Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:57

Жума күнкү гезиттердин баарынын башкы темасы баягы эле саясат бойдон калууда...

Бүгүн жарык көргөн “Жаңы агым” гезити “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаровдун “Парламенттик башкаруу кыргыз элине эч качан жарашпайт” деген аталыштагы маегин басты.

Кыргызстанды кыдырып, шайлоочулары менен жолугушуп жүргөнүн, партиясы өтө бай экенин, анткени элдин колдоосуна ээ болгон партия эч качан кедей болбостугун, партиянын көмөгү менен көл жээгине мамлекеттик ишмерлер Исхак Раззаков менен Жусуп Абдрахмановдун эстеликтери орнотулганын кабарлаган Адахан мырза, өлкөдө президенттик башкаруу кайрадан калыбына келгенде гана мамлекет оң жолго түшүп, элдин бийликке болгон ишеними артарына бекем ишенерин билдирди.

Жакында эле Монголоияга барып кайткан депутат Бакыт Төрөбаев, 92-жылдан тартып Монголия да парламенттик башкаруу формасына өтүп жашап келатканын, ага чейинки талаш-тартыш басылганын, жолугушууда президенти баш болуп өлкө парламенттик системанын гана негизинде өнүгөрүн, эми мындан ары президенттик башкарууну орнотуунун эч кандай кажети жоктугун айтканын кеп кылган.

Мындан эки жыл мурда мурдагы министр Молдомуса Коңгантиев парламентке келип, маркум Санжар Кадыралиевди Алтынбек Итибаев деген адам өлтүргөнүн ырасмий билдиргени көпчүлүктүн эсинде. Ал эми Итибаевдин адвокаты Токтогул Абдиев болсо, экс-министрдин бул билдирүүсүн курулай жалаа деп айткан. Макала аталган басылманын ушул санына басылып чыкты.

“Фабула” гезити белгилүү ишкер Аскар Салымбеков менен маектешти.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиевдин учурунда курулган өнөржай ишканаларынын ичинен жалгыз гана ТЭЦтен түтүн чыгып атканын, калган завод-фабрикалардын дээрлик көбү темир болуп Кытайга сатылып кеткенин эске салган Аскар мырза, Бажы союзуна кирүү же кирбөө маселесине байланышкан суроого жооп берип, Бажы союзуна кирүүдөн утканыбызга караганда уттурганыбыз көп болорун, анткени Кытайдан кирип жаткан арзан товарлар дароо кымбат баа менен кирип каларын, эң төмөн пенсия, айлык алгандар бирдеме сатып алалбай каларын, акырындык менен соода тармагы да өчөрүн, соода менен жанын багып, жашоосун кадимкидей оңдоп жаткандар бара-бара ишсиз калып, жумушсуздардын катарына кошуларын, анан кайрадан пикет, кайрадан митинг башталарын жүйөлүү далилдер менен түшүндүрдү.

Аскар Салымбеков акыркы он беш жылдан бери кыргыздарда бири-бирине жугунду төгүп, шыбамай кадыресе адатка айланганын, эгер ушул жол менен кете берип, өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, башка бир дагы эл, бир дагы мамлекет сыйлабай тургандыгын, ансыз деле бизге ылым санап, боор тарткандарга караганда шылдыңдап, күлүп жаткан мамлекеттер көп болуп жатканын, бийлик бүгүн чет өлкөлөрдөн билим алып келген жаңы муунга муктаж болуп тургандыгын баса белгиледи.

Ушул эле “Фаубла” гезити 7-апрелде курман болгон Жолдошбек Кудайбергеновдун жубайы Анара Мусабекованын маегин басты. Анара кайын журту менен катташпай калганын, кайненеси “Мекен шейиттери” коомдук кыймылынын орунбасары болуп жүргөн Айдабосова Нурия деген айым экенин, өзү Жолдошбектин жубайы катары өкмөт берген миллион сомго да, үйгө да ээ боло албаганын, бардыгы кайын-журтунун колуна тийгенин, жалгыз кызы Шоола менен гана жашап жатканын баяндап берген.

