Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:49

Жансакчынын бедели


Эркин Мамбеталиев
Эркин Мамбеталиев

“Искра” гезити бүгүнкү санын “Таластын экологиясы коркунучта, “Жерүйдөн колуңарды тарткыла!” деген баш тема менен ачты.

Ушунун алдындагы “Орозбекке ор казган келемиштерди качанга чейин колдойсуңар?” деген макалада Бишкек Эркин экономикалык аймагынын башкы директору болуп иштегенине үч жылга аяк басса да арызчылар Атамбаевге 117 жолу, Путинге үч жолу кат жөнөткөнгө үлгүргөнүн, өлкө башчысы, өкмөт башчысы өздөрүнө келген арызды карагандан көрө резиденциядан эки эле кадам бери турган бул ишкана мурда кандай эле, эми Орозбек Нусувалиев иштегенден бери кандай болду деп, жасап жаткан иши менен таанышып чыгышса болот эле го деп жазды.

Бүгүн жарык көргөн “Азия ньюс”, “ПолитКлиника”, “Жаңы агым”, “Айат” гезиттеринин баары кечээ акыркы сапарына узаган Табылды Эгембердиевди эскерген макалаларды басты.

“Искра” гезити Эгембердиевге арналган макаласын “Табыке, сен өз элиңдин ырыс-кешигине кол салбай, өз элиңдин жон терисин сыйрыбай, мамлекетти уурдап-тонобой, жебей-ичпей, тапканыңды жашырып-жаппай, көр дүйнөнүн артынан көмөлөнүп байлык, бийлик кубалаган жоксуң...” деп атады.

“Азия ньюс” гезитинен “Аки пресс” экинчи жолу мөңкүдү?..” деген, “Легендарлуу прокурор Мамакеевдин уулу дагы армияда...” деген, “Баткенде эл оозуна илинген партия жок” деген, “Бийликтин эрке талтаңы Орозбек Нусувалиевдин оюндары качан бүтөт?” деген, “Ажого рахмат! Энелердин майрамында орус ырчыларын белек кылды!” деген, “Маалымат согушу же Арслан Малиевдин бет тырмарлыгы” деген макалаларды, интервьюларды окуйсуздар. “Бабанов мырза КСДП менен тиреше баштады” деген чакан кабар да басылды.

Боршайкомдун төрагасы Туйгуналы Абдраимовдун маеги “Парламенттик шайлоодо башаламандык кылып, провокация уюштурууга кызыкдар күчтөр бар” деп аталып, бүгүнкү күнү өлкө боюнча 2, 8 млн. шайлоочу тизмеге киргизилгенин, бирок тизмедегилердин саны азайышы мүмкүндүгүн, ошентсе да шайлоодо чагым болушу мүмкүндүгүн, так ушундай болуш үчүн бир нече жүз мигрантты алып келип, аларды шайлоо участокторуна биометрикалык маалыматтарсыз жибергиси келген күчтөр барын атайын кызмат жакшы билерин, өзү былтыр Индиянын шайлоосун көрүп келгенин, тизмеде 980 млн. кишиси бар Индияда добуш берем деп кезек күткөндөрдүн саны 3-4 миңге жеткенин, бирок ызы-чуу кылбай эле күлүп-жайнап добушун берип кеткенин, буюрса келаткан шайлоо ачык, адилеттүү өтөрүн айтты.

“ПолитКлиника” гезитинин “Президентке кат!” рубрикасындагы 1-кат “Зомбулукка кабылган эки кыз боюнча иш акыйкат тергелишин көзөмөлдөп берүүңүздү суранабыз” деп жазылып, бул ишти тергөө ИИМдин Башкы башкармалыгына өткөрүлүшүн, анткени Аламүдүн милициясы да, Чүй облмилициясы да эки кызды коргоп бере албаганын, ошондуктан №3 оорукананын дарыгерлери менен бирдикте кайрадан экспертиза жүргүзүү талабын коюшту.

Президент Атамбаевге экинчи катты Нарын шаарынан Сагындыкова Сыйнагүл жазып, “Өзүмдүн жана балдарымдын өмүрү коркунчта” деп аталат.

Мас болуп алып аткылашкан МАИ кызматкерлерин министр Мелис Турганбаев иштен айдады деп кабарлады гезит. “ПолитКлиника” гезити бул санына Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алик Орозовдун “Кооптонуулар бар... Кыргызстан да жөн жаткан жок” деген маегин жарыялады. Өлкөнүн ички жана сырткы коопсуздугуна байланышкан өтө олуттуу маселелердин тегерегинде кеп курду. Белгилүү чекист Украина көз алдыбызда өз алдынчалыгын жоготуп, бир заматта сырткы күчтөрдүн башкаруусундагы квази-мамлекетке айланганын, сырткы күчтөр эми Борбор Азия аймагында “евромайдандын” экинчи вариантын же экинчи “украина фронтун” ачууга аракет кылып жатканын, андан башка дагы толгон маселелерге токтолду.

“Жаңы агым” гезити эки-үч күндөн кийин Бишкекте 90 жылдык торколуу тоюн белгилегени турган Кыргыз эл акыны, Кыргыз эл Баатыры Сооронбай Жусуевдин бир бет менен толтура жаңы ырларын жарыялады. Атактуу акын атабыздын 90го чыга жашап арабызда жүргөндүгүнүн өзү эле эмне деген сыймык! “Азаттык” радиосунун бүткүл жамааты Улуу Жеңишти жергебизге алып келген Баатыр акынды 90 жылдыгы менен чын жүрөктөрүнөн куттуктап, 100гө чыгышын каалашат.

Аталган гезитте Аскер Сакыбаеванын “Жансакчынын “моралдык баасы” 50 млн. сом экен” деген жана Олжобай Шакирдин Табылды Эгембердиевди эскерген “Эл багар эрден айрылдык!” деген макалалары бар. Айтылуу залкар Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелинин түптөлүшүнө арналган сөздөрдү да ушул гезиттен окуйсуздар.

“Айат” гезити бул санын “Самаковго эч кандай доомат коюлбасына эл ишенет” деген макала басты. Макаланын алдында мурда Карганбек Самаковду жамандап көрсөтмө берген Абай Таштанбеков анын баарын таарынычтан улам чыкканын, анан ачуусуна чыдабай өч алуу үчүн Карганбекти каралап жазып бергенин, анын айткандарынын баары, Самаковго койгон дооматтарынын баары карандай калп экенин адвокат И. Айткулвго баяндап бергени басылып чыкты.

“Айат” бүгүнкү санына “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын башкы директору Орозбек Нусувалиевдин “Азыр чындыкты коргоо да кооптуу болуп калды” деген ат менен макаласын жарыялады. Анда канча жылдан бери карай “Вечерний Бишкек” гезити ага карата жалган маалымат таратып келатканын, гезиттеги Геннадий Кузьмин деген журналист аны эки жыл бою тынбай шыбап турганын, бүгүнкү күндө өзү жетектеген жерде ишкерлердин 99 проценти ийгиликтүү иштеп жатканын кеп кылды.

XS
SM
MD
LG