Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:47

Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттерден “Көк асаба” чыкты. Гезит бүгүнкү санын “Кыргыз жолу - кыргыз бүтүндүгү” деген баштема менен ачты.

Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттерден “Көк асаба” басылып чыкты. Ал бүгүнкү санын “Кыргыз жолу - кыргыз бүтүндүгү” деген баштема менен ачып, бул жолду Кыргыз эл артисти Түгөлбай Казаков төрагалык кылган биргелешкен коом элге алып чыкканын кабарлады жана анын толук текстин жарыялады.

Абдылдабек Турганбай аттуу автордун макаласы “Украин элине тынчтык каалайлы да, Майданды эңсеп “майдаланбайлы” деген ат менен тартууланды. Автор аталган макаласында "тилекке каршы Украина жарандык согуштун алдында турганын, аягы бүтпөгөн каргаша Майданы бир Украинаны экиге бөлгөнү калганын" белгилөө менен элибиздин эсине Кыргызстандын эки президенти качкан окуяларды салды. "Жакыр элдин үмүтүн көкүтүп, бийликти кандай жол менен болсо дагы алгысы келип көзү кызаргандар кыргыз элин Түндүк –Түштүк кылып бөлүп жибергенден кайра тартпастыгын, тереңирээк ойлонсок ашкере исламдашуу өзүнө Кудайдын аты менен жибитип жатып кыргыздын улуттук өзөгүн бузарын, өкмөт канчалык аракет кылбасын, көбөйүп кеткен диний багыттарды көзөмөлдөй албастыгын, ошондуктан алды-артыбызды кылдат байкап, акыл-эстүүлүк менен иш кылбасак эң кыйын жолдо турганыбызды" эскертип, коңгуроо какты.

Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсановдун окурмандар менен суроо жооптору басылды.

Аталган “Көк асаба” гезити 2014-жыл Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыяланганына байланыштуу илимпоз жазуучу Чоюн алп Өмүралынын “Укуктук мамлекет - улуттук көз караш” аттуу теориялык-философиялык өңүттөгү баяндамасын окурмандарга сунуш кылды. Чоюн алптын ушул багыттагы ой-толгоолору гезиттин эмдиги санынан баштап жарык көрмөй болгону да маалымдалды.

“Той-топурда “приз” деп калпакты таратуу, чет элдиктерге кийгизе берүү одоно иш” деген маектин автору Камчыбек Молдарынов илгери мейли кедей болобу, мейли бай болобу, ата-бабаларыбыз баш кийимди, калпакты эч кимге белек кылып бербегенин, алтургай аны алмашып кийүүгө да уруксат кылбаганын, кокус бирөөлөргө атайылап арнап тиктирсе анын кадырына жете турган адамдарга гана ыроологонун эске салды. Ал эми бүгүнкү күнү аны кимдерге гана тартуу кылып берген жокпуз? Чет элден келген конокторго, жогорку кызматтагы адамдарга калпак сувенир катары тартууланып келатканын, алар кыргыз калпагынын кадырына жетмек турсун, мончого кийип, көчүгүнө салып олтурганын көрүп ичиңден кан өтөрүн, ушундан улам улуттук баш кийим менен улуттук нарк да кошо жоголуп баратканын айтты. Кыргыз аткаминерлери калпагыбызды башка улуттарга белек кылганы аз келгенсип, аны телевизордон көрсөтүп мактанышаарын, акыркы кездери калпактын кадырын түшүргөн дагы бир жаман көрүнүш, аны нукура кийизден жасабай синтетикадан жасап, арзан калпак деп дүңүнөн сатып калганыбызды да белгиледи.

Академик Жамин Акималиевдин “Бүбүсараны алгач көргөндө өзүмдү жоготуп койгом” деген эскерүүсү басылып чыкты. Көзү өтүп кеткен залкарларды эскерген автор дагы бир макаласын “Элдик обондун баркын көтөргөн Калый Молдобасанов” деп атап, Калый ага алгач Атай Огомбаевдин өзүнөн таалим алып, 1939-жылы 10 жашында комузчу катары Асанкан Жумакматов жана Бейшеналы Кулболдиев менен бирге Москвада өткөн декадага катышканын, кийин комузду улантпай, классикадан алагды болот экемин деп таштап салганына өкүнгөн учуру да болгонун, анан дагы дирижерлук жагын эмес композиторлук жагын окусам болмок экен деп кейиген кездери да болгонун кеп салды.

Жамин Акималиев ошону менен бирге Калый Молдобасанов турмушунда өтө жөнөкөй адам болгонун, айрым бир артисттерге окшоп ыгы келе түшкөн эле жерден эл көзүнө түшүп турганды жактырбаганын, башкасын айтпаганда да Социалисттик Эмгектин Баатыры жылдызын төшүнө бир-эки эле жолу тагынбаса, тагынбай эле жүргөнүн эскерди.

Молдобасановдун биринчи ыры Жусуп Турусбековдун сөзүнө жазылган “Жайлоодо” болгонун, бул ырды атактуу композитор Власов угуп олтуруп, “Караңызчы, бул ыр Улуу операга теңдеш келген кичинекей лирика” деп суктанганын окууга болот.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG