Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:52

Кетсинизм


“Фабула”, “Жаңы агым”, “Де-факто” митингдердин артында Акаев, Бакиев доорунда кызматтын “бейишинде” жүргөн саясатчылар турарын жазып чыкты.

“Фабула” гезити КТРКнын башкы деректири Кубат Оторбаевдин “Коомдук каналдын ийгилиги - көрсөтүүлөрүн ким дүйнөнүн кайсы бурчунан болбосун түз эфирде көрө алат” деген ат менен интервьюсун жарыялады.

Ысык-Көлдө өткөн митингдин кандай болгонун Жумагүл Барктабасованын “Тынчтык митинг болгон жок” деген макаласында баяндалды.

Жогорку Соттун төрайымынын 1-орун басары Канат Турганбеков “Центерраны биз экология боюнча сотко берсек, утуп чыгабыз” деген ат менен маек курду.
Депутат Абдыманап Кутушевдин “Алдыдагы 10-15 жылда ким өнүгүп, ким алапайын таппай каларын көрө жатарбыз...” деген маеги да “Фабуланын” ушул санында.

“Жаңы агым” гезити “Каршылык көрсөтүү" кыймылынын башчылары, генералдар Өмүрбек Суваналиев менен Кубат Кожоналиевдин Таластагы жүрүшү ийгиликсиз аяктаганын, карапайым калк бүгүн эбак сасып бүткөн оппозициясына да, позициясына да ишенбей турганын эң сонун далилдеди деп айтты. Ушул эле гезит кызыктын баары эми башталганын, Ысык-Көлдүн губернатору Эмил Каптагаевди барымтага алып, өрттөп жиберебиз деген кимдер экендигинин дайны чыга баштаганын, дал ошол “Фольксваген Венто” маркасындагы машинанын ээси Салтанат Жапарова болуп чыкканын, бул аял Садыр Жапаровдун эжеси экенин жазып чыкты.

“Алиби” гезити Ысык-Көл боюнча өз кабарчысы Чыныбек Ажыбековдун “Ысык-Көлдөгү митинг сүртүмдөрү” деген макаласын тартуулады. Автор Караколдогу митинг кандай башталганын, облакимчиликтин алдына адегенде Бишкектен, Таластан, Жалал-Абаддан келген аялдар чогулганын, арасында кредитин төлөй албай карызга батып, "аны жойгула, болбосо өрттөнүп өлчүбүз" дегендер да болгонун, өкмөттүн атынан губернатор Каптагаев сүйлөшүүгө келгенде сүйлөтпөй, ары-бери жулкулдатып, эсин эки кылышканын баштан аяк баяндап берген.

Ушул эле санда Бабырбек Жээнбековдун телефон аркылуу окурмандардын суроолоруна берген жообу басылды.

Журналист Кытайбек Рамановдун сот иштери жөнүндөгү “10 мүнөттө баары түшүнүктүү болду” деген макаласы да бар.

“Де-факто” гезити президент Алмазбек Атамбаевдин “Бүгүн деле өз кызыкчылыгын көздөп, ар кайсы шылтоо менен чыр-чатак, тополоң, керек болсо жарандык согуш чыгарууну каалаган сасык саясатчылар бар” деп айткан сөзү менен бүгүнкү санын ачты.

Саясат таануу илиминин кандидаты Чыныбек Сыдыкбековдун өкмөт, экономика, кадр саясаты тууралуу маеги жарык көрдү.

Мырза Койчумановдун макаласы “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп”, Караколдогу митингди уюштуруп коюп, өзү Түркияга безе качкан Садыр Жапаров, “Каршылык көрсөтүү" кыймылынын лидерлери Бегалы Наргозуев менен Өмүрбек Суваналиев, “атамекенчи” Өмүрбек Текебаев, “арнамысчы” Феликс Кулов сыяктуу саясатчылар элдин бейпилдиги, мамлекетибиздин бүтүндүгүнөн өз кызыкчылыктарын жогору коюшарын даңазалашты” деп башталды.

Аталган макаланын автору “Кумтөрдү” шылтоо кылуу менен коалицияны ыдыратуу планынын башкы автору Өмүрбек Текебаев менен Феликс Кулов экени байкалып калганын, эгер ушул план ишке ашса, Текебаев Жогорку Кеңештин төрагалыгына, Кулов өкмөт башчылыгына барып отурмагын, ал арада Суваналиевдин командасы бийликти күч менен басып алуу аракетин улантып жатканын, ал Таластагы ийгиликсиз митингинен кийин Нарын облусунда жана Бишкек шаарында нааразылык акциясын уюштурарын жар сала баштаганын, Кулов менен Текебаев парламентти ыдыратууну көздөп Ак үйдүн ичинде жүрсө, Ак үйдүн сыртында “өкмөт кетсин!” деп Суваналиев кыйкырып жүргөнүн, ушундан улам булардын тамыры бир экенин, булардын түпкү максаты тынч жаткан элди кайрадан канды-булоон тополоңго алып келип, эптеп кызматка жетсек дегенде эки көзү төрт болуп атканын сөз кылды.

“Кыргыз туусу” гезити бул санын “Ыры да, чыры да көп “Кумтөр” деген баш тема менен Азимжан Ибраимовдун макаласын тартуулады. “Карылар кайрылышат” деген рубриканын алдында караколдук ардагерлердин, бардыгы 21 адамдын колу коюлган “Башаламандык уюштургандар жазаланууга тийиш!” деген ат менен президент Алмазбек Атамбаевге жазган кайрылуу каты басылды.

Катта минтип жазылган: “Бул тополоңдо “Каршылык көрсөтүү" кыймылынын башчылары Бегалы Наргозуев, Аликбек Жекшенкулов, Өмүрбек Суваналиевдин аттары аталууда. Эл арасындагы маалыматтар боюнча буларды Садыр Жапаров, Данияр Үсөнов жана башкалар каржылаганы айтылууда. Урматтуу бийлик башындагылар! “Ооруну жашырсаң өлүм ашкере кылат” дегендей, мындай көрүнүштөргө чечкиндүү чара көрчү мезгил бышып жетти”.
XS
SM
MD
LG