыяланды. Кедей өлкөнүн кени дагы саясаттын куралына айланып, алтын маселеси Жогорку Кеңеште каралар алдында каралганы жаткан кезде элдин тынчтыгына бүлүк салып, бийлик менен элдин ортосуна от жаккысы келгендердин аракети даана байкалганын, облустун имаратын басып алууга кылган аракет, облус жетекчисин “өрттөп салабыз” деген коркутуу “Кумтөргө” күйгөн кишилердин сөзү эместигин, бул деген “Кумтөрдү” жамынып алып эптеп бийликке жетүү үчүн көзү кызаргандардын уюштурган иши экендигин белгиледи.

Буга дагы бир далил, өлкө тынчтыгын бузугусу келгендер, атүгүл алдын ала маалымат соккусун даярдап, Каракол менен Саруудан чыккан митингдерди “Отунбаева, Бабанов, Каптагаев уюштурду” деп массалык маалымат каражаттары аркылуу жалган ушак таратып, жарыялап жибергенин, экс-президент Роза Отунбаева ага жалган жалаа жаап, атын бузуку ишке аралаштыргандарды сотко берерин билдиргенин маалымдады.

Ушул эле санда “Акыйкатчыны шайлоо акыйкаттуу болдубу?” деген теманын алдында акыйкатчылыкка талапкерлер Рита Карасартованын, Акжолтой Тукуновдун, Токтайым Үмөталиеванын ойлоруна орун берилди. Үчөөнүн экөө бир ооздон акыйкатчыны шайлоо мыйзам бузуу менен өткөрүлгөнүн кеп кылды.

“Көк асаба” гезити жазуучу, илимпоз Чоюн Алп Өмүралиевдин “Теңирчилик Бурут тамга-жандырмак” аттуу фундаменталдуу илимий эмгегинен “Кытайдын түбүн тиреген кыргыз” деген аталыш менен үзүндү жарыялады.

Чоюн Алп ошентип Кытайды түбүн түптөп, түптөп эле тим болбой жөлөп-таяп турган Кыргыз болгонун, Кыргыздын эзелтен эле мамлекеттик түзүлүшү барын, мерчемдүү жерлерде Ордолору, сепилдери, айыл, калаалары болгонун, дыйканчылык кылып, аштык өстүргөнүн, искусствосу өнүккөнүн, илимге негиз түзгөнүн, металл иштетип, жазуу жазганын кенен баяндап берген. Байыркы Кытайды тегинен тиреп турган беш негизги Ыйык китептердин кытайча аталышын кыргызча кылган Чоюн Өмүралиев аларды – Тарых баян, Ыр баян, Салт баян, Кез баян, Сыр баян деп бешке бөлүп атаган.

Чоюн Алп кытай, англис, орус тилдериндеги оригиналдарын мисалга келтирүү менен бул ырларды кыргыз тилине которгон. Ырлардын сөзү менен дагы жакшылап иштесе болмоктугуна карабай кыйла дурус которгон. Анда Чоюн Алп которгон жети уулу бар эненин арманын угуп көрөлү.

Күн жүрүштөн жел соксо,
Күңгөйдүн чөбү таралды.
Күтүп жүргөн энеңдин,
Күйүттөн чачы агарды.
Тескейден тербип жел соксо,
Теректин бүрү сабалды.
Тентегин күткөн энеңдин,
Телмирип чачы агарды.
Кайнардын кара көзүндө,
Какшаган муздак суу агар.
Канча уулу кайтпай сапардан,
Какшанып калды куурагыр.
Жекендин башы куураса,
Жел соккон менен таралбайт.
Жети уулу баары биригип,
Жеке энени багалбайт,- деп которгон.

“Көк асаба” гезити жазуучу Абдыманап Сариевдин “Хижаб кыргыз касиетине доо кетирген тескери жорук” деген макаласына окурмандардын көңүлүн бурду. Кыргыздын кыз-келиндери баш кийим дегенди байыртадан эле жаш курагына жараша кийип келгенин, кыргыз аялзатын ушунчалык бийик көрүп сыйлагандыктан майда болобу, мамлекеттик маанидеги чоң маселе болобу, маңдай-тескей отуруп, кеңешип чечип келгенин, акылдуу аялзатын алдыга чыгарып, алтургай эл башкартып, эки тизгин, бир чылбырды колуна бергенин, эми бүгүн демократияга шылтап, ислам дининен башка дагы көптөгөн диний агымдар, секталар каптап, “Кыргызстан диний полигонго” айланганын, кыргыз кыз-келиндеринин хижаб кийиши - бул улуттук каада-салтыбыздагы кийим кийүү эрежебизди бузуп-жаруу, көз көрүнөө эле арабдаштыруу болуп саналарын баяндады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG