Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:29

Жапаров Минскиде Бакиевге жолуктубу?


Шейшемби, 29-октябрда жарыкка чыккан кыргыз гезиттерине баяндама.

“Фабула” гезити Башкы прокуратура Курманбек Осмоновго, Болот Абилдаевге, Темирбек Акматалиевге кылмыш ишин козгоду” деген биринчи беттеги баштема менен бүгүнкү санын ачты.

Гезит Башкы прокуратура Акаев доорунда финансы министри болуп турган Болот Абилдаев менен экология жана өзгөчө кырдаалдар министри болуп турган Темирбек Акматалиевди 2003-жылы “Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоодо коррупцияга катышкан деген берене боюнча камакка алып, бирок экөө тең ошол эле күнү Октябрь райсоту тарабынан тил кат менен бошотулганын, ошентип бири кармаса, бири бошоткон күч органдарынын адатка айланган кезектеги шоусу бүткөнүн кабарлады.

Аталган гезит андан ары “Чет өлкөдөн инимди дарылатып келем” деген шылтоо менен сыртка чыгуу үчүн уруксат алып, анан Ысык-Көлдөгү чуу эмне менен бүтөр экен деп Алматыда эки күн күтүп, чуунун арты жакшы болбой калганда Москва аркылуу Минскиге дыр койгон Садыр Жапаров эми ошол кеткен бойдон Кыргызстанга келбей калды окшойт. Садыр Жапаров Кыргызстанга келсе эле күч органдары темир торго тыгышы мүмкүн “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп” коюп Бакиевдер менен план түзүп атса керек, эл арасында Садыр Жапаров Жаныш Бакиев менен жолугуптур деген сөз күчөөдө", - деп жазды.

“Фабула” гезити президент Алмазбек Атамбаев 26-октябрда Аламүдүн суусу аркылуу өткөн көпүрөнүн ачылышында: “Атамбаевдин уулу Түркиядан келип, бирөөнү сабап салыптыр” деген маалыматтар гезиттерге чыгып жатат. Менин уулум кимдир-бирөөнү сабамак тургай, Бишкекке келе элек. Ал Түркиядагы окуусун улантып жатат. Бир жылдан кийин келип, армияга кызмат өтөөгө барат”, - деп айтканын да жазды.

“Алиби” гезити Дайырбек Меймановдун “Тешик тепши. Американы деле мигранттар курган” деген аталыш менен өзү мигрант болуп барып, өз тушоосун өзү кесип, ийгиликке жетишип, бул күндөрү эл аралык долбоорлор менен иштеп, Москвада жашап “Мигранттарды коргоо борборун” түзүп, аны жетектеп келаткан мыкты кыздарыбыздын бири Чолпон Осмонова менен маегин жарыялады.

Чолпон айым көпчүлүк мигрант десе эле баштык-үштүгүн көтөрүнүп, чет өлкөдө жер шыпырып жүргөн кара жумушчуну элестетерин, керек болсо дүйнө жүзү мигранттардан турарын, дүйнөнүн чоң-чоң шаарларын, а тургай Американы да мигранттар курганын, ал гана эмес мигранттар башкарган мамлекеттер барын, маселен Обама деле мигрант болгонун, ошондуктан мигрант десе эле башты жерге салып, миграция маселесин кыйын кыстоо, азап-тозок катары карай бербеш керек экендигин кеп кылды. Аталган борбор азыр Кыргызстандын эле эмес, Өзбекстандын, Тажикстандын, Молдова менен Украинанын жана башка мамлекеттердин жарандарына да жардам берип келатканын белгилөө менен чет жерде кыйналып калбаш үчүн кыргыз мигранттары биринчиден тил үйрөнсө жакшы болорун, анан кай жерде болбосун өздөрүн кыргыздын ата-салтына ылайык адептүү, абийирдүү алып жүрүүлөрү керектигин айтып, кеңеш берген.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Орозалы Карасартовдун “Токой-элдин байлыгы, бирок анын жыргалын эл эмес, мителер көрөт” деген макаласын басты. Макалада Кыргыз өкмөтүнө караштуу Токой чарба агенттигинин деректири Сабыржан Атажановдун бүгүнкү иштерин карап туруп "атайылап эле жасап жаткан кыянаттык ишиби?",- деген ой келерин, азыркы бийликти дал ушул Атажанов сыяктуулар бузуп, жер-жерлерге мителерин коюп алып, алар болсо хамелеон болуп кубулуп бийликке жамынып алып, эл байлыгын талкалап, элдин кыжырын кайнатып жатканын кенен жазып чыкты.

Ушул эле санга Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин деректири Накен Касиевдин “Сынактын жеңүүчүсүнө татыктуулар сунушталды” деген макаласы тартууланды. “Эң мыкты айыл өкмөтү” сынагына 1-орун үчүн 3 млн. сом, 2-орун үчүн 2 млн. сом, 3-орун үчүн 1 млн. сом байге бекитилгенин, азыр мыкты айыл өкмөттөрү жер-жерлерден сунушталып жатканын баяндады.

Отун-энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиев “Көмүр коррупционерлери” деген ат менен интервью берип, бийликке жамынып алып жалаң көмүр “жеп” келаткан кыргыздын жигиттерин, өкмөт башындагылар канча жылдан бери жалаң карышкырларга кой кайтартып, колтугунда котур ташы барлар менен коюн-колтук алышып келатканын ачыкка чыгарды. Андай амалкөйлөрдүн катарын Мурат Мурзаев, Кушбак Тезекбаев, Тыныбек Козубаев дегендер толуктап турарын айтты.

XS
SM
MD
LG