Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:52

“Фабула” менен “Алиби” гезиттери саясат, парламент, коалиция маселесин жазып чыкса, “Кыргыз туусу” гезити Бажы союзун талдоого алды.

Бүгүн жарык көргөн “Фабула” гезити журналист Баратбай Аракеевдин парламенттеги коалиция тууралуу макаласы менен жаңы санын ачты.

Айрат Шералы аттуу автор "Мегакомдун" изи Казакстанга дейре кеткенин кеп кылса, Аман Акматов аттуу автор “Аксакалга акаарат айткан Акылбек” деген ат менен Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун ишмердигин сынга алды.

“Ар Намыс” фракциясынын 10дон ашуун депутатынын коалицияга кирүү жөнүндөгү билдирүүсүнө айрым депутаттар ойлорун айтып чыгышты.

Депутат Өмүрбек Текебаев: - Мен фракцияда кала берем, бирок коалицияга кирем дегендери Башмыйзамга карама-каршы келет. Депутаттар өз алдынча коалицияга кире албайт, бир гана амалы бар, эгер “Ар-Намыстын” депутаты 10 эмес, 13 болуп, Куловду фракциянын төрагалыгынан алып, анан жалпы фракцияны коалицияга алып кирип кетсе болот,-деп;

Депутат Дамира Ниязалиева:
- Фракциядан чыгабыз деп жазуу жүзүндө арыз жазгандан кийин, депутатты мандатынан ажыратуу мүмкүн эмес. “Ар-Намыс” фракциясынын бул депутаттары “өлкөдө туруктуулук болсун, өкмөткө мүмкүнчүлүк берели, жардам кылалы” деп өз эрки менен коалицияга кирип жатат. Демек “бөйрөктөн шыйрак чыгарбаш керек,- деп;

Депутат Каныбек Иманалиев: - Биз көрүп атабыз, парламентте да, өкмөттө да иш жүргөн жок. Ошондон улам ушундай саясый чечим кабыл алдык. Мунубузду эл да колдойт. Эми парламентте абсолюттук көпчүлүктүн коалициясы түзүлүп, парламент менен өкмөттүн иштөөсүнө жеңилдик болот. “Ар-Намыс” экиге бөлүнгөн жок. Фракциянын 13 мүчөсү да өз билдирүүсүн даярдап жатат. Эгер баары кол койсо, анда баарыбыз коалицияга киребиз. Бул кадам Башмыйзамга эч кандай каршы келбейт. Каршы келет деген ойду айткан Өмүрбек Текебаевдин ою, анын өзүнүн жеке көз карашы, - деп жооп берди.

Аталган “Фабула” гезитиндеги макаласында Эртабылды Аттокуров жалпы элдин кызыкчылыгын ойлоп, коалицияга кошулгусу келип чыккан “Ар-Намыстын” 10 депутатынын кадамы “Ата Мекен” партиясына караганда кыйла демократиялуу багытта иш жүрүгүзүп жаткандай таасир калтырат деп сыпаттады.

“Алиби” гезити коалиция маселесине “Ар-Намыс” уйкудан ойгонду” деген макаласын арнады. “Эгер “Ар-Намыс” фракциясы коалициялык көпчүлүктүн катарына кирсе Феликс Кулов Бабановдун ордуна 1-вице-премьер-министр болуп калабы? Мунун укуктук-мыйзамдык жагы өтө талаш. Анткени Бабанов биротоло кете элек. Баарын убакыт көрсөтөт. Канткен күндө дагы баягы эле сяасаттан башыбыз чыга элек. Эгин айдалып жатабы? Элет эмне болууда? Мугалимдер менен врачтар кантти?” деген суроолор менен баш оорутушубуз керек эле” деп жазды.

Көптөгөн улуттар, элдер тарых жолунда өзунөн алдуу-күчтүү элдерге “жутулуп”, сиңип жок болушканын гезит баяндамачысы Папан Дүйшөнбаев баяндады. Автор 2005-жылы кыргызстандык 17 миң адам орус жарандыгын алса, 2006-жылы 40 миң, 2007-жылы 50 миң, 2008-жылы 100 миңден ашуун адам орус жарандыгын алганын, ал эми жалпысынан орус жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 500 миңге жакындап барганын, өлкөдөн тилекке каршы элдин алдуу-күчтүү, эрктүү бөлүгү кетип жатканын, кокус бул процесс улана берсе 5-6 жылдан кийин жалаң гана пенсионерлер, базарда олтургандар, элге сүлүк курттай жабышкан саясатчылар, башка өлкөлөр талап кылбаган мугалимдер менен врачтар, анан жаш балдар гана каларын, алдуу-күчтүү жаш кыргыз улан-кыздарынын баары “эл жуткуч” элдерге кошулуп “жок болорун” кейиш менен кеп кылды.

“Кыргыз туусу” гезити бүгүнкү санын “Ошту гүлдөгөн шаарга айлантабыз” деген макала менен ачып, өкмөт башчысы Алмазбек Атамбаевдин өлкөнүн түштүк аймагындагы иш сапарынан баяндаган.

Гезит журналист Мамат Сабыровдун “Кыргызстан бажы союзуна баратат: күңгөйү менен тескейи” деген макаласын басып, айрым адистердин ойлоруна орун берди.

Маселен жеңил өнөржай ишканалары биримдигинин деректири Сапарбек Асановдун оюнча, Кыргызстан Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмуна мүчө болуп туруп деле жыргап кетпегенин, болгону чек аралар ачылып, башка өлкөлөрдүн товарларын гана сатып алып калганыбызды, эчнерсе экспорттой албаганыбызды айтуу менен Бажы союзуна кирүүнүн оң жактарын белгиледи.

Ал: - Макул бажы союзуна кирбей койдук дейли. Россия менен Казакстан биздин продукциялардын бир килосуна 5 евродон пошлина киргизип коюшу мүмкүн. Бир эле мисал, жыгачтын бир кубуна 100 евродон пошлина кириши ыктымал экен. Ошондо бүгүнкү бир кубу 14-15 миң сом турган жыгач-таш эртең дароо 22 миң сомго чыгат,-деп айтты.

Белгилүү экономист Айылчы Сарыбаев, Кыргызстандын азыркы абалын “өйдө тартсаң өгүз өлөт, ылдый тартсаң араба сынат” абалында турат” деп мүнөздөп, ДСУга же Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмуна кирип, колхоз-совхоздорду айбанчылык менен таратып, жапайы рынокко өтүп, баарын талкалап салып, эми Кытайдын товарысыз оокат өткөралбай калганын, ошондуктан Бажы союзуна кирүү деген бир-эки тигүүчү цех, он чакты соодагер каалап жатат деп эле дароо чече койчу маселе эместигин, муну бүгүн өзүбүз шайлап алган депуттар чечүүгө тийиштигин, Бажы союзун эчтеке боло электе эле кыйкырып, саясатка айландыруунун кажети жоктугун, дагы бир эске ала турган жагдай күзүндө Россия менен Казакстан ДСУга мүчө болуп кирсе Бажы союзу өзүнөн өзү тарап жок болорун, муну да байкап туруш керектигин айтты.

Дагы бир адис, белгилүү экономист Шайлообек Мусакожоев Бажы союзуна кирүүнүн оң дагы, терс жагы да барын, ошондуктан кирерден мурда бардык тарабын таразалап чыгуу зарылдыгын, маселен Бажы союзуна киргенде азыр Кыргызстанда орточо тариф 5 процент болсо, союзга киргенден кийин тариф балким 10 процентке жетиши мүмкүндүгүн, өзгөчө өлкөгө сырттан келе турган машиналарга же автомобиль менен соода кылгандарга чоң тоскоол болорун белгилеп: “кыргызда “шашкан шайтандын иши” деген накыл кеп бар, ошондуктан өкмөт шашпай, Россия менен Казакстандын Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмуна кирүүсүн күтө турушу керек” деген сунушун айтты.

“Кыргыз туусу” ошону менен бирге эле Мырзакат Тыналиевдин сот адилеттиги жөнүнө макаласын жарыялады.

Бактыгүл Чотурова “Сайма өнөрүнүн саяпкери” деген макаласында саймачы Гүлмира Кутуеванын ишмердиги тууралуу баяндаса, журналист Сүйүн Курманованын макаласы үй-бүлөлүк зордук-зомбулук маселесин козгогогон.
XS
SM
MD
LG