Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:49

Кулчулуктан кутулуш керек


бейшемби, 6-мартта жарык көргөн кыргыз гезиттерине баяндама.

Бүгүн жарык көргөн “Асман плюс” гезити жаңы санын “Спикер Асылбек Жээнбеков Ак үйдүн башкы дааватчысы дейби?” деген чакан кабары менен ачып, "Ак үйдө намаз окугандардын саны 10-15тин тегерегинде болсо, эми 100дөн ашып, намаз окугусу келгендер жыгыларга жай таппай коридорго олтура калып намаз окуп, буга кейиген Жээнбеков башка иши жок калгансып кантип чоң намазкана жасасам деп ойлонуп жүрөт дешет. Президент "сакалыңарды тегиздеп, дамбал кийгениңерди токтоткула” десе парламент башчысынын кылганы бул, минтип отурса акыры Ак үйдө азан чакыртып деле коёт окшобойбу, ушинтип жүрүп кыргызды кургуйга кулатып, мамлекетибизди уратып бүтүрбөсөк болду” деп жазды.

“Баягы Асаба” гезити айтылуу төкмө акын Ашыралы Айталиевдин байбичеси Наиля Айталиеванын “Абышкам китебин көрбөй кетпедиби...” деген маегине орун берди. Бул санын жалаң аялдардын жаз майрамына арнаган гезит кыргыз кыз-келиндери жөнүндө көптөгөн макала, маектерди, сүрөттөрдү жарыялады. Ырчы Кенже Көбөкова маегин “Кары-жаш дебей “Сармерден көрүүдө” деп атаса, модель Айпери Мурзакулова маегин “Сулуу кыздарды көрө албагандар көп болот” деп атады.

“Искра плюс” гезити бул ирет “Илмияновдун салык кызматындагы “кашасы”, “Жантөрө Сатыбалдиев табакташтарын бийликке тарта баштады”, “Сүйүн Өмүрзаков кайсы согушка даярданууда?”, "Галдирбай өкмөт токтоосуз отставкага кетсин”, “Баарына Атамбаев күнөөлүү” деген баштемалар менен жарыкка чыкты.

Депутат, оппозиция лидери Равшан Жээнбековдун интервьюсу мына ушул гезитке “Орустардын күчү Грузияны, Кыргызстанды чыркыратып баса калганга гана жетет” деп аталып, анда Орусия, Украина жана Кыргызстан туурасында сөз кылды.

Саясатчы Эдил Байсалов “Кулчулук аң-сезимден кутулуш керек!” деген ат менен интервью берип, Эдил да Украина тууралуу кеп кылып: “Бийликте олтурган жетекчилер Крымда болуп жаткан окуялардан кийин бардык саясатыбызды толугу менен башкача карап чыгат. Мына Акаев Ельцин, Назарбаевге жагынам деп жүрүп кыргыздын кызыкчылыгына каршы келген келишимдерге кол коюп баса берди. Биз бир эле Орусия же Америка менен эмес, дүйнөдөгү 200 мамлекет менен мамиле түзүп жашашыбыз керек. Кытай менен Орусиянын ортосуна кыпчылган Монголия деле эч кимге кулдук урбай эле ээн-эркин жашап жатат. Орусиянын империялык күч колдонгону биздин мамлекет башчыбызга гана эмес, Назарбаев баш болгон бардык президенттерге чоң сигнал болду. Кеч боло электе улуттук тагдырыбызды ойлоп иш жасашыбыз керек. Империялык-колониалдык көз караштагы шовинисттердин жүгөнүнө башыбызды салып бербешибиз керек. Бажы биримдигинин бизге бир тыйынча да кереги жок. Өздөрүнүн элин багалбай жаткан орустар келип бизди жыргатат дегенге кайсыл макоо ишенет”, - деп айтты.

Мурдагы министрлердин бири Марат Кайыповдун маеги “Баарына Атамбаев күнөөлүү” деп аталып, Атамбаев президент болгондон кийин аларга убакыт бергенин, үч жылдан бери элди көчөгө алып чыкпаганын, начар иштеп жатса дагы оңолуп кетээр деп эч нерсе кылбаганын, эми мындан ары чыдай албасын, ачык каршы чыгарын билдирүү менен чек ара маселесин, бийликке келгендер "Ата-Бейитте" берген антын бузганын, Кумтөрдү элдин кызыкчылыгына чечпегенин, өндүрүш өнүктүрүлбөгөнүн, кытайлар каптап кеткенин, армиянын абалы начардыгын айтып, бийликти безге сайды.

“Мекен инфо” гезити да аялзатына асыл сөздөрүн, акындардын ырларын арнады. Анда ушул гезит аркылуу тартууланган Мелис Маматжановдун “АПАКЕМДИН АЛМАСЫ” деген ырын бардык апаларга белек катары окуй кетели.

“Амансыңбы, айланайын кичинем,
Алаксытып койбодумбу ишиңен.
Эмне берип жиберейин?”– дегенде,
“Мээримиңиз керек” деймин ичимен.

Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугуң,
Күнүгө эстеп жүрсөң керек жоругум.
Дүйнөдөгү эң даамдуунун ичинен,
Наныңыздын даамын эңсеп оорудум.

Сагынычтан көтөрүлүп кан басым,
Суу жуткандай жуткум келди жармасын.
Апакемдин тийген үчүн колдору
Айылымдын жуубай жедим алмасын! - дейт Мелис Маматжанов.

“Айат” гезити да бул санын кыргыз кыз-келиндерин келе жаткан майрамы менен куттуктаган жылуу сөздөргө арнады.
XS
SM
MD
LG