Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:40
“Планета” гезити “Центерраны” жергиликтүү сотко берип эле утуп алса, болорун жазып чыкты.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фонду жана Гуманитардык кызматташуунун мамлекеттик фонду тарабынан уюштурулган иш-чара “Айтматовду окуйбуз” деп аталып, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына арналган.

Бул саамалык Кыргызстандын бардык курактагы окуучуларын Айтамтовдун китептерин окууга, анын жазгандары менен айткандарынын тереңдигине көңүл бурууга багытталарын, ошондой эле мектептерде, китепканалар менен мекеме-ишканаларда улуу жазуучунун чыгармалары боюнча сахналаштырылган оюндар коюлуп, көркөм окуу боюнча сынактын лауреаттарынын чыгармаларынан үзүндүлөр окуларын бүгүн жарык көргөн “Барометр” гезити жазып чыкты.

Ушул эле гезит “Дин, укук жана саясат” аналитикалык борборунун директору Кадыр Маликовдун “Геосаясий күрөш аймакты туруксуздукка алып келиши мүмкүн” деп аталган маегин басты. Кадыр Маликов криминалдык топтор барып-барып милийсалар менен коюн-колтук алышып кетсе, акырындап мечитке кирип, исламды бетке кармап ишин жүргүзө баштаганын, түрмөдөн чыкканда мурун жаман адаттарынан биротоло кол үзүш үчүн мечитке барса, азыр тигил же бул криминалдык авторитет динди карманып уурулук кылган, кылмыш дүйнөсүнүн заң-закүнү менен жашап, уурдап-зордуктоо менен байлык топтоп жаткан фактылар бар экенин айтты. Буга исламдын жаштар арасында, ошону менен бирге эле криминалдык чөйрөдө таралып жаткан вахабиттик топтор экенин, себеби радикалдык вахабизмдин криминалдык идеологияга окшош жактары барын, максаты көйгөй маселелерди жаратуу, туруксуздукка, чыр-чатакка алып келүү, Борбор Азияны, анын ичинен Кыргызстандын аймагын согуштук абалга алып келүү болуп саналарын айтты.

Кадыр Маликов мунун менен бирге эле 24-ноябрда 21 өлкө катышкан, анын ичинде Ооганстан, Пакистан, Сирия, Ливия, Иран, Египет жана Орусиядан келген ислам лидерлеринин катышуусу менен эл аралык конференция өткөрүүнү пландап жаткандыктарын кошумчалады.

“Планета” гезити “Фабула” гезитинин кожоюну буга чейин “Учкун” акционердик коомунун башкы директору Рыскелди Момбеков болсо, эми белгилүү экстрасенс Мелис Карыбеков болуп калганын;

Өмүрбек Бабанов көптөн бери Бишкек мэрлигине жетүүгө аракет кылып келатканын, буга чейин Иса Өмүркуловдун ишиндеги кемчиликтерди чубап, массалык маалымат каражаттары аркылуу тымызын “согуп” келсе, жакында Иса тууралуу ар кандай курч сын макалалар тынымсыз жарыяланарын айтып атышканын;

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Кумтөр” боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Канададан жол арытып келген “Центерранын” өкүлдөрү адегенде эле сөзүн “Биз силерди сотко беребиз!” деген демитүүдөн баштаганын, “50-50 проценттик үлүштөн башкага көнбөйбүз, 4 процентти 100 миллионго сатып алгыла!” дегенин, анан өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев сөз алып: “Силер Кыргызстанды сотко беребиз деп коркуткандын ордуна Кыргызстандын кызыкчылыгына шайкеш келе турган сунуштарды айтып, “Кумтөр” долбоорун сактап калууга аракет кылбайсыңарбы? Силердин сотко беришиңерден коркпойбуз. Биз дагы сотко даярбыз. Эл аралык сотто экологиялык, коррупциялык маселелер боюнча биздин да айтчу сөзүбүз бар. “Центеррага” элдин пикири өтө начар. Коомчулук “Центерраны” алдамчы, элдин ырыскысын жеп кеткен, эл аралык нормаларга туура келе тургандай иш алып барбаган компания экенин жакшы билет. Парламенттин маанайын болсо көрдүңөр. Ал 67 процент үлүштү кайтарып берүү талабын коюп жатат. Демек өкмөт мына ушул парламенттин койгон тапшырмасын аткарууга милдеттүү” деп айтканын, мындан улам 23-декабрга чейин дагы сүйлөшүүлөрдү улантып, эгер Кыргызстандын кызыкчылыгына төп келбеген жыйынтык чыга турган болсо, анда сотко камданабыз” деп кошумчалаганын жазып чыкты.

“Планета” гезити муну менен бирге эле Кыргызстан Кумтөрдү экологияга келтирген зыяны үчүн Жети-Өгүз райсотуна берип эле утуп алса болорун жазды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG