Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:37

“Көк асаба” гезити Сүймөнкул Чокморов тууралуу баяндап, Алыкулдун эл оозунан жазып калган уламыштарын жарыялады.

“Сүймөнкулду мезгилдин өзү күтүп жаткан” деп айткан улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун сөзүн шилтеме кылган “Көк асаба” гезити үч жарым бетин жалаң атактуу киноактер жана сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовго арнап жарык көрдү.

“Улутчул платформа: Кыргызстан кандай болуш керек?” деген суроого ушул платформа менен таанышып чыккандар жооп алса болот. Аягында ушул идеяны сунуш кылып колдогон кыргыз жарандарынын аты-жөнү толук жарыяланды.

Академик Жамин Акималиевдин эскерүү баяны бул ирет “Масалиевдин тапшырмасы: Баткен жерин шордон арылтуу мезгили” деп аталды.

“Кыргыздын бактысына жаралган нукура талант” деген макаланын автору - Улуттук коопсуздук кызматынын жана Каржы полициясынын запастагы полковниги Таштан Мамбеталиев.

Сүймөнкул Чокморовдун дүйнөдөн өткөнүнө 22 жыл болгонун, анын атындагы көчө, айыл, мектеп, сүрөт окуу жайы барын, 5 миң сомдук банкнотко сүрөтү түшүрүлгөнүн, кези-кези менен улуу актердун элесине арналган республикалык конкурстар, мелдештер, илимий конференциялар, көркөм окуулар өтүп турарын, жакында эле Аламүдүн районунун деңгээлинде 75 жылдыгы белгиленгенин, бирок ушул күнгө чейин Бишкектин көрүнүктүү бир жерине эстелиги тургузула электигин жана башка айрым бир жасалбай келаткан иштерди айтып чыкты.

“Көк асабанын” бүгүнкү санына дагы бир “Боз жол” көргөзмөсү жана “Хантун” коллекциясы” аттуу макала тартууланды. Макалада узчулук өнөрүбүздүн учу-кыйры тууралуу сөз болуп, Арстанбек Мырзаев менен Гүлжан Ирештин “Боз жол” деп аталган көргөзмөсү ушул жылдын 5-декабрынан 20-декабрына дейре Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде өтө тургандыгы жана Ош шаарындагы “Саймалуу таш” галереясынын негиздөөчүлөрү Арстанбек Мырзаев менен Гүлжан Ирештин чыгармачылыгы жөнүндө кенен баяндалды.

“Алыкул Осмоновго 100 жыл” деген рубриканын алдында кыргыз адабиятынын классиги болгон Алыкулдун кезинде кыргыз жерин кыдырып, куйма кулактардан жазып алган элдик уламыштарын окурмандарга тартуулады. Бул уламыштар: “Манас күмбөзү”, “Нарын”, “Кыз-Күйөө”, “Чырмаштын Кара Тоосу”, “Ак бейит” деп аталып, ушул аталыштардын кайдан, кандайча келип чыккандыгын кеп кылган.

Кеңеш Бакир уулунун баяны “Биздин айылдын Дүйшөнү” деп аталып, Тоңдун Шор-Булак айылында жашап турган биринчи мугалими Дүйшөнбү Мамбетов жөнүндө сөз кылды.

XS
SM
MD
LG