Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Украиндер мародерлукка барган жок


Мамлекеттик кызматтар да депутаттардын жеке менчигине айланып калганын “Фабула” гезити жазды.

“Фабула” гезити бүгүнкү санын Алмаз Темирбек уулунун “Мамлекеттик каттоо кызматын Куловдун такымынан чыгарчулар барбы?” деген макала менен ачып, “Ар-намыстын” анабашчысынын мамлекеттик кызматты жеке менчигиндей көрүп, такымына басып алган өзүм билемдигин токтотуш керектигин, каттоо кызматын толугу менен мамлекеттин карамагына алыш үчүн фракциялар өз ара бөлүшүп алган квота деген түшүнүктү жокко чыгаруу зарылдыгын, болбосо жалгыз Куловдун кызыкчылыгы үчүн Каттоо кызматынын жетекчилери жыл айланбай тебетейдей алмаша берип, кыргызстандыктардын маалыматтык коопсуздугун жеке менчик компаниялар тейлеп, өлкөбүздө мамлекеттик сыр, мамлекеттик коопсуздук деген ыйык милдеттер такыр ойрондолуп баратканын, жалгыз Куловдун айынан мамлекетибиз маалыматтык коопсуздугун коргой албай, жеке компаниянын көзүн карап иш кылып калганын жазып чыкты.

Баратбай Аракеевдин бул жолку макаласы “...Өлгөнчө каргангандар” жана “Сасык баштуу балыктар” деген ат менен жарык көрүп, жума мурун оппозициябыз дегендер биригип, лидерибизди шайладык деп сүйүнчүлөп чыгышканын, лидери Равшан Жээнбеков экенин, бул жигит 31 жашында Майрам апчесине кайсыл бир жолдор менен жагып, ошо кездеги Мүлк министри болгонун, ошондо ондогон ишканаларды, пансионаттарды, фабрикалар менен басмаканаларды бирөөлөргө итбекер менчиктештирип бергенин, албетте Акаевдерди жарылгыча тойгузганын, өзү да миллиондорду алганы ачыкка чыкканын, “анан ушундай адамды өз башына алып келген оппозиция да жыргаган экен!” деп какшыктады.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын деректири Орозбек Молдалиев чакан маегинде дин биздин өлкөдө саясатташып кеткендигин, бул багытта жаңы иштер башталганын, мындан ары муфтий уламалар кеңешине мүчө болбой тургандыгын айтты.

Баратбай Аракеевдин дагы бир макаласы “Евросоюз жеңди!” деген ат менен жарык көрдү. Макалада Украинадан чыгып кетип, азыр кайда экени белгисиз болуп жаткан мурдагы президент Янукович массалык адам өлтүрүүгө байланыштуу күнөөлөнүп, издөө жарыяланып, камакка алуу буйругу берилгенин ички иштер министринин милдетин аткарып жаткан Арсений Аваков билдиргенин кабарлады.

“Алиби” гезити журналист Дайырбек Меймановдун “Бөлүнсөк бөрү жеп кетет!” деген макаласына орун берди. Автор Украина маселесине кайрылып, Украинадагы трагедиялуу окуя Кыргызстанга сабак болушу керектигин, маселен Кыргызстандагы бийлик алмашуудан улам качып кеткен Курманбек Бакиевдин мүлкүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өздөрү эле мародерчулук менен тоноп кетип, чуусу эмгиче басылбай келатканын, ал эми Януковичтин мүлкү биздеги эчтеке көрбөгөн ач көздөрдүн чеңгелиндегидей болбой, тонолбой-этпей эле сакталып калганын, эми Украинаны колунан чыгарып жибергенге ызасы келип турган Орусия Орто Азиядагы таасирин мындан ары дагы күчөтөөрүн белгиледи.

Журналист андан ары Кыргызстандын оңолуп кетишин коңшу республикалардын бири дагы каалабастыгын, ошондуктан Манас атабыз айткандай “Бөлүнсөк бөрү жеп кетерин”, демек бизге бөлүнүп-жарылуунун, толкундоо, көтөрүлүштүн, митингдер менен жөнү жок ызы-чуунун кереги дегеле жоктугун, маселени Украинадагыдай кан төгүү жолу менен эмес, ийри олтуруп, түз кеңешүүнүн, ынтымактын жолу менен чече турган кез келгенин, ансыз деле отко майын куюп жибергиси келип, сырттан кытмыр көз менен карап тургандар жок эместигин эскертти.

Ушул эле “Алиби” гезити “Армияга кыргыздан башкалар барбайбы?” деген макаласын басты. Анда кыргыз армиясында кызмат кылган жоокерлердин 99 проценти титулдук улуттун өкүлдөрү болуп саналаарын, андыктан армия маселесинде карай турган көп иштер бар экендигин билдирди.

Аталган гезитке Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын мурдагы башчысы Жусупжан Жээнбековдун “Дирекцияга бөлүнгөн каражаттан кайтарымсыз акчалар, судалар да берилген” деген аталыштагы интервьюсу басылып чыкты.

Жээнбеков анда дирекциянын дарегине коюлуп жаткан дооматтар туура эместигин, бир да сом коромжуга учуратылбай сарамжалдуу пайдаланылганын, мисалы ал жетектеп турган кезде бир дагы коррупциялык схема болбогонун айтты.
XS
SM
MD
LG