Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:51

Кыйын күндө кайда эле?


“Фабула” гезити "Бакиевчилер “кутуруп” турган кезинде унчукпай, кара башын калкалап АКШга кире качкандар кайрадан ызы-чуу салгысы келип атат" деп жазып чыкты.

“Фабула” гезити кечээ эле коңулга башын катып, бакиевчилер “кутуруп”, элдин башына оор күн түшүп турганда кара баштарын калкалап, Америкага куйрук түйүп кетишкен Өмүрбек Абдырахманов, Кубатбек Байболов, Равшан Жээнбеков азыркы бийликтин айкөлдүгүн мажүрөөлүк катары түшүндүрүп, тынч жаткан элди ызы-чуу түшүрүп митингге үндөп жиберип атышканын, булардын катарына жумуштан шыпырылган инисинин күйүтү үчүн депутат Эркин Алымбеков кошулганын, "сыягы артында калбырлары бар экенин билбейт окшобойбу” деп жазды.

Политолог Марат Казакпаевдин “Кумтөр” депутаттардын жеке кызыкчылыктарына курал болуп калды” деген маеги басылды. Айбек Шамшыкеевдин “Маданияттын мафиялары” аттуу макаласынын уландысы жарык көрдү. Вице-премьер-министр Токон Мамытовдун Ысык-Көлдөгү ызы-чуу, чек ара маселесин кеп кылган интервьюсу жарыяланды.

“Де-факто” гезити экономика министри Темир Сариевдин “Мен Кумтөр боюнча 2003-жылдагы позицияда турам” деген аталыштагы маеги жана “Коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы: президент эрктүүлүгүн көрсөттү!”, “Равшан Жээнбеков провакация баштадыбы?” деген макалалар тартууланды. Анда: “Сарууда кан төгүлүп кетиши мүмкүндүгүн” урматтуу депутат Равшан Жээнбеков кайдан билет? Же ал айрым адамдарды митингге чыгарып, атайылап чагым салып, ок чыгартуу планын түзүп жүрбөсүн? Анан “Мына, бийлик элге ок атты” кылып, аны кайра бийликке оодара салып, өзү суудан кургак чыккысы келип жатабы?” деп суроо койду.

“Жаңы агым” гезити келаткан дүйшөмбүдө президент Алмазбек Атамбаев кезектеги коргоо кеңешинин жыйынын өткөрөрүн, ошондо жегенин куса турган чиновниктердин аттары аталып калышы мүмкүндүгүн кабарлады. Аталган басылма ошондой эле “Депутат Равшан Жээнбековдун ою боюнча “Манастагы” АКШ базасы чыгарылбашы керек, демек депутат океандын ары жагынан келген буйрукту аткарып жатат десек болобу?, - деп суроо салды.

Аталган гезитке Бишкек милициясынын башчысы, генерал Мелис Турганбаев “Бизде уюшкан кылмыш тобунун мүчөлөрү саясатка жуурулушуп кетип жатпайбы” деп маек курду.

“Алиби” гезити журналист Канышай Мамыркулованын “Саясый пендечилик” деген макаласы менен жаңы санын ачып, анда башкы прокурордун депутат Равшан Жээнбековду моралдык жактан күнөөлөп жатышынын өзү саясат экенин, адамды фактысы жок күнөөлөгөн адамгерчиликке жатпай тургандыгын, “саруулуктарды митингге үндөгөн” деген сөздүн өзү ыңгайсыздыкты жаратканын жазды.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Болотбек Таштаналиевдин “Ыйлаган баланы соороткон же үч уктаса түштөн кетпеген тышкы карыз” деген макаласына окурмандардын көңүлүн бурду. Кыргызстандын экономикасында туруктуулук барын чет элдик финансы эксперттери айтып келатканын, демек ушул күндө 2 млрд. 940 млн. АКШ доллары өлчөмүндө тышкы карызы болгон менен Кыргызстан айрым бир саясатчылардын кесир сүйлөп: “Кыргызстандын келечеги жок, экономикабыз кургуйга кулап баратат” дегендей, кыркынчы жипке муунуп өлө бере тургандай абалда эместигибизди белгиледи. Автор андан ары эң ири держава деген Американын эле өзүн алсак, бул күндө 17 триллион АКШ доллары өлчөмүндө тышкы карызы барын, дүйнөдө ушинтип бир өлкө экинчи өлкөгө карыз берип, карыз алып жашап турарын, мындан обу жок трагедия жаратыштын зарылдыгы жоктугун кеп кылды.

Журналист Бекбай Алыкуловдун “Бакендин акыркы монологу” деген ат менен кыргыз киносу менен театрынын Чолпон жылдыздарынын бири Бакен Кыдыкеева тууралуу баяны басылып чыкты.

Кыргыз эл акыны Омор Султановдун “Поэзияга келаткан жолдо” баяны менен Молтой тегин Тумандын “Таш бараң” аттуу даректүү повестин жарыялоо улантылды.

Кемел Бакашовдун залкар комузчу Ыбырай Тумановду эскерүү макаласы да “Кыргыз туусунун” ушул санында.
XS
SM
MD
LG