Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

Гезиттердин бир тобу айтылуу Алыкул жана Нооруз майрамы тууралуу жазышты.

Бүгүн улуу акыныбыз Алыкулдун туулган күнүнө туура 100 жыл толот. Бир эмес, дагы миң кылым бою аты өчпөй турган Алыкулдун туулган күнүнө карата Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин демилгеси менен Кыргыз радиосунда эртең таңкы саат сегизден тартып 24 саат бою марафон өтмөкчү.

“Алиби” гезити Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктады. Депутат Равшан Жээнбеков “Президент улут кызыкчылыгын коргобой, тескерисинче тепселеди” деп интервью берип, президенттин Молдовага сапарын, президентти Питердин губернатору тосуп алганын, Кыргызстан деле Путиндин Орусиясындай авторитардуу өлкө экенин айтып, сынга алуу менен буга дейре өзү жетектеп келген оппозициянын лидерлиги жакында боло турган өздөрүнүн жыйынында белгилүү болорун белгиледи.

Депутат Жылдызкан Жолдошеванын бидирүүсү: “Камчыбек Ташиевдин фракция депутаттарына көрсөтмө же буйрук берүүгө, тапшырмалар менен кат жөнөтүүгө моралдык жана юридикалык укугу жок” деген ат менен жарыяланды. “Манас таануу” институтунун жетекчиси Топчубек Тургуналиев “Манас” кыргызды сактап калат же кыргыздын келечеги “Манас” менен” деп маек курду. Буга улай эле “Манас таануу” сабагын Кыргызстандын бардык мектептерине, бардык окуу жайларына сабак катары киргизүү боюнча бийликтин бардык бутактарына жолдогон кайрылуу басылды.

Кыргызстандын элин Нооруз майрамы менен куттуктаган президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүн “Кыргыз туусу” гезити басып, айрым жарандардын куттуктоолоруна да орун берди. “Түрксойдун” башчысы Дүйсен Касеинов маегинде аталган уюмдун Кыргызстан үчүн жасап жаткан иш-чараларына токтолду.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Айланайын Индира, бир тыйын ала көрбө!” деген макаласын басты. Автор макаласында Башкы прокуратурадагы акыркы кадр алмашууларды, кылмышка шектүү деген адамдарга козголгон кылмыш иштерин талдоого алып келип, мурдагы баш прокурор Аида Салянова кызматынан кеткенден кийин ашкере сындай берүү да туура болбой жатканын, канткен күндө да ал далай эркектер жасай албаган иштерди жасаганын, эми жаңы баш прокурор Индира Жолдубаева Салянованын ишин андан да тереңдетиши керектигин, коррупционерлердин ичкен-жегени, аты-жыты алаканга салгандай элге белгилүү болгон соң кустурчусун кустуруп, камачусун камоо керектигин кеп кылды.

Аракеев андан ары ички иштер министри болуп иштеп жаткан генерал Мелис Турганбаевди президент, Жогорку Кеңеш, өкмөт баш болуп коргоп алышы зарылдыгын, иштин көзүн билген, эч нерседен жалтанбаган мындай министр оңой менен табыла бербестигин айтты. Буга улай эле министр Мелис Турганбаевдин ишине байланыштуу “Коопсуз шаарды” кооптондурган министр” деген Жангороз Эсенгелдиевдин макаласы жарык көрдү.

Тиленбек Азыктын макаласы “Атамбаевдин эл аралык аброю өстү” деген ат менен тартууланды.

“Де-факто” гезитиндеги маегин 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев “Башкы прокуратуранын чечими чыккандан кийин маалыматтык согушка даярмын” деп атады. Маекте “Кумтөр” ишканасы, алдыдагы шайлоо, “Градиент” фирмасына байланышкан чыр-чатак тууралуу сөз болот. “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын төрагалык милдетин аткарып келген Дүйшөнбү Сооронбаевдин маеги “Мадумаров шайлоо өнөктүгү башталса келип партияны жетектейт” деген ат менен басылса, депутат Бакыт Жетигеновдун интервьюсу “Баарынын асылгандары да, шыбагандары да депутаттар болуп калды” деп бир топ маселелерди ортого салды.

“Айбат” гезитинин суроолоруна жооп берген эксперттердин бири Жыпар Жекшеев оппозиция элге жеткирем деген оюн көчөдө эмес, парламенттин трибунасы аркылуу жеткирсе болорун, себеби митингдин заманы бүткөнүн, митингге келсе миң, мейли 10 миң киши келсе да үн жалпы журтка жетпестигин айтса, Бакыт Бакетаев азыр оппозиция жоктугун, керек болсо КСДПнын айрым депутаттары оппозициянын ролун аткарып жатканын, анан дагы оппозициямын дегендердин “кетсин” дегенден ары ою болбой жаткандыгын, болгон ою эптеп эле бийликке жетүү экендигин, ошондуктан эл колдобой турганын айтты.

“Айбат” гезити президенттин Молдовага жасаган бейрасмий иш сапары Кыргызстандын эл аралык кадырын арттырганын, ал Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн гана жасалганын, айрым адамдар президенттин көлөкөсүнө да көө жабуу аракетин көрүп, жумурткадан кыр издеп жатканын саясат таануучу Чынара Эсенгул кызы маеги аркылуу билдирди.

Экономика илимдеринин кандидаты Бактыгүл Каламбекованын “Калемиңиз курч, мартабаңыз улук болсун” деген аталыштагы макаласы акын Чыныбай Турсунбековдун “Жалын тоо” деген жаңы ырлар жыйнагына жакшы тилегин арнап, китепти окуп чыгып өзгөчө ыраазы болгонун толкундануу менен билдирди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG