Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Анапияевдин агасынын атынан макала жазган ким?


Гезиттер 8-март майрамы менен кыргызстандык аялдарды куттуктады.

“Аял алсыз, бирок дүйнөдө Кудайдан кийинки эле кудурети күчтүү бул эне” деген экен. Бул дүйнөнү жок болуп, чачылып кетүүдөн, таш болуп муздап кетүүдөн энелердин жүрөгүнүн мээрими гана сактап турат. Ансыз да апкөч менен суу көтөрүп келаткандай Кыргызстанды 23 жылдан бери төгүп-чачып албай эки ийнине көтөрүп келаткан дал ушул энелер. Эгер энелер болбогондо Кыргызстан бүгүн бар болот беле, жок болот беле, бир гана Кудай өзү билет.

Неападам Жер шарынын бир бурчунда аял оорубаган арал болсо, аял өмүр бою жашай турган арал болсо, энелерибизди ошол жакка алып кетпейт белек атаганат! Андыктан кыргызстандык бардык энелерди келе жаткан майрамы менен “Азаттыктын” миңдеген угармандарынын атынан чын жүрөгүбүздөн куттуктайбыз!

Бүгүн жарык көргөн гезиттердин бардыгы аялзатын майрамы менен куттуктады. “Алиби” гезити депутат Өмүрбек Текебаевдин “Роза Отунбаеванын жасаган эрдиги үчүн республикада берилүүчү эч кандай татыктуу сыйлык жок, негизделе элек, демек сиздердин “Кыргыз эл баатыры” наамын берүү боюнча демилгеңиздерге кошулууга туура келет” деген ат менен аялдарга куттуктоосун басты.

Аталган гезит белгилүү окумуштуу, илим доктору Советбек Байгазиевдин “Кыргыздын руханий цивилизациясы же ак калпак журттун рухий-адептик маданиятынын асыл дөөлөттөрү - жалпы адамзаттык кенч” деп аталган сандан санга жарыяланып келаткан эмгегин улантып тартуулады.

“Айбат” гезити башкы прокурор Индира Жолдубаеванын “Жалган маалымат деген коомчулукта акыйкатсыздыкты жана ишенимсиздикти жаратат, андыктан журналисттер сөз эркиндигин сыйлоо менен катар жоопкерчиликти дагы унутушпаса” деген сөзүн шилтеме кылуу менен жаңы санын ачып, "президенттин Кыргызстандын активдерин коргоо тууралуу билдирүүсүн “Кумтөрдү” улутташтыруу керек деп түшүнүп алгандарга жол болсун” деген жана “Адам өлүмүнөн саясат жасаган оппозиция” деген макалаларын басты.

Бул макалада кримтөбөл Алманбет Анапияевдин өлүмүнө байланыштуу бир тууганы Калмамат Анапияевдин “Гүлжигит Абдулазизовдун айткандары 99 процент калп, буга Бакиевдердин эч кандай тиешеси жок” деген макаласы жарыяланганын, бирок деги эле мындай макала жазбаганын Калмамат Анапияев Ош шаардык милициясына билдиргенин, демек анын атынан Бакиевдин жактоочуларынын бири жазып туруп жарыялап жибергенин жазып чыкты.

“Фабула” гезити Айбек Шамшыкеевдин “Кылмыш ишин кыскартуу – бул жеткен наадандык” деген макаласын тартуулап, “Ата Мекен” партиясы тарабынан кабыл алынганын, мындан ары “кылмыш мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу иш кыскартылат” деген мыйзам жоктугун, “срок давности” деген Текебаевдин демилгеси менен алынып салынганын, демек өлкөгө ондогон миллиондогон сом зыян келтирип, өз элин аёосуз талап-жеп келди деп кылмыш иши козголуп, кача турганы качып жоголуп, калганы түрмөгө жата калып, кайра чыга калып, ооруй калып тургандардын иштери кыскартылып, бошоп чыга турган болсо анда жалпы кыргыз эли бардык бийлик бутактарынын беттерине жаба түкүрөрүн, жана бийликтен биротоло түңүлөрүн ушу кезде соту болуп жаткан Акматбек Келдибековдун мисалында баяндады.

“Де-факто” гезити Кыргызстан Бажы биримдигине кирүүгө камданып жаткан менен эмдигиче заман талап кылган эт комбинаты жоктугун, буга чейин эшектин этинен башка дагы эмненин этинен колбаса менен сосискаларды жеп келгенибизди биз да, бизге жедиргендер да айталбастыгын, эшектин этин саттырган эшектер Кыргызстандын айыл чарба, анын ичинен мал чарбасына катуу сокку урганын айтып, эми эшек этин жалган жалаага орой салып чуу кылгандар чыга баштаганын, кайсы бир маалымат булагы кыргыздын башка окуу жайларына караганда кыргыз балдарына алда канча сапаттуу, таалим-тарбиялуу билим берип келаткан “Себат” билим мекемеси эшектин этин колдонгон, жабыш керек” деп карандай калп маалымат таратканын, эгер жабылса түбү түптүү Түркиянын кылы да кыйшайбасын, барып келип эле Кыргызстандын колу-буту кесилерин кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити белгилүү акын жана прозаик Жыпар Исабаеванын “Аял” аттуу ыры менен жаңы санын ачып, президент Алмазбек Атамбаевдин “Аялдар Кыргызстандын – куту” деген куттуктоосун сунуш кылды. Өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаевдин жана айрым депутаттардын аялзатын куттуктоолору жана жасаган иши, эмгеги менен Кыргызстандын өнүгүп-өсүшүнө эбегейсиз салымдарын кошкон биринчи аялдардын сүрөттөрүн тартуулады.

XS
SM
MD
LG