Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:59

Гезиттер: демократиянын кадыры...


Бүгүн жарык көргөн “Искра” гезити жалаң президент Алмазбек Атамбаевди сынга алган макалаларга басым жасады.

Оппозиция мүчөсү Уран Ботобековдун “Атамбаевдин шоопур саясаты” деген жана оппозиция лидерлеринин бири Кубанычбек Кадыровдун “Бакиевди деле бийликке дал ушул Атамбаев, Отунбаева алып келбеди беле?” деген маектери "Искра" гезитине жарык көрдү.

“Интернет айдыңынан” деген рубрика менен “Фейсбукстан” деген теманын алдындагы макалалар топтому тартууланды. Ал “Адил Турдукуловдун колонкасы” деп аталды.

Жогорку Кеңештин депутаты Кенжебек Бокоевдун маеги “Өкмөттүн бир жагында президент, бир жагында Текебаев турат” деп аталды. Ушул эле санда “Аида Салянованын артында кимдер турат?” деген макала бар. Макаланын автору элдик революциянын “Акыйкат” кыймылынын төрагасы А. Анарбаев, Талас облусу деп жазылган.

Белгилүү укук коргоочу Турсунбек Акун “Кыргыз бийлиги эл ишеничин толук актаган жок” деп маек куруп, шайлоого өзү түзгөн “Адам укугу” деген партия менен барарын, акчасы жоктугуна байланыштуу 23 жылдык тарыхы бар “Ата Мекен” партиясына кирүүгө ниети барын айтуу менен азыркы президент тарабынан коррупцияга каршы багытталган күрөш негизинен оппозициялык көз караштагы депутаттарга, чиновниктерге каршы багытталгандай болуп, бийликке ыктаган депутаттар менен чиновниктер сыртта калып жатканын, кылмышы барлар ким экенинине, кайсы партияда экенине карабай катуу жазаланганда гана элдин ишеними бекемделерин, айрыкча КСДП партиясында турган чиновниктердин кылган кылмыштары боюнча жазаланбай кала берип жатканы элдин тымызын жана ачык нааразылыгын туудура баштаганын кеп кылды.

“Дело№...” гезити бүгүнкү санына “Кайрадан чатак! Көңүл борборунда – укук коргоочулар. Оштун камакка алынган имамы жана сириялык боевиктер, НПО жана АКШнын жараны, кыргыз чекисттери менен эл аралык уюмдар тууралуу баян...” деген сүрөттөрү менен коштолгон көлөмдүү макала басылып чыкты. Аталган гезит ошентип Кыргызстанда демократия дегендин кадыр-баркы кетип баратканын, бул тууралуу өткөн жумада кыргызстандык укук коргоочулар өздөрү билдиргенин кабарлады.

XS
SM
MD
LG