Бул маектешүүнүн алдына гезит келиндин кайненеси Айдабосова Нурияны да сөзгө тарткан. Нурия айым: “Келиним Анарага эч кандай жамандык кылган жерим жок. Өкмөт берген миллион сомдун 150 миң сомун небереме деп ырымдап берсем, “мындай аз акчанын бизге кереги жок” деп албай койгон. Акылдашып бир пикирге келип алалы десем ага да көнбөдү” деп айткан.

“Алиби” гезити баяндамачы Папан Дүйшөнбаевдин “Темир генералдын” оюндарыбы же “Ар-Намыстан” жарака кеттиби?” деген баштеманын алдындагы макаласында: “Чынын айтканда Атамбаев коалицияны кандай жол менен болбосун, мейли революциялык жумшак варианттар же компромисттер менен болсо да сактап калгысы келсе, анда ары карап ыйласа да, бери карап күлүп туруп “арнамысчылардын” оюнун кабыл алат” деп жазды.

Автор аны менен бирге эле юристтин эмес, коньюктирщик саясатчынын тили менен сүйлөгөн өкмөттүн парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаев саясый кызыкчылык үчүн Башмыйзамдын айрым нормаларын байкамаксан болуп койсо болот дегендей көз карашын билдиргенин, бул сөз юристтин айтар сөзү эместигин, мындай юристтерди бардык жерден кубалап чыкмайын Кыргызстан укуктук мамлекет дегенди эзели кура албастыгын, Конституция кайрадан бузулса, оңбой каларыбызды айтып жаны кашайды.

“Кыргыз туусу” гезити Аксы районунун унутта калган Дерес айлынын арыз-муңун бийликте олтургандарга жеткирүү максатында “Дерес айлынын арыз-муңун ким угат?” деген суроонун алдында айыл тургундарынын көйгөйлөрүн жарыялады.

Жети-Өгүздүн Желе-Дөбө айыл тургуну Тенти Жаманаковдун элктриктер тууралуу жөнөткөн каты “Өлгөн адамга салык салганды уктуңар беле?” деп аталды.

“КТРКнын байкоочу кеңеши тараса эмне болот?” деген суроонун алдында айрым жарандардын ой-пикирлери тартууланды.

“Кыргыз руху” гезити: “Кантсе да президенттик шайлоо алдында парламенттеги тирешүүлөрдүн таскагы катуулап, фракциялар өз ара чачырап, ар кимиси ой-келди басып калганы көп нерседен кабар берип тургансыйт. Айтор бул шайлоонун алдында парламент өз башын өзү “жутуп” албаса болду” деп жазып, парламенттин айланасындагы акыркы окуялар тууралу ой-пикирилерди укту.

Юрист Мукар Чолпонбаев:- Булардын кылганы мыйзамга каршы келет. Саясый оюндардын бири. Мыйзамчылар өздөрү мыйзамды бузуп жатат. Мындай кадам парламенттин өмүрүн кыскартат, - деп;

Жазуучу Кубанычбек Адамалиев: - Мыйзамдуулук жактан туура эмес, бирок моралдык жагынан туура. Бул эми арга жоктун иши. Себеби, мамлекетибиз учурда саясый да, социалдык-экономикалык жактан да катуу өксүп турат,-деп;

Журналист Бөкөнбай Боркеев: - Бул көрүнүш “Ар-Намыс” фракциясынын ичинен ыдырап жаткандыгын түшүндүрөт. Эл болсо фракциянын он депутатынын биримдик үчүн, коалициянын туруктуулугун бекемдөө үчүн өкмөттү кодойбуз дегендерин туура көрүүдө. Бирок мындай болсо берсе былтыркы Конститутция бузулат. А түгүл Президенттен бери өлкөнүн ички чарбалык иштерине чейин аралаштырып жаткандары туура эмес. Парламенттик башкаруунун маңызын ачып бере албаса парламент көпкө узабайт, - деп жооп берди.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG