Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:04

Энергетиканын мыкчыгерлери эйфорияда


“Вечерний Бишкек” гезити ошондой эле “Карыз менен жоготуулар улам көбөйүүдө, ал эми энергобосстор эйфорияда” деген макала басты.

“Искра” гезити бүгүн жерге берилген көрүнүктүү мамлекеттик жана партиялык ишмер, Кыргызстанды алдыңкы агрардык жана өнөр жайы өнүккөн индустриалдуу өлкөгө айландырган, борборду кайра куруп чыгуу менен ал кездеги Фрунзе шаарын СССРдеги эң таза жана жашыл шаар атагына жеткирген, бүтүндөй акылы менен өмүрүн кыргыз элинин илим-билимдүү болушу үчүн, Кыргызстандын өсүп-өнүгүшү үчүн жумшаган залкар инсан Турдакун Усубалиев жөнүндө эскерүүлөрдү басты.

Жогорку Кеңештин депутаты Акматбек Келдибековдун, “Бир Бол” партиясынын Мыктыбек Абдылдаев баштаган мүчөлөрүнүн, гезиттин башкы редактору Адилет Айтикеевдин жана Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаевдин көңүл айтуу сөздөрү басылып чыкты.

Ушул эле гезит бүгүнкү санына Акматбек Келдибековдун сотунун стенограммасынын уландысын жарыялоону улантты, генерал Исмаил Исаковдун маеги “Курманбек Салиевич чакырып, “Жанымда ишене турган бир эле сен калдың. Коргоо министрлигинен келип күч органдарын өзүң жетекте, мага сага окшогон иш билги адам керек десе ишенип барып алыпмын” деген ат менен жарык көрдү.

Ушул эле санга Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Жылдызкан Жолдошеванын “Асия Сасыкбаева мыйзамсыз курулушу үчүн алган акчасын кайтарып берсин!” деген интервьюсу басылып, анда Асия Сасыкбаеванын “Интербилим” деп аталган борбору, бекер алган 5 сотых жер тилкесин 150 миң долларга сатканы жана башкалары тууралуу сөз болду.

Бүгүн жарык көргөн “Вечерний Бишкек” гезити борбор шаарда жөө кишилер баса турган тротуарлар киши баса албай калган абалга келгенин, кээ бирлерин кабат-кабат там кургандар тосуп алса, кээ бирлерин Кулматовдун жыйналбаган таштандылары басып жатканын жазды.

Премьер-министр Темир Сариевдин тапшырмасы менен көз карандысыз эксперттердин тобу Жол-кайгуул кызматындагы реформалардын пакетин иштеп чыккканын, анда коррупцияга каршы иш-чаралар камтылганын, маселен мындан ары жол кыймылын бузгандар накта акча менен айып пул төлөбөй тургандыгын, айдоочунун күбөлүгү ал мас абалында машина айдаганда гана алынарын, Токмок менен Кара-Балта шаарларына жана Бишкек-Токмок, Бишкек-Кара-Балта жолдоруна автоматтык системалар орнотуларын кабарлады.

Бишкек мэриясындагы жеке турак жайлардын курулушу боюнча департаменттин директору Самарбек Болотбековдун айтуусунда, мындан ары карай мыйзамсыз салынган турак жайлар соттун чечимисиз эле бузулуп салынарын, анткени мыйзамсыз турак жайлардын кожоюндары менен чатакташуунун аягы бүтпөй койгонун, акырында департаменттин мыйзамсыз курулуштарды соту жок эле бузуп салуу өтүнүчүн парламент жактырып, мыйзамга өзгөртүү киргизип бергенин, ушундан кийин Свердлов районунун “Дордойдогу” мыйзамсыз салынган бир үйдүн фундаменти соттун чечимисиз эле бузулганын, мындан ары да так ушундай болорун жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити ошондой эле “Карыз менен жоготуулар улам көбөйүүдө, ал эми энергобосстор эйфорияда” деген макала басып, Кыргызстандын энергетика тармагында “Кыргыз энергетикалык эсептөө борбору” деп аталган дагы бир ачык акционердик коом түзүлгөнү жатканын, анын негиздөөчүсү Мамлекетик мүлк фонду, уставдык капиталы 100 миң сом болорун, ошентип стратегиялык энерготармагында дагы бир, сегизинчи компания түзүлгөнү калганын, албетте жаңы түзүлгөн компания айлыксыз, акчасыз, тагыраак айтканда, бюджетсиз жашай албастыгын, азырынча энергетикалык борбор кардарларга качан эшигин ачары, борбордун штаты канча адамдан турары белгисиздигин, бирок бул тармакта иштегендердин айлыктары бала бакчалар менен мектепте иштеген мугалимдердикине караганда алда канча жогору болорун, ошол эле убакта энергетика тармагында каражаттын жетишсиздиги 9 миллиард сомдон ашканын белгиледи.

Мисалы “Электрстанциялар” ачык акционердик коомунун жоготуусу өткөн жылдагы үч миллиард сомдон эки эсеге ашып кеткенин, өкмөттүн айласы кеткенде энергокомпанияга бюджеттен 600 млн. сомдук ссуда бергенин, ошол эле учурда абоненттик карыздар 1-августка карата 1, 4 миллиард сомго чыгып барганын жазып чыкты.

XS
SM
MD
LG