Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Бишкектиктер кримтөбөлдөрдөн жардам сурашты


Кримтөбөлдөргө кайрылгандар "Ата Түрк" паркындагы мыйзамсыз курулуштарды токтотууну суранган. (Сүрөттө: Бишкектеги "Ата Түрк" паркы, 8-май, 2013.)
Кримтөбөлдөргө кайрылгандар "Ата Түрк" паркындагы мыйзамсыз курулуштарды токтотууну суранган. (Сүрөттө: Бишкектеги "Ата Түрк" паркы, 8-май, 2013.)

15-апрелде чыккан кыргыз гезиттерине баяндама.

“Фабула” гезитине кат жазгандар бийликке эмес, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнө кайрылды. Эмне үчүн? Аталган гезитке “Бишкектиктер Камчы Көлбаев менен “Карышкырдан” жардам сурашты” деген макала жарыяланды. 80ден ашуун адамдын колу коюлган кайрылуу кат президентке эмес, өкмөт башчысына эмес, кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнө багышталган.

Анда мындай деп жазылган: “Биздин сиздерге кайрылуубуздун себеби “Ата Түрк” паркынын абалы болду. Акыркы айларда биз “Ата Түрк” паркын кыркып-кыйып, мыйзмасыз курулуштарды токтотууну суранып, мыйзамдуу органдарга бир нече жолу кайрылдык. Бул паркка “мыйзамдуу уурулар”, коррупциялашкан чиновниктер өз хан сарайларын салып алышкан. Бийликтин канчалык алсыз, бечара экенин ушундан көрүңүз, жадагалса карапайым элди жөн эле карактап алган бир ууч чиновниктерге алы жетпей койду. Биз, карапайым эл, силерден эч жамандык көрө элекпиз. Бизди, тескерисинче, мамлекеттик чиновниктер кыйнап, басмырлап, муунтуп келет. Ушуга байланыштуу биз силерден өзүңөрдүн адилеттүү жолуңар аркылуу “Ата Түрк” паркындагы мыйзмасыз курулуштарды токтотууга жардам берүүңүздөрдү суранабыз” деп жазылган.

“Фабула" гезити андан ары “Ата Түрк” паркынан сатылган жердин ээлеринин тизмесин толугу менен келтирген. Тизме Апас Жумагулов, Медеткан Шеримкулов, Сооронбай Жээнбеков, Осмонакун Ибраимов өңдүү аткаминерлер менен уланып олтуруп 113 адамды камтыйт.

Андан ары гезит кабарчысы "Кат чындап эле кылмыш дүйнөсүнүн төбөлдөрүнө жазылганбы же башкабы?" деген суроо менен айрым жарандарга кайрылды.

Генерал Мелис Турганбаев: Катты текшерип көрүш керек. Оппозиция лидерлеринин колунан келди дегенден да алысмын. Бирок азыркы бийликти көрө албагандар бар. Балким ошолор жасаган чыгар.

Аликбек Жекшенкулов: Эл бийликке ишенбей баратат. Эгер бийлик чындап эле коррупция менен күрөшүп жаткан болсо ушул маселени колго алып, элдин талабын укса болмок.

Кинорежиссер Темир Бирназаров: Бул деген биздин өлкөдө мыйзам иштебей калды дегенди түшүндүрөт. Эл ишенген бийликте олтургандар өздөрү “Ата Түрк” паркын кыйып үй салып жатса анан эл кимге кайрылат эле?

Адил Турдугулов: Эл бийликке ишенбей калгандыгы үчүн Камчы Көлбаевге кайрылып жатат. Бул бийлик үчүн өтө уят иш", - деп жооп берди.

“Алиби” гезити депутат Токтогул Тумановдун “Сот реформасы токтоп калды деп айтуу туура эмес” деген интервьюсун тартуулады. Кыргыз эл артисти Талант Осмоновдун “Кыргыз балетинин келечеги кең” деген маегин жарыялап, учурдагы кыргыз балетинин абалын баяндап берди.

“Кыргыз туусу” гезити 1941-45-жылдардагы Ата Мекендик Улуу согуштун 70 жылдыгына карата президент өкмөт башчысы башында турган уюштуруу комитетин түзгөнүн, согуштун катышуучуларына жана майыптарына жыл сайын бюджеттен 7 миң сомдон компенсация, өмүр бою төлөнө турган 3 миң сомдон стипендия берилип келатканын, булардан тышкары 9-Май Жеңиш күнүнө карата Ата Мекендик Улуу согуштун катышуучуларына жана майыптарына 10 миң сомдон, тылда иштегендерге 5 миң сомдон бир ирет бериле турган акча каралганын, бүгүнкү күндө өлкө боюнча Ата Мекендик Улуу согуштун катышуучуларынан 1023 гана адам калганын кабарлады.

Журналист Мырзакат Тыналиевдин “Коррупция жана бийликпи: ким кимди?” деген макаласы жарык көрдү. Макала “Балык башынан сасыйт, аны башынан баштап тазалаган туура”, “Жел козулар” болчу эле, эми “жел цифралар” пайда болдубу?”, “Коррупция менен күрөшүүнү психологиядан баштасак кантет?” деген кошумча темалардан турат. Автор коррупцияга каршы президент Атамбаев жарыялаган күрөш өздөрү коррупциядан арыла албай жаткан күч органдарынын “аракеттери” менен азыркы учурда “кампанейщинага” айланып кетүү коркунучу алдында тургандай сезиле баштаганын белгилеп өттү.
XS
SM
MD
LG