Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

Гезиттер: туура сүйлөйлү


“Көк асаба” гезити Кеңеш Бакир уулунун кыргыздарга керектүү кеп-кеңешин басты.

“Планета” гезити “Турсунбек Акун Азиз Батукаевдин бошотулушу үчүн 100 миң доллар алганбы?” деген теманын алдында Батукаевдин эжеси менен карындашынын “МК Азия” гезитине курган маегинен үзүндүнү жарыялады.

Эжеси Яха Батукаева Азиз Батукаевдин жаш чечен кызына үйлөндү деген маалымат жалган экендигин, муну кандай максатта ойдон чыгарып айтып жүрүшкөнүнө түшүнбөгөндүгүн, иниси жарым ай сайын Грозныйдагы ооруканага барып дарыланып, анысы оор болуп, өлүм менен өмүрдүн ортосунда күн кечирип жатканын, демек Батукаев деген Орусиядагы мигранттардан акча өндүрөт деген кеп да карандай калп экенин, бул жалааны Ички иштер министрлигинин Москвага келген оперативдик кызматкерлери да тастыктай албаганын айтты.

Карындашы Ява Хамидова Азиз Батукаевдин боштолушуна акча жумшалганын ырастап, жолдошу Адам Хамидов 2012-жылдын мартында Акундун өзүнө 100 миң доллар бергенин, Турсунбек тил кат жазып бергенин, кийин ал акчага Акундун үй сала баштаганы, бирок Азизди бошотуу үчүн эч кандай чаралар көрүлбөгөнү маалым болгонун айтты:

Өткөн жылдын жайында Турсунбек Акун Бакуда болуп, андан Грозныйга учуп келди. Бул жактан өзүнүн кызматынан пайдаланып, расмий өкүлдөр менен жолугушту. Анан Азиздин бошотулушуна кызматташтык көрсөтүү үчүн дагы 400 миң доллар сурады. Биз аны жакшы тосуп алдык, бирок акча берген жокпуз.

“Планета” гезити муну менен бирге эле “Азиз Батукаевдин бошотулушу менен Камчы Көлбаевге жеңил жаза берилишине кандай баа бересиз?” деп саясатчыларга суроо салды.

Мурдагы депутат Бегалы Наргозуев:- Бийлик коррупциялашып, криминалдашып кетти,- деп,

Депутат Равшан Жээнбеков:- Криминал менен күрөш токтоп, аларды пайдалануу башталды. Мунун арты жакшы болбой турганын мурдагы эки бийликтин кетиши далилдеген эле,-деп,

Депутат Туратбек Мадылбеков:- Жаза аткаруу кызматы да, сот системасы да элдин үмүтүн актаган жок,-деп,

Депутат Ташболот Балтабаев:- Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши бийликте отурган адамдардын уюшкан акциясы. Тиешелүү жетекчилерге тийиштүү чараларды көрүү боюнча парламенттин токтому бар. Бирок өкмөт ушул күнгө чейин ал токтомду аткарган жок. Бул маселе парламентте кайра баштан каралышы керек,-деп,

Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча башкы башкармалыктын жетекчиси Рафик Мамбеталиев:- Соттун чечимине комментарий бере албайм. Биз кармап атсак, тиги жактан коё берип атышат. Биз эми эмне кылалы?-деп жооп берди.

“Көк асаба” гезити Мурат Мусабаевдин “Саясатчыларга бүткүл элдик талап коюу мезгили жетти!” деген аталыштагы олуттуу ойлонууга чакырган макаласын тартуу кылды.

Гезит “Генетикалык модификацияланган организмдер жана азык-түлүктөр, алардын Кыргызстандагы көйгөйлөрү” деген баяндаманы таблицасы менен тартуулады.

“Көк асаба” гезити Кеңеш Бакир уулунун кыргыз тилин туура сүйлөө боюнча керектүү кеп-кеңешин баскан. “Айыл өкмөтү” деген жакшынакай сөз турса билермандарыбыз аны “Айыл округу” кылып тынганын, “живой голос” дегенди “жандуу үн” деп теңирден тескери которуп жүргөнүбүздү, кыргызда “жандуу, жансыз үн” деген болбостугун, минтип да айтылбастыгын, анын ордуна “өз үнү менен ырдады” деп айтса, жазса болорун, кыргыз “жандуу дарт” деп жин оорусу бар кишилерди айтарын эске салды.

Кеңеш Бакир уулу “встречное заявление” дегенди да “тосмо арыз” деп алышканын, аны “жарашуу арызы” деп которуп алса болорун, “прямой кишканы” “тик ичеги” деп тантып келатканыбызды, кыргыз аны илгертеден бери эле “көтөн чучук” деп тап келгенин, бул аз келгенсип Кыргыз радиосунан бирөө “70 жаш, тоголок жашыңыз менен!” деп куттуктаганын, мунусу орустардын “круглая дата” дегенин кыргызчалатканы болгонун, бирок кыргыз “тоголок жаш” деп эч качан айтпаганын, “личность” дегенди “өздүгү” дебей, “ким экендиги” десе болмогун мисалга тартты.
XS
SM
MD
LG