Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:06

Сөз эркиндиги жана кыянатчылык


Кыргыз журналистикасынын дарегине акыркы убактарда көп сын-пикирлер айтылып жүрөт.
Кыргыз журналистикасынын дарегине акыркы убактарда көп сын-пикирлер айтылып жүрөт.

Бүгүн Бишкекте Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына арналган тегерек үстөл болуп өттү.

Анда акыркы убактарда жоопкерчиликке тартылып жаткан журналисттердин мисалында Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кооптуу деп айтылды. Бирок талкуунун айрым катышуучулары буга кошулбастыгын билдиришти.

Талкуунун уюштуруучулары алгач мурдагы бийликтердин тушунда куугунтук жеп, табышмактуу өлүм менен каза тапкан журналисттерди эскеришти.

Иш-чаранын катышуучусу, журналист Турат Акимов "Азия Ньюс" гезитинин редактору, бир катар чуулгандуу макалалары менен белгилүү болгон журналист Аслан Сартбаевдин эки айга камакка алынышын эске салды. Ал Сартбаевдин камалышын бийлик тарабынан атайын жасалган болушу ыктымал деп айтып, журналист коомчулугун бирдиктүү болууга чакырды:

Турат Акимова
Турат Акимова

- Журналисттер жана маалымат каражаттары коомдун күзгүсү. Коом кандай болсо, биз ошондой кылып чагылдырып, саясий режимдин кемчиликтерин көрсөтүп беребиз. Ошол үчүн басма сөздү кыса берүү туура эмес. Бүгүнкү күнү парламент мыйзам бузган кесиптештерин кантип коргоп аткан болсо, биз, журналисттер да ошентип, бири-бирибизди коргошубуз керек. Бул үчүн ич ара ынтымак керек. Анткени бүгүн чагым кылып, камап коюу оңой эле нерсе. Биздин кимибиз болбосун чагымдын курмандыгы болуп калышыбыз ыктымал.

Жазганы үчүн жабыркап, жоопкерчиликке тартылып жаткан журналисттердин катарында Аслан Сартбаевден тышкары, жазмакер Адилет Айтикеев жана Дайыр Орунбековдун аттары аталды. Белгилүү болгондой, бийликти оңду-солду сындап, макалаларды жазып жүргөн журналист Адилет Айтикеев өткөн жылы социалдык тармактагы баракчасына өзүнүн токмоктолгон сүрөтүн коюп, муну кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштырган болчу.

Кийинчерээк дагы бир журналист, Maalymat.kg сайтынын негиздөөчүсү Дайырбек Орунбековду жалган маалымат таратты деп айыптап, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон. Дайырбек Орунбеков бийлик башындагы адамдарды Ош окуясына күнөөлүү деп ишенимсиз булактарга таянып жазган деп жоопко тартылууда. Ал эми “Азия Ньюс" гезитинин редактору Аслан Сартбаев болсо, бейбаштык беренеси боюнча өткөн жумада камакка алынган.

Журналист, медиа-эксперт Азамат Тынаев журналисттер жазган жана көрсөткөн маалыматтары менен коомчулукта пикир жаратуучулар экенин белгилеп, ошол эле учурда мамлекет башчы да журналисттердин дарегине бейкалыс сөз айтуу менен, өлкөдөгү сөз эркиндигинин беделине доо кетирип жатат деген пикирин билдирди:

- Президентибиз да кез-кезде журналисттердин дарегине сөз ыргытып, “биздин пресса болбой калды, ушакчы болуп алды, ар кимге сатылат” деп айтат. Бул да жөн жеринен чыкпайт. Мамлекет башчынын жана башка бийлик өкүлдөрүнүн сөздөрү коомчулукта пикир жаратат. Элде журналистикага карата туура эмес ой пайда болуп, "мына, булар ушакчы экен, окубашыбыз керек, биз гезиттерге ишенбешибиз керек экен" деген ойлор жаралат. Булардын саясий багыты, максаты ошол.

Аликбек Жекшенкулов
Аликбек Жекшенкулов

Талкууга айрым саясатчылар да катышты. “Акыйкат” саясий партиясынын лидери, мурдагы Тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов учурда Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы кооптуу деп айтуудан алыс, бирок элге маалымат жеткирүү өтө эле баш-аламан акыбалга түшүп калды деп эсептейт. Экс-министр президент Алмазбек Атамбаев сөз эркиндигинин таптакыр жок болуп кетүүсүнө жол бербесине ишенээрин айтат:

- Кээ бир журналисттердин сот жообуна тартылып, камалып отурушу абалдын курчуп баратканын көрсөткөнсүйт. Албетте бул жакшылыкка жана азыркы бийликке да аброй апкелбейт. Бирок менин оюмча президент Алмазбек Атамбаев буга жол бербейт. Анткени ал өзү мунун баарын башынан өткөргөн. Ал өзү оппозицияда жүрүп, ушунча жыл кыйналбаган болсо да күтүүгө болмок. Ошондуктан сөз эркиндигин муунтууга азыркы бийлик жеткирбейт деп ойлойм.

Кыргыз журналистикасынын дарегине акыркы убактарда көп сын-пикирлер айтылып жүрөт. Такталбаган маалыматтардын таркатылышы, журналисттик этиканын сакталбаганы, жазылган макалалардын журналистиканын стандарттарына такыр туура келбестиги жөнүндө маселелер маалымат каражаттарында, ар кандай талкууларда, социалдык тармактарда көп козголуп келатат.

Ушакка негизделбеген, чыныгы фактыларга таянып маалымат таратууну максат кылып түзүлгөн “Жаш журналисттер” уюмунун теңтөрагасы Жакшылык Бердибек уулу Кыргызстанда бүгүн сөз эркиндигине эч кандай бөгөт жок деген пикирде. Анын айтымында, айрым жазмакерлер ушул эркиндиктен кыянатчылык менен пайдаланышууда:

- Мурдагы бийликтерге салыштырмалуу азыр Кыргызстанда ачыктык, маалымат алуу жана таратуу эркиндиги бар. Бирок айрым журналисттер оозуна келгенин оттоп, фактысыз, ушакка негиздеп, коомдун башын айлантып, калпты жаза берүүсүн токтошу керек. Андай журналисттер мыйзамдан коркпосо да, адамдык абийиринен, кудайдан коркуп, жоопкерчиликтүү болуулары тийиш.

2011-жылы Кылмыш жана жаза кодексинен ушактоо, мазактоо беренелери алынып салынган болчу. Ал эми өткөн жылы Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизилип, жалган кабар тараткандарды кылмышынын оордугуна карай айып пул төлөтүү же беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG