Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Көргө тартпай, өргө тартчу кез келди


Гезиттер өлкөнүн саясый турмушундагы болуп жаткан көрүнүштөрдү чагылдырып, өлкөнү аркы-терки чайкап жаткан күчтөрдүн максаты барып-келип эле бийлик болуп жатканын талдоого алды.

Маалымат айдыңында дагы бир саясый гезит “Жаңылык” деген ат менен жарыкка чыкты. Башкы редактору Өмүрзак Төлөбеков. Анын айтымында, аталган басылма дүйнөлүк, республикалык массалык маалымат каражаттарына жарыяланган, кызыктуу делген материалдарды кайталап басып турмакчы. Алгачкы саны 15 миң нуска менен жарык көрдү.

Ошентип жаңы чыккан “Жаңылык” гезити башкы макаласын “Президент ким болот?” деген аталыш менен баштап, 20 жылдан бери ээрден түшпөй келаткан таанымал саясатчылардын ар биринин жасап аткан ишине, аракетине, дымагына, түндүк менен түштүктөгү салмагына токтолуп: “Орус эксперти Собянин “жайында түштүктө коогалаң чыгышы күтүлөт, анын шылтоосу менен АКШ Отунбаеванын бийлигин узартууга далбастайт” деп олуялык кылып чыкты. Ылайым орус серепчисинин ою таш капсын! Президент кимиси болсо да ал экинчи маселе, эң башкысы кутман кыргыз жеринде тынчтык, бейпилдик өкүм сүрсүн!” деп тилек кылды.

“Фабула” гезити Баратбай Аракеевдин “Жигитчилик менен абийирдин баасы канча?” деген суроо койду.

- Бүгүнкү күнү кызмат тийбей калгандар менен кызматтан куулгандардын баары бийликтин ар бир аракетин ревизиялап, элдин көзүнө жалаң негативдүү жагын көрсөтүүгө жан үрөп, көтөрүлүшкө ачык да, тымызын да үндөп турган кези.

Дагы бир кыргынды күсөп турган айбандарга катуу чара көрүш керек. Бийлик болсо аларды эркелеткенден тажабады. Баарынан да чет элдин акчасына күлтүңдөгөн катындар кутурду. Качпай калган “бакиевчилер” эми демин жыйып алып, президенттик шайлоого аттанганы туру. Аларга өз куралы менен өздөрүнө сокку урганда болмок. Анын ордуна бүгүнкү бийлик “жок, биз деген Бакиев убагындагыдай болбойбуз
, демократиялуу жол менен барабыз” деп ылжырап олтурат,- деп кыжыры кайнады.

Аталган гезит бул санына Дооронбек Садырбаевдин жардамчысы болуп, маркумдун жанында 19 жыл чогуу иштеп жүргөн Курманбек Турумбековдун маегине орун берди.

Турумбеков Докеге “Бакиевдер уу берип өлтүрткөн” деген сөз кашкайган чын экенин. Аны ашпозчу кыз аркылуу атайлап лагманга уу кошуп берип уулантканын айтып, ошол уулангандан кийин Каркыра сатылып калып, Доке Көлгө барып, ал жерден жумуртка менен башка жеп:

- Жерин сатып атса Бакиевди колдогон ушундай жүзүкара адамдар болот экен!- деп каңырыгы түтөп кайтканын, ошондон кийин “дарты” ого бетер күчөп, ошондон оңбой калганын, дагы бир жолу Данияр Үсөнов ага: “Доке, сен ушунчалык акылдуусуң анан кедейсиң” дегенде “Анткени мен сендей элдин ырыс-кешигин жеген эмесмин” деп жооп бергенин эскерген.

“Алиби” гезити Болотбек Таштаналиевдин “Жарака” деген макаласын тартуулады. Автор анысында саясатта “Түбөлүк достук эмес, түбөлүк кызыкчылык болот” деген эреже барын, кечээ эле ийиндеш, таламдаш болгон “Ата Мекен” менен КСДП партиялары бүгүн эки жээкке туруп алып, биринин короосуна бири таш ыргыта баштаганын, Кубатбек Байболовун “жоготкон” “Ата Мекен” партиясы Атамбаевге түз каршы чыкпаса да чабуулду Бабановго жана анын “Республика” партиясына карата багыттаганын белгилеп: "Акыркы саясый жүрүштөргө көз салсаң “Ата Мекен” менен “Ак шумкар” бириге турган өңдөнүп калды" деп жазды.

Макаласын жыйынтыктап баратып журналист: “ Эми түбөлүгү гана түз болсун! Бир гана ыйык, бузулгус нерсе бар - ал Ата Журтубуздун, Кыргыз мамлекетинин бүтүндүгү. Элдин тынчтыгы, бейпил жашоо. Калган-катканы эч нерсеге арзыбайт” деди.

Буга улай эле премьер-министр А. Атамбаевдин “Саясатчылар Кыргызстандын тагдыры менен ойношпосо дегим келет” деп айтканын сүйлөгөн сөздөрү менен басып чыкты.

“Эркин тоо” гезити ЖК төрагасы Акматбек Келдибековдун телефон аркылуу окурмандар менен баарлашуусунун уландысын жарыя кылды. Ал “Экономиканы көтөрүү үчүн тынчтык, тартип керек” деп аталды.

Ушул эле санда ЖК депутаты Абдрахман Маматалиевдин “Туунун өңү, Гимндин сөзү боюнча талаштар токтош керек” деген, дагы бир депутат Надира Нарматованын “Улуттук саясат концепциясы – тынчтыктын, биримдиктин, бүтүндүктүн багыты” деген маектешүүлөрү тартууланды.

Адабият темасына басым жасаган гезит бул санына эл акыны Рамис Рыскуловдун президент Роза Отунбаевага арноо ырын, акын Карбалас Бакировдун акын Манап Алиевдин “Жан күйөр” аттуу жыйнагын билдирген жакшы пикирин, балдар акыны Токтосун Самүдүновдун жеткинчектерге арнаган жаңы ырларын сунуш кылды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Кыргызстандын келечеги – Бажы союзунда: Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсү боюнча өкмөттө жумушчу тобу түзүлүп, ишке киришти” деген макала менен ачты.

Журналист Күмөндөр Усуптегиндин Нарындан жазган макаласы “Нарын: Жетим-Тоону жетимсиретпегиле!” деп аталат.

Автор Жетим-Тоого байланыштуу ызы-чуу качан, кантип башталган тарыхын баяндап, кендин, элдин артындагы сөздөрдүн чын-бышыгын иликтөөгө алган.

Ошол кендүү тоого жакын Орток айлынын тургундары кийинки жылдары Нарын сууга муз тоңбой, карагайлардын бүчүрлөрү саргая баштаганын, мунун кесепети "Кумтөрдөн" болуп жатканын, кокус Жетим-Тоо жардырылса мындан да жаман болорун айтып чочулашкан.
XS
SM
MD
LG