Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:47

Электр энергиясындагы маселелер тууралуу “Азия ньюс” гезити эксперттердин ой-пикирлерин жарыя кылды.

“Айат” гезити журналист Балбак Түлөбаевдин “Эки жүздүү саясат” деген макаласын басты. Макаланын автору башкаруу системабыз иштебей жатканына, баарын кайрадан баштоого туура келерине, ал үчүн улуттун лидери болгон президентке жаңы демилге керектигине, президент бардык саясий күчтөрдү бир үстөлдүн тегерегине чогултуп, бир пикирге келишине шарт түзүүгө, анткени ар дайым ушундай кыйчалыш кырдаалда президенттин кризистен чыга турган бир нече жолу болушу керектигине токтолду.

“Азия ньюс” гезити бул санын “Кумтөр 3-революцияга катализатор болуп калбаса экен” деген макала менен ачты. Карыбай Турусбеков аттуу автордун “Пайгамбар болбо” деген ат менен президент Атамбаевге жолдогон каты басылды.

“Электр энергиясында Максим менен Ширшовдун коррупциялык схемасы уланууда” деген теманын алдында эксперт Расул Умбеталиев “Тарифтерди көтөргүчө энергетика тармагындагы жеп-ичкендердин бетин ачса болмок” деп, депутат Бакыт Жетигенов “Тарифтерди көтөрөбүз деп, Бакиевдин кылган кылыгы буларга сабак болбойт окшойт” деп, “Түндүкэлектр” ишканасынын деректирлер кеңешинин мүчөсү Сапар Аргынбаевдин “Тарифтерди көтөрүү эрдик эмес, чыккынчылык” деп, энергетика боюнча ойлорун ортого салды.

“Политклиника” гезити “Караколдогу башаламандыкка Отунбаеванын катыштыгы жок” деген маалымат менен жаңы санын ачты.

Аталган гезит “Караколдо, Сарууда митингчилер өкмөт адамын барымтага алып, жол бууган кадамга барды. Бул боюнча көз карашыңыз кандай?” деп суроо салды.

Политолог Карыбек Байбосунов: Бул өтө жаман адат. Бирдеме болсо эле жол буумайга өтчү болдук. Мындай ит адаттан тезирээк кутулуш керек,-деп,

Политолог Искендер Ормон уулу: Митингдердин артында азыр кызматсыз жүргөн адамдар турат. Аларга ички жана тышкы күчтөр колдоо көрсөтүп жатат,-деп,

Политолог Токтогул Какчекеев: Көлдө болуп аткан башаламандык Ташиевдин штурму. Аны менен бирге чала соттолуп калгандардын жаны жай албай, өч алып аткандагысы. Качанкыга чейин бир ууч адамдардын кызыкчылыгы үчүн 5 жарым млн. адам кыжаалат болуп жашай берет? Мындай башаламандыкты уюштургандарды, ага катышкандарды мыйзам чегинде жоопко тартып, куралчандарга курал менен жооп бериш керек. 20 жылдан бери бейөкмөт уюмдар демократияны үйрөтөбүз деп атып, элди таптакыр ээн баштыкка үйрөтүп салды,-деп жооп берди.

“Асаба” гезити “Биздин бошогонубузга Атамбаев менен Салянова нааразы” деген ат менен Садыр Жапаровдун маегин тартуулады. Коомдук ишмер Аскар Салымбеков “Бир бол” партиясына комментарий бералбайм” деген ат менен, саясатчы Бегалы Наргозуев “Үсөн Сыдыковдун ролун бүгүн Чыныбай Турсунбеков аткарып жатат” деген, акыйкатчы Бакыт Аманбаев “120 депутатка акча берүү мүмкүн эмес” деген, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун “Күрөштү эми баштайм” деген, Эл артисти Замирбек Үсөнбаев “Раев “ордуңуз керек, мени жогору жактан кысып жатышат” деген, эл артисти Кыргызбай Осмонов “Филармония менин же Үсөнбаевдин менчиги эмес” деген, министр Султан Раев “Замикени кызматтан алган жокпуз, башка кызматка койдук” деген аталыш менен маектерин курду.

“Асман press” гезитинен “Кумтөрдөгү” алтын чыгаруу фабрикасынын директору Нурдин Үсөновдун “Кумтөрдү” улутташтырсак өндүрүш токтоп калат” деген, мурдагы депутат Кубанычбек Исабековдун “Булар Атамбаевдин былыгын жашырышты” деген, Г. Калыбекованын “Кумтөрдү” митингдер үчүн курал кылып алышты” деген, депутат Абдыманап Кутушевдин “Бийликти кулатууга күчтөрү жетпейт” деген маектери менен макалаларын окууга болот.

“Арена KG” гезити аркылуу КТРКнын байкоочулар кеңешинин мүчөсү Сабыр Муканбетов маек куруп: Бүгүн мен саруулуктар менен байланыштым, алар бензинге акча табалбай Каракол, Дарханга каттай албай, кыргыз элинен колдоо күтүп отурушат. Эч кандай олигарх, спонсор жок. Ооба, Кыргызстандагы көптөгөн саясий күчтөр аларды колдоп, керек болсо сүрөп, көкүтүп жаткандар да бар. Ошондуктан бийлик тезинен эсине келип, нааразылыкка чыгып аткандардын талабы менен эсептешүүсү керек,-деп айтты.

Ушул эле гезиттен депутат Надира Нарматованын “Өкмөт элдин, парламенттин ишеничин актабагандыгы үчүн эл алдында жооп берет” деген, депутат Максат Сабировдун “Мен “Республикадан” эч качан чыкпайм” деген, билим берүү министринин орун басары Догдургүл Кендирбаеванын “Чүмкөнүп алууга тыюу салынат” деген, “Ата Бейит” мемориалдык комплексинин директору Гүлнара Турсунбекованын “Атамбаев гана "Ата Бейитке” көп келет” деген маектерин окуйсуздар.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG