Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Нарымбаевдин атын саткан аял


“Кыргыз туусу” гезити Шанхай кызматташтык уюмунун өткөн жыйыны тууралуу кенен маалымат берди. Андан кийин Кыргызстанга иш сапары менен келген Индиянын премьер-министри Нарендра Моди менен президент жана өкмөт башчысынын жолугушканын, кандай документтерге кол коюлганын, аягында биргелешкен билдирүү жасаганын жазып чыкты.

Өкмөт башчысы Темир Сариев Таластын эли менен жолугуп, Жерүй кени боюнча ойлорун бөлүшкөнүн, Орусиянын “Востокгеологдобыча” аттуу компаниясы өлкө казынасына которуп берген 100 миллион доллардын 170 миллион сому Таластын Бекмолдо айылына, 170 миллион сому Талас району менен Талас облусуна бөлүнгөнүн, бул акча менен элге көптөгөн жакшы иштерди жасаса болорун айтканын макаласында Мухамеджан Суранчиев чагылдырды.

Ушул эле санда экономика министри Олег Панкратовдун окурмандардын телефондон берген суроолоруна жообу эки бет менен жарык көрдү.

“Вечерний Бишкек” гезити да Темир Сариевдин Жерүйдө болгонун, кендин казылышына каршы чыккандарга төө багып, кайнаган чөлдө кедей жашап келген арабдар кенин казып, пайдасын көрө баштагандан тартып гүлдөгөн өлкөгө айланганын мисал келтирип сүйлөгөнүн, жүйөлүү көп нерселерди айтканын, бирок кендин казылышына каршы болгондордун митинги 21-июлга пландалганын кабарлады.

Аталган гезиттен БРИКС менен Шанхай кызматташтык уюмунун маани-маңызын Нарын Айыптын макаласынан окуй аласыз.

Эльвира Темирдин макаласы “Депутаттык значокко жетиш үчүн эмнелерди гана жасабайсың” деген ат менен жарык көрүп, буга дейре депутат болуп келгендер кайрадан депутат болуш үчүн ушул тапта кандай “трюктарды” жасап жатканын жазып чыкты.

“Вечерний Бишкектин” бүгүнкү санында журналист Кабыл Макеш “Кыргыз спортунун энциклопедиясы” деген көлөмдүү китебин чыгарганын, китепте Кыргызстандын атын дүйнөгө даңазалап келген 620 спортсмендин жана машыктыруучунун эмгектери тууралуу баяндаларын, китеп орус жана англис тилдеринде жарык көргөнү маалымдалды.

“Фабула” гезити буга чейин тарткан сүрөттөрүнүн көргөзмөсүн АКШда, Германияда, Дубайда өткөрүүгө жетишкен жаш сүрөтчү Айбек Ишенбековдун чыгармачылыгы тууралуу Мирлан Алымбаевдин макаласында сөз кылды.

Журналист Айбек Шамшыкеевдин бул жолку макаласы “Нарынбаевдин атын саткан “жалган” жардамчы аял тууралуу баян” деп аталды. Анда Жамила Тойчубекова деген аял тууралуу сөз болот.

Бул аялдын акылга сыйбаган жоруктары буга чейин эле “Фабула”, “Де-факто”, “Агым”, “ПолитКлиника”, “Эл деми” гезиттерине жана АКИпресттин “Турмуш” деген сайтына жарыяланып келгенин, Тойчубекова Нарындын Жумгал районундагы Эпкин деген айылында жашарын, ижарага алган 50 гектар жердин жер салыгын төлөбөй койгондогу карызы 2 млн. сомго жеткенин, жерди же өзү иштетпей же иштетели деген элге бербей, элдин чөбүн өзүнүкү кылып ташып аларын, андан да кызыгы анын чыр-чатагын териштиргени барган комиссиянын башчысына бирде “Президенттик администрацияданбыз. Данияр Ильич Нарымбаевдин жардамчысы болом” деп телефон чалдырса, бирде “Министрликтен чалып жатабыз, чөптү Тойчубековага бербей коюуга акыңар жок” деп телфон чалдырарын жана башка кылыктарын белгилеген журналист Айбек Шамшыкеев Данияр Нарымбаевдин атын сатып шылуундук кылган жумгалдык аялдын соткаларынын номурларын да гезитке басып чыкты.

Макаласынын аягында журналист: “Урматтуу Данияр Ильич, сиз телевизордон бир жолу “менин атымды саткандарга мындан кийин катуу чара көрүлөт” деп айттыңыз эле. Эми сиздин атыңызды сатып жүргөн жумгалдык шылуун Жамила Тойчубековага чара көрөсүзбү? Же кол шилтеп коесузбу? УКМК аркылуу текшертип көрсөңүз эле баары айкын болот. Эгер бул маселеге азыртан чекит койбосоңуз Президенттик админстрациянын атын сатып, президент Атамбаевди, сизди жана башкаларды элге жаманатты кыла берчү аферисттер көз боёмочулугун токтотпой жасай берет” деп жазды.

XS
SM
MD
LG