Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:38

Кыргыз гезиттери саясат, түрмө, чек ара, миграция тууралуу жазышты.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Кадам ушул” деген макаласын тартуулап, автор буга чейин шапкедей алмашып, элдин эсинде фамилиясынан башка эч нерсеси калбаган өкмөт башчыларын эске салып, жаңы бекиген Темир Сариевди 20 жылдан бери жакшы билерин, Сариев жаратылышынан токтоо, ыймандуу, бой көтөрбөгөн, мактанбаган, жулунбаган, улууну урматтап, кичүүнү сыйлаган, карапайым ата-эненин, кадимки кыргыз айылынын салт-санаасын, тарбиясын алып өскөн, элин да, жерин да мыкты билген адам экендигин, эми бекиген соң Сариев мурункудан да мыкты иштеши керектигин айтып, ишине ийгилик каалады. Мирлан Алымбаев көптөн бери оору менен алышып келаткан белгилүү журналист Кенжебек Арыкбаев менен маек курду.

Карыя журналист Үсөн Касыбеков бул жолку макаласында жаңы парламенттин баса турган жолу кандай болушу керектигине ой калчады. Жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин макаласы “Алмазбек Атамбаевдин элдик президент болууга жасаган кадамдары” деген ат менен жарык көрдү.

“Де-факто” гезити Темирлан Сарлыкбек уулунун “Артыкчылыктан баш тартуу эрдик эмес” деген маегине орун берди. Саясат иликтөөчү маегинде депутаттардын иштөө шарты, кызматтык автомашина, квартира, кол тийбестик сыяктуу артыкчылыктар менен жеңилдиктер кандай болушу керектигин кеп кылды. Ушул эле гезит КМШ мамлекеттеринин Орто Азия жана Казакстан боюнча эксперти Андрей Грозиндин “Кыргызстан–Борбордук Азиядагы салыштырмалуу туруктуу өлкө” деген макаласын кыргызча басты.

“Жаңы агым” гезити журналист Келдибек Назировдун “Сох анклавы чечилмейинче кыргыз-өзбек чек арасы чечилбейт” деген макаласын тартуулады. Журналист макаласында Сох жаңжалынан кийин сохтуктар Өзбекстанга өтчү 30 чакырымдык кыска жолду жаап салышканын, учурда анклавда жашагандар 80 чакырым жол басып Өзбекстанга өтүп келатканын, ал эми Кадамжай районундагылар облус борбору Баткенге баруу үчүн 40 чакырымдын ордуна 100 чакырымдан ашуун жол басарын, ага чейин өзбек тарап Кыргызстанга көчүп кеткиле дегендей кылып, Өзбекстандын аймагында калган Барак айылынын жолун тосуп, 100 чакырымдан ашуун жердеги Кызыл-Кыя шаарынан өтүүнү сунуштаганын, Сох маселеси жер алмаштыруу менен да чечилбестигин, анткени анклавда 70 миң эл жашарын белгиледи.

Автор ошондой эле бул жердеги чыр-чатак тынчыгандай көрүнгөнү менен бардык ыйкы-тыйкы Өзбекстандагы саясий абалга жараша болорун, ошондуктан туңгуюктан жол таап, жарааты туюк жара болуп түбүнөн ырбап турган Сох маселесин тез арада тактап алуу зарылдыгын, учурда Баткендин эң мыкты алмалары 25-30 сомдун тегерегинде болсо, кыргыз-өзбек чек арасы ачылса 50-60 сомго чыкмагын, маселени чечүү эки өлкөнүн бийлигинин гана колдорунда экендигин кошумчалады.

Ушул эле автордун дагы бир макаласы “Кыргыз түрмөлөрү соттолгондорду тарбиялайбы же мыкаачыларды кайра даярдайбы?” деп аталды.

“Вечерний Бишкек” гезити да ушул маселеге кайрылып, “Зектердин түрмөдөн качышы начальниктерди эч нерсеге үйрөтпөй койду” деген макала тартуулады.

Автор эң эле коркунучтуу деген баш кесерлер түрмөдөн качып чыгып кеткен күндө да эч ким жазаланбай кала берип келатканын, маселен Батукаев “өлгөнү жатат”, “эки-үч күндүк гана өмүрү калды” деген сөз менен качырып жиберишип, ал жетчү жерине эбак жетип алган соң Жогорку Кеңеш жер муштагылап чуу чыгарганын, ошондо Батукаевди качырган далай “мыктылардын” аттары аталганын, бирок бири да жазаланбаганын, демек кылмышкери жазаланбаган өлкө акыры башы жок, ууру-кескилердин тепсендисинде калган өлкөгө айланарын, ал эми кылмышкерлерди качырып жиберген түрмөлөрдө эч ким эч качан жооп бербей, түрмө жетекчилери гана бири тыякка, бири быякка гана жылдырылып келатканын жазып чыкты.

“Вечерний Бишкек” гезити “Биздин эң жакын союздашыбыз ким?” деген макала басып, ноябрдын төртүндө Орусия Элдик биримдик күнүн белгилегенин, ушуга байланыштуу Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутько элчиликте кабыл алуу уюштурганын, элчи Кыргызстан менен Орусиянын элдеринин биримдиги боюнча сүйлөгөн сөзүндө мындан ары Орусияда кыргыз мигранттары деген түшүнүк жоюлганын, кыргыз мигранттары эми орусиялыктар менен тең катар укугу бар адамдарга айланганын, биз мындан ары да ар бир кыргызстандык орусиялыктар менен социалдык бирдей укуктарга ээ болушу үчүн болгон күчүбүздү жумшай беребиз деп айтканын жар салды.

XS
SM
MD
LG