Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:37

Бүгүн орус тилдүү “Дело №...” гезити гана жарык көрдү. “Жакшы үмүт менен барып, ойлогондон да чоң ийгилик менен кайтты”. Президент Алмазбек Атамбаевдин Казакстанга иш сапарына арналган макаласын аталган гезит ушинтип жазып чыкты. Эң башкысы эми Кыргызстанда кышы бою маал-маалы менен свет өчүрмөй деген болбойт.

“Дело №...” гезити “Сирияда туткунга түшкөн кыргызстандыктар өлүм жазасына тартылат” деген сүрөттүү баянды басты. Анда Сирия мамлекетинин Коопсуздук кызматы орусиялык журналисттерге туткунга түшкөн согушкерлер менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк түзүп бергенин, туткундагы үчөө тең "Ислам мамлекети" тобу деп жар салынып, Сирияга каршы согушуп жаткандар тарабындагы кыргызстандыктар экенин, Шухрат Бабажанов дегени гана орусча элдир-селдир билбесе, калгандары орус тилин билбестигин, бирок үчөөнүн тең чет өлкөлүк паспорту Кыргызстандыкы экенин, мындай паспортторду жасоо бир топ татаал экендигине карабастан Кыргызстанда чет элдик паспорттор массалык түрдө жасалып сатылып келаткан фактылар белгилүү экенин, эми бул жагын Кыргызстандын күч органдары териштирип алса болорун баяндады. Макалада Сирияда өлүм жазасына тыңчылык кылгандар, жашы жетелек кыздарды зордуктагандар, атайылап киши өлтүргөндөр же адамдарды өлүмгө тукургандар, маңзат менен соода кылгандар, теракт даярдагандар, экономикалык кылмыш жасагандар жана Сирия мамлекетине каршы согушуп жаткан чет өлкөлүктөр тартылары айтылат.

Буга чейин Сирияга каршы согушуп жаткан кыргызстандыктардын сегизи өлтүрүлгөнүн, булардын кайда өлгөнүн, сөөгү чачылып кайда калганын эми жакындарынын бири да эч качан биле албастыгын, Сирияга каршы согушам деп, каяктагы бир "Ислам мамлекетин" курууга жардам берем, каапырларга жихад кылам деп кетип, сөөгү сөпөт, устуканы упат болуп, сайда саны калбай эти чачылып, сөөгү көмүлбөй талаада калып жаткандарын билбей эле интернет аркылуу алданып кетип жаткан кыргызстандыктардын аягы дале тыйылбай келатканын, өткөн айда эле Оштун милициясы Сирияга чакырган Хасанбай менен кат алышып турган 9-класстын үч окуучусун кармап, интернеттин ириңи баскан мээлерин тазалоо иштерин жүргүзүп жатканын жазып чыкты.

“Кыргыздардын кийими Голливуддун оозун Ошту каратты” деген макалада 4-ноябрда Лос-Анжелес шаарында “Оскар” сыйлыгына көрсөтүлүп жаткан “Курманжан Датка” фильмин көргөндөн кийин ушундай болгонун, дүйнөгө аты белгилүү америкалык актриса Шэрон Стоун бул тарыхый фильмдин келечеги кең экенин, аны фильмдеги кыргыздын керемет жерлеринин айтып бүткүс кооздугу, актерлордун ойногону, айрыкча кыргыз элинин кийимдери таң калтырып тамшантканын белгиледи.

Чынында эле кыргыз кийимдери кыргыздардын жаш өзгөчөлүктөрүнө жана социалдык тек-жайына, коом алдындагы даражасына жараша тигилген. Бул кийимдер көчмөн турмуштун бардык мүмкүнчүлүктөрүнө ылайыкталган. Кыргыздын кыз-келиндери, байбичелери кудай берген өңүн күнөөсү бар же бети күйгөн адамдан бетер эч качан калкалап, паранжы менен чүмкөгөн эмес. Аялзаты шаңкайган ак элечек кийсе, күйөөгө чыга элек кыздары чачын кырк өрүм кылып топу кийген. Күйөөгө чыгарда шөкүлө, аксакалдар, жаштар жаш курактарына жараша ак калпак, тебетей кийген. Кыргыздар баш кийимин эч качан көрүнгөн жерге таштаган эмес, көрүнгөн бирөө менен алмашкан эмес. Баш кийимди аттап кетүү жамандыктын белгиси деп саналган. Адам өлгөндөн соң анын кийимдери жакын туугандары менен куда-сөөктөрүнө таратылып берилген.

Көчмөн маданияттын эң сонун көрөңгөсүн жоготпой сактап келген кыргыз элинин кийимдери эл аралап жөө жүргөнгө, ат минип жоо сүргөнгө да өтө ылайыкталып тигилгендиги менен айырмаланган. Американын Голливудунун оозун ачырган кыргыз кийимдери тууралуу ошентип орус тилдүү “Дело №...” гезити да тамшануу менен кеп кылды.

Ушул эле гезит кара сөздүн чыныгы чебери Касымалы Жантөшевдин беш тому маркумдун 110 жылдыгына карата жарыкка чыкканын, Кыргызстан менен Казакстандын президенттери Астанага Манастын, Бишкекке Абайдын эстеликтерин орнотууну макулдашканын маалымдады.

“Дело №...” гезити бүгүнкү санына 93 жашында легендарлуу учкуч, Советтер Союзунун эки жолку Баатыры, авиациянын генерал-майору Талгат Бегелдинов Алматы шаарында дүйнөдөн кайтканын, казак боордошубуз ал кездеги Фрунзе шаарында туулуп-өсүп, согушка Фрунзеден кеткенин, согуштан кийин эки жолку баатырдын эстелиги туулган жери болгон Фрунзе шаарына коюлганын, кийин ал Казакстанга көчүп кеткенин кабарлады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG