Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:01

“Көк асаба” гезити жарык көрүп, ага Айбек Байымбетовдун “Жаштар канткенде биригет?” деген макаласы жарыяланды. Автор минтип жазды:

“Кыргыз мамлекетин өнүктүрөбүз деген ой динчилдердин оюнда шарият жолу менен, капиталисттердин оюнда либерализм жолу менен, ашынган улутчулдардын оюнда фашизм жолу менен, дагы башкасында башка бир жол менен деп. Ооба, өнүгүү үчүн көп түрдүүлүк, атаандаштык жакшы, бирок жалпы элдик, мамлекеттик жол бир багыттуу гана болуш керек”, деп.

Айбек андан ары улуттук аң-сезимдин жетиштүү калыптанбагандыгы жаштар арасындагы жармач патриотизмден даана көрүнөрүн, демек руханий жалпылык болуп, бир тамырдын каны болуп агалбасак, өмүрүбүз өткөнчө көрүнгөндүн арыгына суу куюп жүрүп өтөрүбүздү, ошондуктан азыр жаштарга улуу муундун деми, жигердүү идеологиялык бекем тыл керектигин, кайра жаралуунун кыймылы кыргыздын улуттук духуна, байыркы салтуу маданиятына негизделүүгө тийиштигин, биз ата-бабалардын каада-салтын өзөк кылган жолдо гана өз келечегибизди кура тургандыгыбызды айтты.

Бул санда “Көчмөн жашоонун көркү” деген макала жана фотосүрөттөр, Алыкулдун китептери тууралуу, Таттыбүбүгө арналып жарык көргөн китеп тууралуу рекламалар бар.

“Көк асаба” гезити ошондой эле НАТОнун ырайымсыз аракетинин аркасы менен 1999-жылы Югославияда согуш чыгып тынч жаткан мамлекет бытыранды өлкөгө айланганын, 2001-жылдан баштап Ооганстан, 2003-жылы Ирак, 2011-жылы Египет, Тунис, Йемен, Бахрейн жана Ливияда согуш отун тутантып, бул элдер согуш тозогун тартып келатканын, ал эми Сирия бүгүн өрттүн өзөгүндө калып, бейкүнөө адамдар, аялдар менен балдар өз үй, өлөң төшөгүн таштай качып, кара жанын калкалап калыш үчүн Батышты каптап жатканын, Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча 2011-жылы башталган согуштун айынан өлкөсүнөн качып чыккандардын саны 4 жарым миллиондон ашканын, мындан сырткары 7 жарым миллион сириялык үй-жайын таштап өз жеринде тентип калганын жазып чыкты жана муну далилдеген фотосүрөттөрдү басты.

Ошондуктан бейиштен артык жери бар, Мекени бар кыргызстандыктар үчүн, Кыргызстан эле эмес бүтүндөй адамзат үчүн чаң-тополоңсуз өнүгүү, согушсуз тынч жашоо, ойлогон ой-максаттарга, жакшылыктарга тынч турмуш менен жетүүнүн өзү канчалык кымбат экенин бүгүнкү Сирия күн сайын коңгуроо болуп кагылып тургансыйт.

“Вечерний Бишкек” гезити Кыргыз-орус өнүгүү фонду биринчи жолу чакан жана орто ишкерчиликти финансылаганын, президенттер Алмазбек Атамбаев менен Владимир Путиндин Дүйшөмбүдөгү жолугушуусунда аталган фонддун тагдыры мурдагы президенттердин жолун кайталабашын, фонд дайыма пайда алып келе тургандай иштеши тууралуу сөз болгонун, сөз бүгүн эми ишке ашып жатканын жазып чыкты.

Ушул эле гезиттен Орусиядан сатып келген автомобилдерди каттоо кыйын болуп жатканын айтып арызданган автосүйүүчүлөр көп экенин, Москванын тез жардам хирургия жана травматология илим-изилдөө институту менен Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын ортосунда жакшы байланыш түзүлгөнүн тиешелүү макалалардан окуйсуздар.

“Вечерний Бишкек” “Ипотека” деген рубриканын алдындагы макаласында, кыргыз өкмөтү “Жеткиликтүү турак-жай 2015-2020” деген ат менен ипотекалык насыялоо долбоорун иштетип жатканын, аталган долбоор Темир Сариев экономика министри болуп турган кезде эле башталганын, эми ал өкмөттүн башына келгенден кийин бекемдеп колго алганын, долбоорго ылайык Кыргызстандын үйү жок ар бир жараны насыя акча алуу жолу менен жашоо-шартын жакшыртса болорун, акча жылына 12 процент менен 15 жылга берилерин, ала турган үйдүн бир чарчы метринин баасы 600 доллардан ашпашы керектигин, насыяга берилген акчага квартира сатып алса же үй салып алса болорун жазды.

Ал эми укук коргоочу Калича Өмүралиеванын ою боюнча, 12 проценттик үстөк көптүк кылат, дүйнөлүк практикада мындай долбоорлор 1 проценттен 6 процентке чейин эле болот, ал эми 15 жылга берилет дегени жакшы.

Республикада дан эгиндерин жыйноо аяктап калганын, тамак-аш майы алынуучу өсүмдүктөр, картошка казылып жатканын, бирок 24 жыл мурдагыдай эле буларды кайра иштете турган ишканалар жоктугун, бир эле мисал, бирдеме болсо эле тоталитардык өлкө деп бышкырып турган Өзбекстан пахтасынын сапаты боюнча жакын арада дүйнөлүк рынокко чыкканы калса, биз демократиялуу өлкөбүз деп көкүрөктү көчөгө чыгып койгулап жүрүп, 24 жылдан бери пахтаны кайра иштетчү ишканаларды талкалоо менен гана алек болгонубузду жазып кейиди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG