Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:11

Бүгүн жарык көргөн гезиттер окурмандарга өлкөнүн саясий, экономикалык абалына арналган макалаларды сунушташты.

“Алиби” гезити жазуучу Чолпонбек Абыкеевдин “Эсеби табылбаган элдик курултай” деген көлөмдүү макаласын тартуу кылды. Курултайларды жактап, анын калыстыгындай калыстык жок экендигин даңазалап жүргөндөрдүн айткан-дегендери курулай сөз, ата-бабаларыбыз мына ушул курултайлар аркылуу элди тим эле адилет башкарып келген дегендери жомок экендигин, бул жаратылышта калыс бийлик деген кыргыз тарыхында эч качан орной электигин, качан болсо эле алдуусу алсызын баса калып, жеп, эзип келген турмуш уланып келатканын кеп кылган Абыкеев андан ары жарга такалгандагы “Эмне кылуу керек?” деген суроого жооп издеген.

Журналист Папан Дүйшөнбаев ушул эле “Алиби” гезитиндеги макаласында Жогорку Кеңеште Кыргызстандын мамлекеттик символдорун өзгөртүү боюнча курамы 20дан ашуун адамдан турган комиссия түзүлгөндүгүн эске салып, мамлекеттик атрибуттарды кайра-кайра өзгөртө берүү эч кандай пайда алып келбестигин, ошондуктан союз убагындагы Герб менен Тууга кайрылып, андагы беш жылдызды жарым айга же түндүккө алмаштырып койсо эле маселе чечилет эле деген ойду айтты.

“Фабула” гезити бир кезде жакшы жашоодон үмүт кылып, аткаминерлердин кеңсесинен таппаган акыйкатты көчөдөн, митингден, пикеттен издеген кез болгонун, бүгүн эми кайрадан жанданган митингдер өлкөнү башаламандыкка, туруксуздукка алып келүүчү опуртал оюнга айланганын, митингдер эми башка түргө өтүп, бир саясатчынын экинчи бир саясатчыдан өч алуусуна, башаламандык аркылуу эптеп бийликке жетүүнүн куралына айланганын сөзгө алды.

Аракеев аягында: “Түрмөдөгү кылмышы аздары да, бирок алар менен чогуу отуруп, киши өлтүргөндөр, акча үчүн бейкүнөө адамдарды койчо мууздагандар, жаш балдарды, аялдарды зордуктап, кыйнап өлтүргөндөр ачкачылык жарыялап, ар кандай талаптарды коюп турса, алардын укугун коргоп чыккан укук коргоочулардын аракетин накта кылмыш деп билем. Баш кесерлерге Кыргызстан тургай, дүйнө аңтарылып кетсе да баары бир. Анан алардын тилегин коргоп, адам укугун коргоп чыккан жүзү каралар көбөйдү. Мамлекет болсо "обончу катындардын" алдында туралбай онтоп жатат. Онтоп жатып өлкөнү так ошондойлордун ордосуна айлантмай болдук” деп жаны кашайды.

Африкадан бакыт издеп барып, кулга айланып, “Замандаштын” жардамы менен араң дегенде Мекенине кайтып келген кыргыздардын көргөн тозогу “Африкадан бакыт издеген кыргыздар” деген макалада баяндалат.

“Кыргыз туусу” гезити “Коалициялык өкмөттүн ишинин натыйжасын сездиңизби?” деген суроого жооп берген айрым атуулдардын ойлоруна орун берди.

Журналист Нарынкүл Назаралиеванын макаласы “Коалициялык өкмөткө 100 күн” деп аталып, өкмөттүн ушул аралыкта жасаган иштерин чагылдырды.

“Кыргыз руху” гезити “7-апрелге репетиция” деген макала басты. Макалада: “Кийинки жумада 7-апрель болмокчу. Өлкөбүздү кандуу калабага салган бул күндүн бир жылдыгын бардык мекендештерибиз чочулоо менен күтүп турган чагы. Мамлекет үчүн каза болгондордун алдында бүгүн мактана турганыбыз аз. Эч нерсе өзгөрбөдү. Чийилген кассетадай болуп баягы эле карышкырлар бийлик башына келишти. Андыктан 7-апрелде нааразы эл кайрадан толкушу мүмкүн. Мындан бардык саясый күчтөр өздөрүнө калкан даярдашууда. КСДП партиясы менен “Республика” партиясы элдин нааразылыгынан пайда болуучу туруксуздукка кооптонсо, “Ата Мекен” менен Элдик Конгресс нааразы тарапты бооруна тартууда. “Ата Журт” партиясы Бакиев убагында антимитинг дегенди аябай өздөштүргөндүктөн элге элди каршы коюуну тымызын даярдап жаткандай. Ал арада “Ар-намыс” да жөн жатпай, элдин бир тарабын тополоңго салып, эптеп бийликке жетсем деген эки көзү төрт” деп жазды.

“Гезиттин бул санына ошондой эле “Апрель баатырлары” коомдук бирикмесинин төрагасы Турусбек Сагынбаевдин “Кыргыздар жарадарларын жана өлгөндөрүн таштай качпаган, бирдиктүү, ынытмактуу, баатыр эл экенин көрсөттү” деген ат менен маек курду. Маегинде ал азыр өлкөгө жаңы система келе электигин, болгону үй-бүлөлүк трайбализм партиялык трайбализм менен алмашканын, маселен кечээ эле элдин канын соруп келген Максим Бакиевдин ЦАРИИ деген аталыштагы инвестициялык агенттигинде иштегендердин, учредителдик, байкоочулар кеңешинин мүчөлөрү азыр да толугу менен өкмөттүн курамында отурушканын мисалга тартып, “демек азыркы бийликтен качып жүргөн Бакиев менен ич ара алака түзүп турган мамилелердин жыты келип турат десек болот” деп айтты.
XS
SM
MD
LG