Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:48

Партияны уялткан "шайтан көпөлөктөр" уюгу


“Дело №...” гезити КСДП фракциясынын депутаты Салимовдун “Прадосу” тууралуу көлөмдүү макаласын тартуулады.

“Көк асаба” гезити кечээ жакында эле бул дүйнө менен коштошкон чоң сүрөтчү Жоомарт Кадыралиевди эскерген Шаакан Токтогулдун макаласын жарыялады. Алмаз Адишов аттуу автордун эскерүүсү кыргыз демократиясын түптөөгө катышып жүрүп каза болгон кыргыздын мыкты уулдарынын бири Шералы Назаркуловдун элесине арналды.

Ал эми айтылуу Таттыбүбү Турсуналиева жөнүндө сандан санга жарык көрүп келаткан баяндын автору, журналист жана жазуучу Ракыя Жусупованын баянынын бул ирет корутунду бөлүгү жарык көрдү. Акындар Уулбүбү Иманкулова менен кочкордук акын Эркин Капардын ырлары да ушул санда.

“Дело №...” гезити буга дейре кыргыз тилдүү гезиттер жазып келген депутат Турсунтай Салимовдун “Прадо” эс алуу клубу сойкуканага айланып кеткендигин далилдеген макаланы сүрөттөрү менен тартуулады.

Турсунтай Салимов болгондо да бийлик партиясы аталган КСДПдан келген эл өкүлү. Бирок депутат ага таандык “Прадо” эс алчу жайы кантип “шайтан көпөлөктөрдүн” уюгуна айланып кеткендигин танып, “Бул саясий заказ. Мен ал заказ берген адамды таап сотко берем!” деп күпүлдөгөнүн, ошондо чындап эле кээде сопсоо эле бирөөлөрдүн чөнтөгүнө маңзат сала койгонду жакшы билген милиция Салимовдун эс алуучу жайына да сойкуларды өздөрү менен кошо ала келгенсиген ой келерин, бирок чындыгы мындай эместигин, жарыгы жок караңгыда учалбай калчу “шайтан көпөлөктөр” өздөрү бул жерге кандайча келгендиктерин, кимдерди тейлеп турушарын, жанкумарын кандыргандар саатына аларга 3-4 миң сомдон төлөп беришерин айтышканын жазып чыкты.

Бул окуяга Жогорку Кеңештеги партиялаштары чым этип койбогон менен КСДПнын жаштар канатынын лидери Ринат Самутдинов КСДП дегендин аты-жыты элге белгилүү болуп, шайлоочуларынын алдындагы 20 жылдап жыйнаган кадыр-баркын кайдан-жайдан партияга кирип алып ушундай адамдар булгап келатканын, КСДПнын эл караган бетин жер каратканын, акыл-эси бар болсо Турсунтай Салимов өз эрки менен депутаттык мандатын тапшырып, партиядан чыгып кетишин айтканын, Салимов болсо буга жооп кылып: “Мага депутаттык мандатты КСДПнын жаштар канаты эмес, Кыргызстандын эли берген” дегенин жазып чыкты жана депутат Турсунтай Салимовдун декларациясында ага таандык болуп жүргөн мына ушул чуулгандуу “Прадо” клубу тууралуу кымындай да маалымат жоктугун кошумчалады.

“Дело №...” гезити ошондой эле Ош аэропортуна каракчылык кылып, суммасы бир канча миллиондогон доллар акчаны чак түштө тоноп кеткендер кармалганын, тонолгон фирма “Асман Тур” деп аталарын, кызматкерлердин айтуусу боюнча аталган фирма Бишкекте катталганын, кытайлар менен биргелешип түзүлгөн “Асман Тур” деген фирманын филиалы болуп саналарын, фирма бир кездеги премьер-министр Данияр Үсөновдун аялы, “Ата-Журт” фракциясы менен депутат болуп келип, бүгүнкү күндө парламентте отурган Динара Исаевага таандык экенин, бирок Оштогу фирманын кишилери, Бишкектегиси эбак эле жабылып калганын айтып чыгышканын, эгер ушундай болсо: “Анда “Асман Турдун” Оштогу филалы кандай негиздер менен иштеп жатат? Балким террордук максаттар үчүн акча таап берүү үчүн иштеп келатбы? Эмне үчүн каракчылар кирип барып эле акчасын алып баса берсе боло берет? деген суроолордун жообун жакын арада күч органдары таап чыгат болуш керек” деп жазды.

Гезит бул кылмышты кыргыз-казак кылмыштуу тобу жасаганын, башчылары казак экендигин, тонолгон доллардын негизги бөлүгүн да казактар алып, кыргыздарга бир аз “шыралга” таштап кеткенин, ошону менен бирге эле Бишкектеги “Дельта-Восток” фирмасынын күзөт бөлүмүнүн директорун өлтүрүп, 1 млн. 770 миң долларды тоноп кеткен кылмыштуу иштин да бети ачылганын, бул кылмыштын изи да Казакстанга барып житип жоголгонун, бул кылмыштуу топ дагы да Кыргызстандын жана Казакстандын жарандарынан турарын маалымдады.

Аталган басылма АКШнын Кыргызстандагы элчилигине жаңы дайындалган, болгондо да пенсияда жүргөн чагында үйүнөн чакыртылып келип дайындалган Ричард Мейлз Кыргызстанга эмне максат менен келатат, Кыргыз мамлекетин кыйратуу үчүн келатабы деген суроого жооп издеп, бир топ көлөмдүү макаласын басты.

XS
SM
MD
LG