Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:24

Каны бай, калкы жарды өлкө жарыбайт


Гезиттер Кыргызстандын ичиндеги саясий жана экономикалык турмуштун күңгөй-тескейин “аңтарып-теңтерген” кабарларды, макалаларды басты.

Бүгүн жарык көргөн “Параграф” гезити Бек Алымбеков аттуу автордун “Акырын бассаң аксак, катуу бассаң таскак” деген макаласын тартуулады. Анда саясатчылар арасында адегенде майда-барат ушактар таратылып, анан аны гезиттер аркылуу туш-тушунан үйлөп отуруп, алоолонтуп, акырында чоң жаңжалга айлантып жибермей адатка айланып баратканы туурасында кеп болот.

Гезит ошону менен бирге эле экс-спикер Алманбет Матубраимовдун маегине орун берди. Президентти, өкмөттү, парламентти сынга алган Алманбет мырза мамлекеттик башкаруу системасын өзгөртмөйүн өзгөрө албастыгыбызды айтып, Улуу элдик курултайды Баш мыйзамга киргизүүнү, бийликтин үч бутагы ушул курултайдын алдында отчет берип турушун жактай тургандыгын белгилеген.

“Айат” гезити Искак Масалиевдин “Президенттик шайлоого катышам” деген маегин басты.

Ушул эле санга Чүй облмилийсасынын начальниги Бакыт Жусубалиев маек куруп, өткөн жылдан бери Кыргызстандын башынан өткөн оор кырдаалдын баары күч органдарынын, өзгөчө милийсалардын башына түшкөнүн, бүгүн эл-журттун колдоосу менен күч органдары кылмыштуулукка каршы күрөшүп жатканын, маселен Чүйдүн аймагындагы көптөгөн кылмышка тиешеси бар адамдар камакка алынганын баяндады.

Балбак Түлөбаевдин макаласы “Текебаевге каршы” деген ат менен жарык көрүп, макаласында түрк мамлекетинин башкаруу системасын үлгү катары мисалга алып, аны Кыргызстан багыт алган башкаруу системасы менен салыштырып, биздин башкаруудагы оош-кыйыштарды, кемчиликтер эмнеде болуп жатканын далилге тартты.

“Акаев менен Бакиев бийлигинен байлык тапкандар” деген фото баяндын алдындагы жарандар кимдер экендигин да мына ушул “Айат” гезитинен окуп, таанышып алсаңыздар болот.

“Айгай пресс” гезити 7-апрелди эскерген макалалардын топтомун, бейкүнөө шейит кеткен жигиттерге арналган ыр саптарын тартуулады.

Аталган гезит “Деньги и власть” гезитинин “Кыргыздын ырыскысын уурдаган кимдер?” деген макаласын кыскартып жарыялады. Макалада: “Чындыгында "Кумтөрдөн" сатылган алтындын наркы Кыргызстандын буга чейинки дүйнө өлкөлөрүнөн алган бардык карыздарынан жогору турат. Бүгүн тышкы карызыбыз 2,5 млрд. долларга барабар. Ошол эле учурда “Кумтөрдүн” алтынын калпып алып жаткан жападан жалгыз канадалык компания 5 млрд. доллар алтынды сатып отурат. Дал ушул үчүн эле Акаев менен Бакиевди Ала-Тоо аянтына алып чыгып атып салыш керек. Ошондо гана түндүк-түштүк ажырымы бүтөлүп, бири-бирине таарынганды коюп, эки канат кыргыздын көксөөсү сууйт. Эки качкын президенттин 15 жылдык башкаруусунда “Кумтөрдөн” жалпысынан 4 млрд. 799 млн. АКШ долларына барабар алтын сатылган. Акаевдин да, Бакиевдин да убагында канадалыктар салык төлөгөн жок. Эгерде алынган пайданын 70 проценти эле элде калганда өлкөбүз көрүнгөндүн көзүн карап карыз сурабайт эле. Ошондуктан биз: “эми элибизди дагы эле алдап, тоной бересиңерби?” деген суроого жооп алганда гана Кыргызстанда революция токтойт” деп жазды.

