Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Өкмөттүн укуругу узун


Бүгүн жарык көргөн гезиттердин баары депутат Акматбек Келдибековдун камакка алынышын №1 жаңылык кылып жазып чыкты.

Келдибеков Акматбекке Соцфонддун төрагасы болуп турганда 21 млн. сомду негизсиз коротуп, 2003-2004-жылдары мамлекеттик казынадагы салыктан чогулган акчанын 10 млн. сомун кыянаттык менен пайдаланган деп айып коюлганы боюнча оюн сурап “ПолитКлиника” гезити айрым кишилерге суроо салды.

Депутат Туратбек Мадылбеков: Эгер коррупция боюнча иш козголсо, анда Жогорку Кеңештин макулдугунун кереги жок,-деп;

Саясый эксперт Бакыт Бакетаев: Атамбаев коррупцияга каршы күрөштү баштады. Канча жыл өтсө да, кимге болбосун кылмыш иши козголуп жатат. Эми күч органдары таянган документтер далилдүүбү же андай эмеспи, кеп ошондо,-деп;

“Республика” фракциясынын башчысы Назарали Арапбаев:- Негизи эле депутаттын статусуна ылайык, өтө оор кылмыш кылганда гана камаш керек. Азырынча эч нерсе айталбайм,-деп;

Саясатчы Азимбек Бекназаров:- Коррупция боюнча иш козголду. Башка эч кандай маалымат берген жок,-деп;

Саясый эксперт Марат Казакпаев:- Мурунку кызматтагы иштери боюнча камалыптыр. Коррупция боюнча күнөөлүү экенине мен ишенем. Себеби Салык кызматын башкарып турганда, спикер болуп турганда күч органдары текшерген,-деп;

“Ата Мекен” партиясынын башчысы Өмүрбек Текебаев:- Менде толук маалымат жок. Бирок кимдир бирөө качандыр бир мезгилде кылмыш кылса, мыйзам алдында жооп бериши керек. Ал эч кандай жол менен мындан качып кутулбашы зарыл,-деп жооп берди.

“Асман press” гезити “Ыплас адамдардын буйрутмасын аткаргандыгы жана коомчулукка жалган маалыматтарды тараткандыгы үчүн Аскар Салымбеков “Майдан Kg” гезитин сотко берди” деп кабарлады.

Депутат Ташполот Балтабаев ушул гезитке берген маегинде коррупцияга каршы аракеттер жүрүп жатканын, эгер Атамбаев коррупционерлерди тандап камабай, өз айланасындагы коррупционерлерди камай баштаса бул күрөштө тарыхта калуу шансы барын айтуу менен “Карышкыр” деген каймана аты бар Мурсалим Өмүрзаков аттуу “Мыйзамдуу ууру” даражасын алып келген кыргыз жигити түздөн-түз Батукаевдин оң колу экендигин, анын өлкөгө келиши Батукаевдин системасынын уланышы дегендик болорун белгиледи.

“Учур” гезити “Чындык” партиясынын төрагасы Кубаныч Кадыровдун президентти сынга алган “Атамбаев “заложник” болуп калды” деген аталыштагы интервьюсун жарыялады.

“Мегакомду” уурдатпайлы!” деген ат менен абакта жаткан Алмаз Абековдун каты жарыяланды. Абеков катында: Мен эмнеге каршымын? Жалган айып такканга каршымын. Мыйзам чегинен чыкканга каршымын. Саясый ураанга жамынып, тымызын эл байлыгын уурдаганга каршымын. Калың элге ачык айтам: 1 жылга жакын иштеген убагымда мен “Мегакомго” же Кыргызстанга зыян боло турган эч нерсе жасаган жокмун. Аман-эсен чыгып, Кудайым күч-кубат берсе, Кыргызстанда эң алдыңкы билим берүү системасын курам” деп жазды.

“Айат” гезити "Теңир-Тоо ынтымагы” коомунун жооптуу катчысы Ишенбек Осмоновдун жүрөк оорулуу Жаркынайга жардамын берген депутат Карганбек Самаковго ыраазылык билдирген катын тартуулады.

Ушунун эле алдына журналист Балбак Түлөбаевдин энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге салам каты жарык көрдү. Катта министр жетектеген энергетика тармагында коррупциялык иштер бүтпөй койгонун, Бакиевдерге шылтайлы десек, алардын качканына үч жол болгонун эске салды.

Орустарга 1 долларга сатылып жаткан “Кыргызгаз” ишканасына карата журналист Бурул Мусабекованын макаласы жарык көрдү. Айрым жарандар бул боюнча ойлорун билдирди.

Тимур Саралаев:- “Кыргызгаз” ишканасы эмне себептен пайда алып келчү ишкана болбой жатканына таң калам. Жабдуулары эски же дагы башка себептерди айтышат. Ошол эле убакта кызматкерлери 40-50 миң сомдон айлык алышат,-деп;

Алишер Мамасалиев:- Өкмөт сунуштаган бул макулдашуу улуттук кызыкчылыкка туура келбейт,-деп;

Шаирбек Маматокторов:- Булар бир күндүк саясатчылар! Кашыктап чогулткан көз карандысыздыкты чөмүчтөп саткан сатылма, жегич чыккынчылар!-деп;

Болот Абдыжапаров:- Кыргыздар же өзү жебей, же башкага жедирбей чөптүн үстүндө жаткан итке окшобошу керек. "Газпромго" берип тармакты сактап калбаса карызга кокосунан баткан “Кыргызгазды” сактап калуу мүмкүн эмес,-деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG