Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Депутат болгусу келбегендер кимдер?


“Искра” гезити баш макаласын “Бийлик Баш мыйзамга кол сала баштады” деген макала менен ачып, ага өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун фракциялардын лидерлери Феликс Кулов, Чыныбай Турсунбеков, Өмүрбек Текебаев сунуштап жатканын жазып чыкты.

Саясатчы Уран Ботобековдун маеги “Атамбаев Конституцияны көкбөрү кылып тартканы турат” деп аталып, Атамбаевди аябай сынга алды. Ой-пикирлердин топтому “Келаткан парламенттик шайлоо таза өтөрүнө ишенесизби?” деп аталды.

Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин маеги “Бийлик Максимдин иштерин кайталай баштады” деп аталып, ал КТРга иштегени барганда 20 миллиондук кирешеси бар коммерциялык агенттиктин акчасын бир жарым жылдын ичинде 89 миллионго жеткиргенин, бир эмес, миң жолу чукусаңар да эч нерсе таппайсыңар деп айтканын, КТРды сотко берип жатканын жана башкаларды кеп кылды.

“Вечерний Бишкек” гезити шаардын мектептеринин бириндеги 8-класттын окуучусу атасынын “Тойота” машинасын айдап чыгып, машинага 5 классташын салып алып, Түштүк магистрал менен кубалап баратып, башкара албай калып аңтарылып түшүп, азыр балдардын баары ооруканада жатканын кабарлады.

Ушул эле гезит шаардагы №3 балдар оорукана жаңы төрөлгөн балдардын арка жүлүнүндөгү грыжаны сакайтуу боюнча жаңы ыкмаларды ойлоп тапканын, мындай дарт менен төрөлгөн балдарга төрөлгөндөн эки, ашып кетсе үч жумадан кийин операция жасаларын оорукананын башкы врачы, профессор Талант Өмүрбеков айтып бергенин, Талант аты эле айтып тургандай Кудай берген таланттуу хирург экенин, бүгүн ал өз клиникасы аркылуу дүйнөгө атагы чыккан орусиялык профессор Леонид Рошаль менен жакшы байланышта иштеп жатканын “Рошаль менен достукта” деген макалада баяндады.

Саясый партияларга кирип алып депутат болом деп шайлоого аттангандардын тизмелерин эми Ички иштер министрлиги карап чыкмай болду. Генерал Мелис Турганбаев 2010-жылы да депутат болчулардын тизмесин карап чыгып, айрым талапкерлердин тизмеде жүргөнүнө каршы болгонун, анткени алардын айрымдары министрликтин оперативдик каттоосунда тургандар экенин партия башчылары менен Боршайкомго билдиргенин, бирок алар укпай койгонун, ошондуктан Кылмыш-жаза кодексине зарыл өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча өкмөт менен бирдикте концепция иштелип чыкканын билдиргенин бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити маалымдады.

“Сөз эркиндиги барбы, бар болсо кандай деңгээлде, бир жактуу жүрүп жаткан жокпу, “коомдук” деп аталган КТРды финансылоонун зарылдыгы канчалык?” Мына ушул суроолорго макаласында мурдагы тышкы иштер министри Эднан Карабаев жооп издеди.

“Чет өлкөдөн жардам алдыңбы? Каттоого тур!” деген баштеманын алдында гезит редакциясында “тегерек үстөлдөгү” талкуу болгонун, анткени чет өлкөлөрдөн финансылык жардам алып саясый ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан өкмөттүк эмес уюмдар мындан ары “чет элдик агенттер” катары каттоого турушу жөнүндө мыйзам кабыл алынганы жатканын, талкуу ушуга арналганын, ага депутат Нуркамил Мадалиев, укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, политолог Токтогул Какчекеев, “Интербилим” эл аралык коомдук бирикмесинин директору Асыл Айтбаева катышканын жана ал кандай өткөнүн гезиттен окуп алсаңыздар болот.

“Көк асаба” гезити карыя журналист Кенжалы Сарымсаковдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу материалдарды жарыялады. “Учурдун чыры” деген рубрикадагы макала “Тоолуктардын ток-шоусун” тоодой саясат кылуу кимге керек болууда? Улуттар ортосуна уруш чыгарууга умтулган Улугбек Бабакуловду иликтеп бериңиздер?” деген ат менен жарык көрдү.

XS
SM
MD
LG