“Пресс kg” гезити бүгүнкү санын “Өкмөт тагдыры жана президенттик шайлоо”, “И. Пирматовдун былыктары аныктала баштады, эми мандатын тапшырабы?”, “7-апрелде кыргыз эли Бабановдордун байгерчилиги үчүн көтөрүлгөн беле?”, “Манасы бар элдин келечеги кең, асабасы бийик” деген макалалар менен ачты.

Аталган басылма генерал Өмүрбек Субаналиев менен маектешип, бир катар суроолорго жооп алды.

- Уюшкан кылмыштуулукту жоюуга кыргыз милийсасынын күчү жетеби?-деген суроого Өмүрбек Субаналиев:

- Алы жетет. 24 сааттын ичинде тазалап салса болот. Фактылар өтө көп. Ошол фактыны көтөрүп, операцияны баштап эле камап салса болот. Биздин айрым мурдагы облус жетекчилери Камчы Көлбаевден коркуп, чепкен жаап, калпак кийгизип жүрсө каяктагы кылмыштуулук менен күрөшөт. СССР убагында “вор в законе” дегендердин көбү грузиндер болгон. Саакашвили ким “вор в законе” болсо, ошолордун баарын түрмөгө отургузчу мыйзам кабыл алды, каматты. Биздей андай болгон жок да,-деп айтты.

“Асман преss” гезитине маек курган Жогорку Кеңештин депутаты, генерал-лейтенант Токон Мамытов түрмөлөрдө болуп өткөн башаламандыкты мурда бийликте туруп, качып кеткен Максим Бакиевдин айланасындагылар уюуштуруп жатканын, бул козутуу Маевканы, Ош коогалаңын уюштургандардын карөзгөй максаттарынын уландысы экендигин эскертти.

Бул санга мына ушул “Асман преss” гезитинин кожейкеси Лариса Асанбекованын “Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат” деген аталыштагы макаласын окурмандарга сунуш кылды. Макалада гезиттин пайда болушу, чачылган акчалар, интригалар, журналисттердин бири бири менен мамилеси, бири бирине бут тосмойлор туурасында баяндалат. Фаризат Асанкалый кызы, Элнура Кулева, Кален Сыдыков өңдүү журналисттердин, айрым саясатчылардын аттары аталат.

“Учур” гезити аркылуу оюн билдирген саясый серепчи Орозбек Молдалиев:

- Коалициянын бузулганы эч кимге пайда алып келбейт. Биз парламенттик системага жаңы гана кадам таштаган өлкөбүз. Андыктан сөзсүз талаш-тартыш болуп турат. Баарынан оңой система авторитардык система. Анткени ага көп акылдын кереги жок. Бийликтин баары бир адам колуна топтолуп, өз өкүмзордугу менен башкара берет. “Ак жол” партиясы бийликте турганда качан бийликтин кемчилиги бүгүнкүдөй бетке айтылчу эле?-десе;

Дагы бир саясый серепчи Токтогул Какчекеев:

- Грузиядагы реформаны жаңы муун жасады. Ошон үчүн жылыш болду. Бизде бардык тармакта эски кадрлар олтурат. Жаштардын болсо даярдыгы да, тажырыйбасы да жок,-деп;

Борбор Азиядагы эркин базар институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев:

- Ички дүң продукциянын көбүн салык, бажы төлөмдөрү аркылуу мамлекет өзү эле жеп жатат. Биз мына ушуларды эле жоюп, салыктын түрүн азайтсак эле эл өзүн беймарал багып кетет. Ал эми өкмөттүн ар бир үйгө уй берели дегени саясий популизм. Жакында бажы союзуна кирели деген сөздөр чыгууда. Бул да курулай популизм. Бажы союзуна кирсек Орусия менен Казакстандан келчү кымбат товарларга күнүбүз түшөт. Башында Грузиянын реформаларын кайталайбыз дешкен. Чындап эле кайталасак өзүбүзгө эле жакшы болмок, бирок муну да саясий популизмге айландырышты,-деп айтты.

Баяндамачы Сабыр Мукамбетовдун өкмөттүн айланасындагы саясий абалды талдоого алган баяндамачы Ажар Караева аттуу автордун “Өз башындагы чөптү көрбөй” деген ат менен Өмүрбек Текебаевди сындаган макаласы ж.б. бар.
XS
SM
MD
LG