Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:15

2-апрелде жарык көргөн гезиттер жаңы өкмөткө сунушталган талапкерлер тууралуу жазды.

Бүгүн жарык көргөн “Комсомольская правда Кыргызстан” аттуу орус тилдүү гезит парламенттик жаңы альянс өкмөт башчылыгына жалгыз талапкер Жоомарт Оторбаевди сунуш кылганын, Тайырбек Сарпашев 1-вице-премьер-министрликке, ал эми Эльвира Сариева социалдык маселелер боюнча вице-премьерликке КСДП фракциясы тарабынан көрсөтүлгөнүн, жаңы өкмөттүн структурасын көпчүлүк коалиция бүгүн карай турганын кабарлады.

Ушул эле орус тилдүү басылма ушул жылдын февралында кызматтык чогулушта уктай калам деп тил угуп, жыйналыштан айдалып, кызматтык даражасынан кол жууган Базар-Коргондун райпрокурору тууралуу сөз айтмакчы болгон “Ар-намыстын” депутаты Бөдөш Мамырованын жолун торой чалган Баш прокурор Аида Салянова уят болгон прокурор кызматта болгону бир жылга жакын гана иштегенин, ошону менен бирге эле аны прокурордук кесибинен бошотпогонун, болгону кызматынан бошотконун, анын үстүнө Эмгек Кодексинде таттуу түш көрүп аткан адамды иштен алып салыш керек деп жазылбаганын, уяты бар прокурор “жол жүрүп келип уктап калдым эле” деп өзү арыз жазып бергенин, коллегия деген биринчи күнү болорун, коллегияга келгендер Бишкекке дем алыш күнү келишерин, андыктан прокуратуранын жооптуу жыйынында уктап олтурган, айрыкча бир райондун прокуратурасын башкарып турган кызматкерлердин ведомстводо иштешине моралдык укуктары жок экендигин билдирди. Аида Салянованын темирдей бекемдигине, темирдей тартипти сактагандын үлгүсүн сөз эмес иш жүзүндө далилдеп келатканына суктанган “Комсомольская правда Кыргызстан” аттуу орус тилдүү гезит Кыргызстандын Генпрокурорун “железная леди” деп атады. Мындай ат менен убагында Улуу Британиянын премьер-министри Маргарет Тэтчер гана аталганы белгилүү.

Кыргыз тилдүү гезиттердин ичинен бүгүн “Искра плюс” жарык көрдү. Ал жаңы санын баштан-аяк президент Алмазбек Атамбаевди тепе-тепкиге алган Адилет Айтикеевдин “Атамбаевге башы айлангандар” деген макаласы менен ачты.

Андан ары Текебаевди сынга алып, Өмүрбек Текебаев көздөгөн максатына жеткенин белгилеп, “кыргыздын кен байлыктары канадалыктарга кетип жатканда чырылдаган Текебаев көрсө жасалма каршылык кылып келатканын эми билдик” деп жазды.

Жалал-Абаддан жазган Жалил Сапаровдун макаласы “Мырзакматов феномени. Ал лидерби же кылмышкерби? Журт сүйөрбү же алдамчыбы?” деген аталыш менен тартууланды. Автор “Кыргызстанда Мырзакматов эң натыйжалуу менеджер, мамлекеттин эртеңи үчүн ишенимдүү жетекчи, өз улутун сүйгөн патриот, чындыкты жалтанбай айтуучу көкжал инсан катары белгилүү болду. Бирок ушунун баарына ал өзү жетиштиби же ким бирөөлөр ага жардам бердиби? Кеп ушунда. Чын эле ушунун баарына ал өзү гана жетиштиби? Жок, андай эмес. Мырзакматов канчалык өзү аракет кылбасын анын зоболосунун көтөрүлүшүнө башкалар аз эмес мээнет жасады. Муну үчүн Мырзакматов биринчи кезекте президент Алмазбек Атамбаевге жана анын командасына ыраазы болушу керек” деп белгилеп, борбордук бийлик Мырзакматовдун дарегине жөнсүз, примитивдүү асылууларды жасай берип, андай асылуулар кайра бийликтин өз башына бумеранг болуп тийип, Мырзакматовдун Ош аймагындагы кадыр-баркын көкөлөтүп жүрүп олтурганын, ушундан улам бийлик бүгүн аны канчалык куугунтуктаса анын кадыры улам өсө берерин эске салды.

Таалайбек Асановдун макаласы “Ахмат Келдибековдун бутунун оорусу өтүшүп кетип, врачтар операция кылуудан баш тартышты” деген ат менен тартууланды.

Ушул эле “Искра плюс” гезити МАИ кызматынын башчысы Талант Исаевдин, мурдагы депутат Улукбек Ормоновдун интервьюларын жарыялады. Улукбек Ормонов парламент өзү эч нерсеге жооп бербей калганын, өкмөттөн да жоопкерчиликти сурабай калган органга айланганына кейип, “Кыргызгаз”, энергосектор жөнүндө сөз кылды.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG