Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Чубактын чуусундай чубалган иш


“Көк асаба” гезити “Алыкулга 100 жыл" деген рубриканын алдында КМУнун бир кездеги студенттери Ишенбек Осмонов менен Куштарбек Ысмановдун 1979-жылы “Ленинчил жаш” гезитине жарык көргөн “Жүрөгүмдөгү Алыкул” аттуу макаласын кайрадан жарыялады.

Макала “Алыкул жана поэзия”, “Алыкул жана шаар”, “Алыкул жана эмгек”, “Алыкул жана көл” деген бөлүмдөрдөн турат. Анда кыргыздын кымбат акынына эмдигиче эстелик тургуза албаган жамандыгыбыз тууралуу маселе коюлган. Ал эми бүгүн Алыкул өз ордун тапканын, Бишкекте, өзү туулуп-өскөн Каптал-Арык айылында үй музейлери барын, китептери жарык көрүп жатканын, акын өзү самап жазган Ысык-Көл боюна эстелиги даярдалып жатканын жазды.

Аталган гезитте Үркүн тууралуу макала да бар. Булардан тышкары “Жаштар саясаты турмушка ашуусу зарыл” деген кайрылуу кат, “Мекенчил таксисттерди тарбиялаган мекенчил жигиттер” деген аталыштагы маек, “Саясатка барганча саякатка бар” деген пайдалуу кеп-кеңештерди окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” гезити биринчи бетине “Фуджин” дүкөнүнүн ээсинин өлүмүнө шектүүлөрдү үч жылдан бери соттоп бүтөлбай жатат” деген макала басты. Мындан эки жыл мурда кытай бизнесмени Гуан Жу Чандын башы жарылган, колу-буттары жанчылган денеси темир жол вокзалы тараптан табылып, операция маалында эс-учуна келбей жатып көз жумган.

2013-жылы “Вечерка” гезитине “Фуджин” дүкөнүнүн ээсин ким өлтүрдү?” деген макала жарык көргөн. Ушундан бир жума өткөн соң ИИМдин басма сөз кызматы кытай ишкерин сабагандардын үчөө кармалды деп кабарлаган. Кармалгандардын бири күч органдарында иштеп жүрүп бошоп кеткенине эки жыл болгон киши болуп чыкса, экинчиси – Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнүн иштеп жаткан кызматкери болуп чыккан.

Тергөөдө белгилүү болгондой, кылмышкерлер бизнесменди бир нече этап менен өлтүрүшкөн. Адегенде аны Көк-Жар айылынын этегине алып барышкан, андан кийин чөнтөгүн тазалашкан. Андан кийин машинасы менен квартирасынын ачкычтарын, чөнтөк телефонун, үч миң сомун, 21 миң 750 сомдук банк картасын алышкан.

Тергөөнүн версиясы боюнча өлтүрүүнү уюштурган адам Свердлов раймилициясынын кызматкери болгон жана ал ошол райондо жашаган чет өлкөлүктөрдүн кайда жашарын, кандай иш кыларын жакшы билген. Кытай ишкери ай сайын ага келип “отметкадан” өтүп турган, кыргызча айтканда ага “крыша” болуп, көп жылдар бою акча алып турган.

Милиционер 2013-жылы ага төлөнүп келаткан акчанын ставкасын көтөрүүнү айтканына кытай ишкери макул болбой коёт. Ошондон баштап милиционерге кытайдын көзүн тазалаш керек деген ой келип, окуя ишкердин өлүмү менен аяктаган. Акырында бул боюнча 40ка жакын сот жыйыны болуп, кылмышкерлердин күнөөсү толугу менен далилденет. Бирок кылмышты уюштургандын өзү же Свердлов райондук милициянын кызматкери күнөөсү жок деп акталып чыгат да, калган экөөнүн бири 14 жыл, бири 16 жылга кесилип кетет.

“Вечерний Бишкек” гезити Чубактын чуусундай чубалган бул ишке алигиче чекит коюлбай келатканын, иш Жогорку Сотто турганын, ал эми кытай ишкерин өлтүргөнгө шектүү деген адам дагы эле издөөдө жүргөнүн жазып чыкты.

Толбой атат деген Токтогул суу сактагычындагы суу ушу кезде шүгүр экенин, жылдын ушул мезилине салыштырганда суу сактагычка 2 миллион кубметр суу көп кошулуп жатканын, бирок жылдан жылга электр энергияны колдонуу да өсүп баратканын кабарлады.

XS
SM
MD
LG