Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Жогорку Кеңеш 5-каналга таарынды


Жогорку Кеңеш саналуу телеканалдардын бири менен кызматташууну убактылуу токтотту. Медиа эксперттер муну сөз эркиндигине кол салуу деп баалоодо.

Парламенттин Координациялык кеңешинин мындай чечими тууралуу маалымат коомчулукка башкаруучу фракциялардын бири “Ата-Журттун” шаршембидеги отурумунан кийин тарады.

Төрага Акматбек Келдибековдун билдирүүсүнө шилтеме берип таратылган маалыматтарга караганда, Жогорку Кеңеш 5-каналга бир жактуу маалымат таратып жатат деп кине коюуда жана телеканалдын жетекчилиги менен бул маселени көзмө-көз териштирүүгө кызыкдар.

Парламенттин маалымат кызматынын башчысы Шайыр Маматокторовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жетекчиликтин ачуусуна айрыкча жайкы каникул учурунда парламенттик жоон топ делегациянын Индонезияга сапары тууралуу материал тийип жаткан түрү бар:

- Барбаган кишилер жөнүндө репортажды монтаж кылып, Балинин сүрөттөрүн көргөзүп, Нурлан Сулаймановду жубайы менен жүргөндөй көрсөткөндө ал киши АКИ-прессте пресс-конференция бергенге аргасыз болду. Төрага баштаган депутаттардын дарегине бир топ шек келтирилди… Биз эмнеге андай булактарды тартипке чакырбашыбыз керек?

Маматокторов каттоодон ажыратуу өндүү чараларды адамгерчиликтин чегиндеги иш деп, дооматты сот аркылуу териштирүүнү маалымат каражатына басым катары баалады.

5-каналдын жетекчиси Евгения Бердникова бул материалда парламенттин расмий маалыматынын камтылбай калышын парламенттин маалымат менен камсыздоого кызыкдар болбогонуна байлады:

- Чоң делегациянын курамында Балиге маалымат кызматы дагы кеткен. Биз Балиде депутаттар эмне иш кылып жатканын билгибиз келди, биз пресс-релиз, видео алгыбыз келди, себеби алар менен кошо операторлор да кетишкен. Биз аны жасай алган жокпуз, себеби бардыгы ошо жакта болушту. 5-канал депутаттар Балиге эмнеге кеткендигин тактай албай койгондугу тууралуу материал даярдалгандыгын алар кайтып келгенден кийин билип отурушат.

Кандай болгон учурда да Кыргызстандагы үчтүн бири саналган 5-каналга парламенттин ишин чагылдырууга уруксат берилбей калышы логикасыз чечим катары бааланууда. Мындай көз карашты тутунган президенттин маалымат катчысы Султан Каназаров ар кандай дооматтарды таразалоо соттун гана колундагы иш деп эсептейт:

- Качантан бери парламенттин аппараты же жетекчилиги соттун укуктарын алып калган? Мен үчүн түшүнүксүз. Чара көрүү же күнөөлүү деп табуу - бир гана сот органдарынын милдети. Тигил же бул уюм, тигил же бул телеканал мыйзам бузду деп сот гана чечим чыгара алат. Бир дагы башка мамлекеттик орган күнөөлүү деп таап, чара көрүүгө укугу жок.

Медиа-эксперт Бегаим Усенова парламенттин бул чечимин сөз эркиндигине кол салуу катары баалады:

- Парламент каттабай койду деп сотко берсе 5-канал утуп алат. Конституция баштаган тиешелүү мыйзамдардын биринде да маалымат каражаттарын макамына байланыштырып каттайт деген жобо жок.

Парламент жетекчилиги телеканалдын макамын аныктоо керек деген жүйөнү да бетке кармоодо.

Июнь айында депутаттар 5-каналды парламенттик каналга айландыруу тууралуу токтом кабыл алып, бирок ал президенттен колдоо таппай калган болчу.

“Ата-Журт” фракциясы 14-сентябрдагы отурумунда президенттин каршылыгына макул эместигин билдирип, өз чечимин сессиянын кароосуна берди. Ошол эле мезгилде Мамлекеттик мүлк министрлиги парламент 5-канал менен чогуу анын ээси саналган “Глобал медиа” жоопкерчилиги чектелген уюмду да улутташтырууну сунуштоодо. Апрель ыңкылабынан кийин Мамлекеттик мүлк министрлигинин карамагына берилген 5-канал азыр ээсине 8 миллион сом, "Кыргызтелекомго" 37 миллион сом карыз.

Мына ушундай жагдайда парламенттин 5-каналга карата ормон опузасын мүлк талашка да байлап тургандар бар. Евгения Бердникова болсо парламенттен 5-каналдын журналисттерин каттабай коюу себептери тууралуу юридикалык негиздерге таянган эч кандай расмий кат келе электигин билдирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG