Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

“Жал Артистеги” жаңжалга шектүүлөрдүн бири кармалды


"Жал Артис" турак-жай комплекси.
"Жал Артис" турак-жай комплекси.

Бишкектеги “Жал Артис” турак-жай комплексинде коопсуздук кызматкеринин сабалышы жана батирлердин бирине кол салуу боюнча шектүүлөрдүн бири кармалды. Шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаев “Азаттык” радиосуна билдиргендей, кылмышка катышы бар башка адамдардын тек-жайы аныкталууда.

19-февралда аталган турак-жай комплексинде жашагандар милицияга кайрылып, топтошкон эркектер үйдүн коопсуздук кызматкерин сабап кетишкенин билдиришкен. Алардын бири милициянын документин көрсөтүп, 17-кабатта жашаган чет элдик жарандын батиринин эшигин зордоп ачууга аракет кылган.

Коопсуздук кызматкеринин сабалганы тартылган тасма интернетке да тараган. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG