Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:56

Шыбакчылар көбөйгөндө


“Алиби” гезитинин Ош облусу боюнча өз кабарчысы жаңыжерлик уста жигит Абдрахман Акимов жөнүндө жазды.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Заманың бөрү болсо бөрү бол, алды шакал болбо!” деген эки беттен турган көлөмдүү макаласын тартуулады.

Автор алтынсыз жашаган алакандай кыргызды алтын акыры бири-бири менен кырды бычак кылып, кылгылыгын кылып жатканын, Акаев баштагандар Канадага алдатып, аны менен кошо жеп кетсе, андан кийинки Бакиевдердин эң эле желмогузу Максим андан 1 жарым млрд. доллар сугунуп алып жыргап жүргөнүн, алтынды бетке кармап оппозиция болуп чыга калып, тынч жаткан Сарууну көтөрүп, элдик губернаторду шайлаш керек деп ач айкырык салып, экс-президент Роза Отунбаева менен жанаша иштеп, кулап калган мамлекетти бутуна тургузуп, сактап калгандардын бири болгон Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди кетиребиз дегендер чыгып, далайларды ой келгендей шыбап турганын, мисалы Каптагаевге шыбалган баткакты алсаң бир чакан айылдагы үйлөрдү шыбаганга кенен жетмегин жазды.

“Жаңы агым” гезити бул санын “Кумшекер, тактай, цемент, дары жегичтердин анабашчылары Ак үйдө отурат...” деген баш тема менен ачты. Гезит Өмүрбек Суваналиев, Бегалы Наргозуев, Кубатбек Кожоналиев өкмөттү отставкага кетирүү үчүн Бишкекте митинг өткөргөнү жатканын, ал арада Караколдогу башаламандыкка жаштарды түрткөндөр Бакиев жан багып жүргөн Минскиге безип жоголгонун кабарлады.

Ушул эле гезитке журналист Мелис Совет уулунун “Рысалиев менен “Ата Мекендин” акыркы жандалбасы же экинчи раунд” деген макаласы жарыяланды. “Эки тараптын эрөөлү эми кимисинин түбүнө кимиси жетери жакын арада аныкталат” деди автор.

“Алиби” гезити элдин бийликке болгон ишеними мурдагы бийликтин тушунда кеткенин, кечээ Ак-Талаа районундагы асфальт-бетон заводун ачып жатып президент Алмазбек Атамбаев "ооба, элдин бийликке болгон ишеними жок. Бирок чыдаш керек. Мен деле “дембелди” күтүп жаткан солдат сыяктуумун. Өзүмдүн мөөнөтүмдүн бүтчү күндөрүн санап жатам” деген сөзүн шилтеме кылып, кыргыздын душманы кыргыз экенин, азыркы саясий оюндардын баары көрө албагандыктын айынан болуп жатканын белгиледи.

“Алиби” гезити Акмат Асанов аттуу автордун “Шамил Атахановдун баласы Максим Бакиев менен байланыштабы?” деген макаласын басты.

“Де-факто” гезити вице-премьер-министр Токон Мамытовдун “Эл митинг, пикет аркылуу өнүгүүгө жетпей турганыбызды жакшы түшүндү” деген ат менен маегине орун берди.

Ушул эле гезит Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Зарылбек Рысалиевдин “Чындык ачыкка чыксын, эл кимдин ким экендигин билсин” деген аталыштагы маегин сунуш кылды. Генерал Рысалиев анысында “Урматтуу Текебаев өзүн акылдуу сезип алганын, ал башчылык кылган кызматтын балдары барса “Зарылбекти жок кылам, силерди да отургузам” деп кууп чыкканын, Райкан Төлөгөнов “очный ставкага келбейм” деп жазып бергенин, мародерлук боюнча күнөөлөнүп жаткандар Юсупов менен көзмө-көз отуруп, анын айткандарын жокко чыгарып, өз алибисин айтууга канча ирет чакыртса да келбей коюшканын, анын ордуна куру сөздөрдү айтып актанып келатышканын. Булардан жийиркенип да калганын, керек болсо буларды түрткүлөп, тепкилеп барып камап салуу керектигин айтты.

“Де-факто” гезити мындан тышкары “Исламды мусулмандарга курал катары Батыш пайдаланабы?” деген макала жарыялады. Чубак ажы Жалилов “Исламчылар деп аталган топтордун мусулман динин карманарына күмөнүм бар” деп айтса, Кадыр Маликов Индияда мусулмандар менен индустардын ортосунда жаңжал жараткан Британия экенин, бул өлкөнүн мураскери "Талибан", "ал-Каида" да АКШнын катышуусу менен түзүлүп, Пакистандын атайын кызматынын жардамын алып турганын айтты.

Андан ары алар исламдан жашоо багытын издегендер билимсиздик менен жакырчылыктын айынан туура эмес саясаттын курмандыгына айланып калып атканын, ошондуктан өкмөт Кыргызстандагы ички жана тышкы диний саясатты терең карап чыгышы керектигин, кенедей өлкөбүздө бир тобу либералдар, теңирчилер, улутчулдар, бир тобу мусулмандар, алар даватчылар, вахабилер, хизбуттар жана башкаларга бөлүнүп алышканын, мындан тышкары хирстиандар, баптисттер, дагы бир тобунун эмне экендиктерин түшүнүп болбостугун, андыктан диний саясатты башкача жүргүзө баштабасак, коомчулукту көзөмөлдөн чыгарып жиберерибизди айтып коңгуроо кагышты.

“Алиби” гезити Ош облусу боюнча өз кабарчысы Кайрат Жапаровдун “Трактордон комбайн жасаган Абдрахман” деген макаласында Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылынын тургуну Абдрахман Акимов болгону 27 жаштагы жигит экенин, таланты 2-класс окуп жүргөндө эле ачылып, үйдү жылытчу прибор ойлоп таап, ошол кезделе элдин оозун ачырганын, эми эр жетип, трактордон комбайн жасап алып 35-40 гектарга чейинки шалы талаасын оруп жүргөнүн сүрөттөрү менен баяндап берди.
XS
SM
MD
LG