Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:38

Кремлдин чалмасы


Кыргыз жана орус өкмөт башчылары Жоомарт Оторбаев менен Дмитрий Медведев. 29-апрель, 2014-жыл.

Кыргыз жана орус өкмөт башчылары Жоомарт Оторбаев менен Дмитрий Медведев. 29-апрель, 2014-жыл.

14-октябрда чыккан гезиттер энергетикадагы абал, Бажы биримдиги сыяктуу темаларга орун берди.

“Алиби” гезитинин бүгүнкү санында юрист жана журналист Бабырбек Жээнбековдун макаласы “Сасыкбай сасыганда” деген ат менен чыгып, гезиттин эки жарым бетин ээлеген. Аны түшүнүү үчүн аталган макаланы толук окуп чыгуу керек деп ойлойм. Макала аяктап баратып: “Мен Сасыкбай жердешим кайра-кайра какшагандай “иштей албаганымдан эмес”, бийликтин кемчиликтерине каршы чыгып туруп алганым үчүн кызматтан кеткенимди документтер менен далилдеп бере алам. Ошондуктан Сасыкбайларга айтаарым, Бабырбек Жээнбеков жөнүндө “өрдөгүңөрдү” учураардан мурда сот залында айныгыс далил болуп берчү фактыларды даярдап, анан мага асылсаңар алдыңарга башымды ийип бере алам. Анте албасаңар жөн жүргөнүңөр оң болот эле” деп аяктайт.

Ушул эле Бабырбек Жээнбековдун Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин директору болуп турган кезинде “Жаңы ордо” гезитине жарык көргөн интервьюлары да басылып чыкты. Анын бири “Кыргызстанда “Нюрнберг процессин” баштоо ниетим бар” деп аталат.

“Алиби” гезити ошондой эле Манас районунун 70 жылдык мааракесиндеги салтанат тууралуу сүрөттүү баянын да окурмандарга тартуулады.

Энергетика боюнча эксперт Расул Үмбөталиев маек куруп, светти кезеги менен өчүрүп турбасак кандай айла кылсак да кыштан чыга албастыгыбызды, ошондуктан саат канчадан канчага чейин свет өчө турганын так айтып, тарифтерди туура коюу керектигин билдирди.

Мурдагы министр Эмил Үмөталиевдин маеги “Бажы биримдиги да, Евразиялык экономикалык аймак да,Орусиянын азыркы бийлигинин таасирин күчөтүү үчүн түзүлгөн” деген аталыш менен басылды. Эмил Үмөталиев эгер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөнүн саясий багытын Кремл аныктап калышы мүмкүндүгүн, бара–бара өз алдынчалыгыбыздан ажырарыбызды белгиледи.

“Фабула” гезити аркылуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев да Бажы биримдиги тууралуу кеп кылып, биз деңиз жээгиндеги өлкө болбогон соң дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө товарды Казакстан, Орусия аркылуу гана алып чыга аларыбызды, демек Бажы биримдигине кирбей коюуга жол жоктугун, киргенден кийин көп нерсе өзгөрөрүн, сырттан ташып келген товарлардын баары кымбаттаарын, мисалы Кытайдын алмасы өзүбүздүн алмадан кымбат болуп каларын, ошондуктан дыйкандар менен ишкерлер өзүбүздүн алманы, өзүбүздүн өндүрүштү өнүктүргөнгө далбас уруп, кайра иштетүүчү жаңы ишканаларды куруп баштаарын, ошентип Бажы союзунун азабын да, тозогун да көрүп, өмүр бою эле өзүбүз бирдеме өндүрбөй сырттан ташып келгенди азайтып, өзүбүздүн товарларды өндүргөнгө баш оорутуп, азабында бышып, анан асылын көрүп, классикалык мамлекетке айланып, 10 жылдын аркы-беркисинде оңоло баштаарыбызды, Бажы биримдигин элестүү айтканда “Орус мончосу” деп койсо болорун, стратегиялык өнөктөш болгон соң баары бир Орусия менен бир болушубуз керектигин, Бажы биримдигине киргенден баштап өкмөт да эшек такалаганын токтотуп, эшектей иштеши керектигин белгиледи.

Жазуучу Баратбай Аракеев “Жүз киши жана кыргыз” деген китеп жазып баштаганын, каармандары арабыздагы мыкты адамдар экенин баш сөзүндө айтып, гезиттик вариантын сандан санга жарыялай баштады. Кыргыз милициясынын 90 жылдыгына карата полковник Жолдошбек Бузурманкулов маек курду.

“Кыргыз туусу” гезити да 90 жылдык тоюна 24 күн калганын эскертип, “Жаңы жылды Бажы биримдигинде тоссок деген ниеттебиз” деп айткан президент Алмазбек Атамбаевдин сөзүн басты.

Белгилүү музыка изилдөөчү, профессор Сагыналы Субаналиевдин “Кыргыз туусу” гезитине жарык көргөн макаласы “Токтогулдун комузчулук өнөрү” деп аталып, Токтогулдун акындык, куудулдук, ырчылык өнөрүнөн башка комузчулук өнөрү кандай болгонун терең иликтөөгө алды.

Беларустун Минск шаарында Апрель окуяларын чагылдырган фото сүрөттөрдүн көргөзмөсү өтүп жатканын, ал: “Демократиялык Кыргызстан, тарыхты оодарган күн” деген аталыш менен ачылып, негизги максаты - Кыргызстандын тарыхын өзгөрткөн баалуулуктарды коомчулуктун эсине салуу болгонун, төрт жарым жыл мурда кыргыздын кырчындай жигиттери бүтүндөй өлкөнүн келечегин коргоого башын сайып, Курманбек Бакиевдин жана анын кылмышкер үй-бүлөсүнүн криминалдык бийлигин кулатуу үчүн чыкканын дүйнө коомчулугуна дагы бир жолу көрсөтүү болуп саналганын жазды.

Минскидеги бул фото көргөзмө 18-октябрга чейин Кыргызстандын Белоарустагы элчилигинде ачык бойдон турарын маалымдады.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG