Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:46

Оппозиция кызматка алданабы?


“Эл деми” гезити “Капчык какмай” деген рубрика алдындагы макаласынын бирин “Элдик лотерея” компаниясына лицензия мыйзамсыз берилгендиги боюнча кылмыш иши козголду” деп атап, бул боюнча бир катар жарандардын пикирлерин кошо жарыялады.

Андан кийин “Арактын зыяндуулугун мамлекеттик деңгээлде пропагандалоо керек” деген аталышта “Дем нур” борборунун директору Амина Сатыбалдиеванын, нарколог-дарыгер Шайлообек Өмүралиевдин ойлорун жана президент Атамбаевге "Нарктуулар" деп аталган коомдун мүчөлөрүнүн кайрылуусу жарыяланды.

“Фабула” гезитиндеги Баратбай Аракеевдин “Жүз киши...” баянынын бул жолку каармандары кинорежиссер Садык Шер, генерал Мелис Турганбаев, жазуучу Көчкөн Сактанов, дарыгер Сабыр Жумабеков болду.

Ушул эле гезитке “Абайдын айынан азап тарттым, Орусиянын, Казакстандын түрмөлөрүндө 7 ай эзилдим” деген ат менен Абай Таштанбековдун аялы Перизат Шабданалиеванын сиңдиси Роза Усубалиеванын арман каты басылып чыкты. Гезит ”Курманжан датка” фильмин флешкага көчүрүп, сатып жүргөн төрт ууру кармалганын кабарлады. Ушул эле санда бир кездеги көк мукабалуу, кыргыздын көбү ушул китепти окуп чоңойгон “Манас” эпосунун кошмо вариантын өз каражатына кайрадан чыгарган Китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловдун маеги бар.

“Алиби” гезитиндеги маегин саясатчы Азимбек Бекназаров “Мыйзамды семичкедей чаккан парламент келсе, президентти заматта ордуна коюп коет” деп атады. Кабарчынын: “Бүгүн Атамбаевге каршы чыгып жаткан оппозиция адатынча кызмат берсе, алданып калбайбы?” деген суроосуна Азимбек мырза: “Радикалдуу деген оппозициянын 90 процентин Атамбаев чакырып кызмат берип койсо эле кетип калат” деп жооп берди. Коомдук ишмер Эдил Байсалов “Шайлоо күнү жаңы, күчтүү, өзүбүзгө жаккан бийликти шайлап алабыз” деп интервью берди.

“Де-факто” гезити “Кыргызстанда электр тарифин көтөрүүнү америкачыл оппозиция сунуштаганбы?” деген макаласы менен жаңы санын ачты. Гезит “Аю” компаниясынын вице-президенти Балбак Түмөнбаевдин “Аю” компаниясы кыргыз өндүрүшүнүн флагманы боло алды” деген ат менен маегин тартуулады. Аталган фирма 2010-жылы мамлекетке 112 млн. салык төксө, өткөн жылы 500 млн. сомго жакын салык төккөнүн, “Аю” чыгарган товарлар Вьетнам, Түркия, Америкага сатыларын, “Алия” маркасындагы ун Ооганстан менен Араб Эмираттарына экспорттолгону турганын, компаниянын президенти Шаршенбек Абдыкеримов депутаттык маянасын Ат-Башыдагы жетим-жесирлер үйүнө которуп турарын баяндады. Депутат Исмаил Исаков “Шайлоодо административдик ресурстар негизги ролду ойнобойт” деп интервью берди.

“Айбат” гезити Орусиянын Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Аждар Куртовдун “Кыргызстандын азыркы бийлиги Акаев менен Бакиевдин режиминен башка” деген пикирин жарыя кылды. Белгилүү саясат таануучу кыргыз оппозициясына берген мүнөздөмөсүндө оппозициянын республикадагы реалдуу маселелерди чечүүгө кудурети жетпестигин, анткен менен мамлекеттеги саясий кырдаалды курчутуп жиберүү коркунучу барын, себеби кайда болбосун алсыз оппозиция өз аракеттерин деструктивдүү жолдор менен баштарын, бирок бардык нерсе оппозицияда да, бийликте да эместигин, эгер эл өзүнүн тынч жашаган турмушунун чаң-тополоң түшүшүн, кан төгүлүшүн каалабаса, эч кандай пайдасы жок башаламандыктарга жол бербей тургандыгын айтты.

“Кыргыз туусу” гезити “1 кВт. электр энергиясы 70 тыйындан ашпасын” деген тапшырманы президент Алмазбек Атамбаев Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаевди кабыл алганда бергенин кабарлады.

Аталган гезит “Асыл таштан, акыл жаштан” деген рубриканын алдындагы макаласын “Жаңы жүздөр, жаңы кадрлар, жаңы үмүттөр” деп атап, азыр мамлекеттин ар кайсы тармактарында иштеп жаткан жаштарды сүрөттөрү менен жарыялап, жазып чыкты.

Ушул эле гезитте акын жана журналист Аскер Карыбаевди эскерген эл жазуучусу Казат Акматовдун “Бул өмүргө жаралбайсың кайрадан” деген, БГУнун профессору Тилектеш Ишемкуловдун “Таасын талант, татаал тагдыр” деген эскерүү баяндары жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG