Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:34

Бузук агымдар аялдарды азгырууда


Үстүбүздөгү жылы капиталдык курулушка 2 жарым млрд. сом каралганын, бул цифра өткөн жылга салыштырганда 100 млн. сомго көп экендигин өкмөттүн жаңы жылдан кийинки биринчи жыйынында өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев айтып чыкты. Анын айтымында, быйыл социалдык объекттерге, мектептерди курууга, бүтпөй калган курулуштарга айрыкча көңүл бурулат.

Социалдык объекттерден тышкары Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы, Нарын облусунун Ат-Башы районундагы чоң көпүрөлөр бүткөрүлөт. Чүй суусунун жээги бекемделип, “Ата-Бейит” менен Бишкектин ортосундагы жана Түп-Кеген автожолу оңдолуп, түзөлөт. Ошону менен бирге эле 5 млн. долларга жүрөк-кан тамыр ооруларын айыктыруу үчүн жогорку сапаттагы медициналык жабдуулар сатылып алынат.

“Бишкек Kg” маалымат агенттигине ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиев “Диний багыттагы экстремизм - Кыргызстандын коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтире турган жаңы илдет” деген аталыш менен интервью берди.

"Диний экстремизм деген эмне? Аны кандай түшүнсө болот?", - деген суроого Жусубалиев:

- Коомдогу салтка айланып келген диний системаны жокко чыгаруу, анын баалуулуктарын тануу, тааныбоо. Мунун дин менен эч кандай жакындыгы жок. Адамдардын айрым бир тобу өздөрүнүн жеке максаттарын ишке ашыруу үчүн динди идеологиянын куралына айланткысы келүүдө,-деп жооп берди.

Бүгүнкү күндө диний экстремизмдин кыртышында жасалган кылмыштардын арбын бөлүгү Жалал-Абад менен Ош облустарында жана Бишкекте катталган. Ушу тапта Ички иштер министрлигинде экстремисттик уюмдардын эң активдүү 1700 мүчөсү каттоодо турат. Булардын көбү диний-экстремисттик “Хизб-ут Тахрир" уюмунун мүчөлөрү болуп саналат.

Кыргызстанда экстремисттик жана террорчул уюмдардын катары өсүп баратат. Жусубалиевдин айтымында, экстремисттик уюмдардын катарына аялдардын кириши да активдешүүдө. Маселен Кадамжай районуна караштуу Үч-Коргон айылында милиция кызматкерлери тарабынан бир жолку операция жүргүзүүдө эле жергиликтүү экстремисттик-диний топко кирген алты аял кармалган. Алтоонун тең балдары болгон.

Экстремизм көбүнесе 30 жашка чейинки жаш келиндерди катарына тартып келатат. Анткени ушул курактагы жаштар тигилердин алдоосуна оңой кирип кетери байкалууда. Баягы эле акча-тыйындын жашоо-турмушка жетпегендигинен, мамлекет тарабынан аларга жетиштүү көңүл бурулбагандыгынын айынан ушундай болууда. Айрыкча багар-көрөрү, жөлөп- таяры жок жалгыз бой энелер баласын бага албай айласы кеткендиктен “кечтим байдын уулунан” деп мындай бузук уюмдарга оңой алданууда.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Бактыбек Жусубалиевдин айтымында, диний билимдин жетишсиздиги, мечиттердеги имамдардын билим деңгээлинин начардыгы олуттуу проблемага айланууда.

Такталган эсеп боюнча республиканын аймагында 2 миңден ашуун өспүрүм ислам окуу жайларында окуйт. Көптөгөн ата-энелер баласын дин жолунда окутканы менен алар кандай багытта билим алып жатканына кызыкпайт. Министрдин орун басарынын айтуусу боюнча акыркы жылдары экстремисттик багытты колдогондордун катары түрмөлөрдө да өсүүдө. Бирок түрмөлөрдө исламдын ага каршы турчу альтернативдүү түрү жок.

Кыргызстанда исламдын саясатташып баратканын көрүүгө болот. Айрым саясий топтордун лидерлеринин радикалдашкан исламчылардын колдоосуна жана акчасына таянган учурлары белгилүү болгон. Демек Кыргызстандын коопсуздугу үчүн олуттуу коркунуч алып келе турган бул илдетке "мамлекеттик органдар комплекстүү күрөш жүргүзүшү керектигин" айтты Бактыбек Жусубалиев.
XS
SM
MD
LG