Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:10

Соттор “соо” болсо...


Соттордун “соо” эмес иштери жөнүндө “Кыргыз туусу” гезитинде президент Алмазбек Атамбаев, “Алиби” гезитинде депутат Ө. Абдрахманов сөз кылды.

Бүгүн жарык көргөн “Алиби” гезити Адилет Айтикеевдин “Баш прокурордун балтасы, баталгада канчасы” деген макаласы менен ачып, “2003-жылдагы Кумтөр боюнча келишимге кол койгондор катары кылмыш иши козголгон Курманбек Осмонов, Болот Абилдаев жана Анатолий Макаров, Равшан Жээнбеков, Феликс Кулов жөнүндө сөз кылып келип: “Башкы прокуратура эмне үчүн мародерчулук боюнча кылмыш иши козголгон депутаттардын ишин создуктургандан создуктуруп келатат?”,- деп суроо койду.

Райхан Төлөгөнов, Турат Мадылбеков, Өмүрбек Текебаев тууралуу сөз кылган автор “Абдулла Юсупов баштаган күбөлөрдүн айткандары жокко чыгарылып, экс-депутат, экс-министр Равшан Сабировдун жардамчысы, Текебаевдин өкүл баласы делип жүргөн Тахир деген жигиттин айтканы далил болуп калабы? Эмне үчүн пара алган Тахир боштондукка чыгып, ал жалаа жапкан Равшан Сабиров камакта жатат?” деп суроо койду.

Гезиттин бул санына депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “Камайбыз дегенде качпадымбы” деген көлөмдүү суроо-жообу басылды. Токтогулдуктарга берген убадасынын эмне себептен аткарылбай жаткандыгы, Текебаев менен карама-каршылыгы, Батыштын саясатын Кыргызстанга апкелем деп аткан аракети, Кумтөр маселеси, президент тууралуу суроолорго оюн билдирген депутат акырында: Коррупция жайнап жатат.

Соттор жогорку жактын телефон чалуусу менен акчага гана иштеп калды. Мына, Жогорку Сот кечээ эле бир журналистти мыкаачылык менен өлтүрүп, 14 жылга кесилген адамды бошотуп койду. Эмне десе “жабыр тарткандар менен туугандарынын арызы боюнча чыгарылды” дептир. Арыз жазса эле бошотуп жиберген, ал эмне деген сот?” деп айтты.

“Фабула” гезити Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы, генерал Зарылбек Рысалиевдин “Текебаевдин тишин тилине күбө кылам” деген интервьюсун басты. Рысалиев өз сөзүндө: “Текебаев: “биз Бакиевдердин мүлкүн коргоп, мамлекетке өткөрүп беребиз” деп айтып жатат. Мамлекетке Бакиевдердин кайсы мүлкүн өткөрүп берди? Бир сом өткөрдүбү? Мен айтып жаткан буюмдар кайда жоголду? Ошол баасы миллионду чапчыган буюмдарды мамлекетке өткөргөн деген тиешелүү бир кагазы барбы? Бар болсо Текебаев: “Зарыл, сен бизди жөн эле күнөөлөп жатасың, мына биздин момундай кагаздарыбыз бар” деп, ачык айтсынчы! Ал Жаныштын 50 жылдык тоюнда Өмүрзак деген казак берген сувенирди “подделка” деп айтып жатат, мен айтып коеюн, Текебаев өзү “подделка” деп билдирди.

Алмаз Темирбек уулунун “Равшан Жээнбеков кантип “Кумтөргө” күйүп атат?” деген, Айбек Шамшыкеевдин “Маданияттын мафиялары” деген макалалары, белгилүү ырчы Токтобүбү Черикчиеванын “Сахна мен үчүн өз уятымдан да бийик” деген ат менен маеги жарыяланды.

Аталган басылма “Жалган маалымат тараткан журналисттерди кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек” деген КСДП фракциясынын депутат Галина Скрипкинанын долбоору парламенттин үч окуусунда кабыл алынганы боюнча президент Атамбаевдин, бир катар коомдук ишмерлердин жана журналисттердин ой-пикирлери басылып чыкты.

“Фабула” гезитинде айтылуу куудул Келдибектин күлкүсү да бар.

“Кыргыз туусу” гезити жаңы санын президент Алмазбек Атамбаевдин “Кыргызстанда коррупционерлер эртеби-кечпи өз жазасын аларын түшүнүп калды” деген аталыш менен Коргоо кеңешинин кечээ болуп өткөн жыйынында сүйлөгөн сөзүн окурмандарга тартуулады. Президент 2008-жылы өлкөдө 18,7 млрд. сом бажы төлөмдөр жыйналса, Бажы кызматынын жаңы жетекчилиги сөз эмес, иш жүзүндө коррупцияга каршы күрөшүп, ушул жылы 36 млрд. сом бажы төлөмүн жыйнаганы жатканын, бул сумма жылыга 7 млрд. сомго жакын акча түшүрүп келген, азыр ызы-чуу жаратып жаткан Кумтөр берген акчадан үч эсеге көп экендигин айтты.

Президент өлкөдөгү саясий партиялар капчыгы калың адамдардан, чет өлкөлүк долбоорлордон көз каранды болбой, шайлоолорго катышканда чыгымдарын ачык-айкын көрсөтүүлөрү керектигин белгиледи.

“Кыргыз туусу” гезити Кыргыз эл жазуучусу Бексултан Жакиев 2014-жылды манасчы “Саякбай Каралаевдин жылы деп атоону жана ЮНЕСКОнун тизмесине киргизүү демилгесин көтөргөнүн, Кыргыз Республикасынын Конфессиялар жана этностор аралык маселелер боюнча эксперттик кеңеши 2014-2020-жылдарда Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча долбоорду талкууга алган жыйын кылганын, бир кызыгы кыргыз тилине байланыштуу бул маселе орус тилинде өткөнүн, экс-президент Роза Отунбаева Кытайдын эл аралык Академиясынын чакыруусу менен Бээжин жана Кунмин шаарларында болуп, кытайлыктарга Кыргызстандын учурдагы абалы жөнүндө лекция окуп келгенин кабарлады.
XS
SM
MD
LG