Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:45

Бүгүн кыргыз тилдүү гезиттерден “Көк асаба” гезити гана жарык көрдү. Гезит “Кыргыз эл бийи” фестивалынын жыйынтыгы кандай болгонун жазып чыкты. “Кыргыз таануу” долбоору да ушул санда.

“Көк асаба” гезити ушул жылдын 12-октябрында, Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында “Кыргыз эл бийи” фестивалынын сынагы жыйынтыкталганын, фестивалды меценат Рустам Мамановдун демилгеси менен Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу аркылуу “Улут жүзү” деп аталган коомдук фонд уюштурганын, бий фестивалы кыргыздын нукура бий өнөрүн жандандыруу, кылымдан бери келаткан баалуу дөөлөттөрүбүздү сактап калуу, өнүктүрүү, муундан муунга өткөрүп берүү максатын көздөгөнүн белгиледи.

Рустам Маманов фестивал үчүн жалпы жонунан 5 миллион сом жумшап, мунун 1 миллионун жеңүүчүлөргө байге катары таратып бергендигин жазып, ушул күнү борбордук аянтка 4 миңге жакын адам келгенин, бий фестивалы жогорку деңгээлде өткөнүн, финалга чыккан 7 бий тобу үчүн берилген интерактивдүү добуштар калыстардын упайларына кошулуп туруп жеңүүчүлөр аныкталганын жазды.

Калыстар тобун маданияттын белгилүү ишмерлери Тенти Мураталиев, Нурлан Карабаев, Бермет Асылбашева, Сайра Момунбаева, Темирбек Токтогазиев, Зарылбек Молдобакиров, Алмаз Турдумаматов түзгөнүн, “Назик” бий тобу 1-орунду ээлеп, Султан Садыралиевдин аткаруусундагы “Кыргыз бийи” 200 миң сом, Гүлзада Рыскулова менен Гүлжигит Калыковдун аткаруусундагы “Жалын бийи” 2-орунду ээлеп 180 миң сом, “Жаз” бий тобу 3-орунду ээлеп, Айжамал Кабылованын аткаруусундагы “Биймерген” бийи 160 миң сом, “Санжыра” бий тобу “Жигиттер” деп аталган бийи үчүн 150 миң сом, “Дилгир” бий тобу “Куштун бийи” үчүн 100 миң сом, “Кара жорго” бийи үчүн жеке бийчи Анэл 80 миң сом, “Оп майда” бийи 80 миң сом утуп алганын кенен жазып, жеңген бий топторунун кыскача таржымалы менен да тааныштырды.

Ушул эле “Көк асаба” гезити андан ары “Бакдөөлөт” деп аталган коомдук уюм “Кыргыз таануу” деген долбоорду иштеп чыгып, ага демөөрчү болчуларды таап, долбоордун түбүн түшүнгөн жарандарыбыздын баары колдоп, аталган долбоор 2-октябрдан баштап, КТРКнын “Келечек” студиясы аркылуу бүтүндөй эл-журтубузга көрсөтүлүп келатканын маалымдады.

"Биймерген" бийи. Сөзү: Шайлообек Дүйшеевдики. Обону: Азамат Отунчиевдики. Аткаруучулар: "Жаз" бий тобу. "Көрөгөч" рубрикасына түшкөн видео.

Мына ушул долбоор тууралуу пикирин Кыргызстандын олимпиадачылар бирикмесинин президенти Шаршен Касенов билдирип, азыркы күндө жаштар тургай улуу муундагы кыргыздар дагы кыргыздын салтын, мисалы боз үй эмнелерден турарын, ал кандай тигилерин, кыргыздын конок күтүү маданияты кандай болгонун, койду кандай сойгонун, кантип устукандап, аны улуу-кичүү мейманга кандайча тартканын такыр эле билбей калганын, алтургай кыргыз баласы ЫРЫС, КУТ, ДӨӨЛӨТ деген сөздөрдүн маани-маңызын түшүнбөгөн деңгээлге чейин түшкөнүн, дүйнөдө дал ушул бизге окшогон кичинекей элдер бөлөк-бөтөн элдерден агып кирип, аң-сезимди атайылап уулантып, ар кандай айла-амал жана акчанын күчү менен таңууланып келаткан диний жана башка агымдарына каршы туралбай жер үстүнөн жок болуп кеткенин, кыргыз элин ушул заманга чейин өтө кымбат, өтө бай каада-салттары гана өлтүрбөй, жоюлуп, жок болуп кетүүдөн сактап келгенин, ошондуктан Батыш менен Чыгыштан ээн-жайкын агып кирип аткан акчанын, айла-амалдын күчү менен элдин башын айлантуу аркылуу алысты мээлеген, кыргызды маңкурт кылып туруп жок кылып жиберүү максатын көздөгөн кара өзгөй көрүнүштөрүнө чеп боло турган жападан жалгыз тосмо кыргыздын нукура салт-санаалары, байыртан келаткан элдик маданияты болуп саналарын, “Кыргыз таануу” долбоору ушул максатты көздөп, кыргыздын балдар-кыздарын окутуп, үйрөтүп жатканын жазып чыкты.

Мисалы, аталган долбоорго катышкан мектеп окуучулары боз үйдүн жасалгасын, анын тигилишин жана чечилишин, ичиндеги буюм-тайымдардын аталышын үйрөнүп, иш жүзүндө көрүп, тажырыйба топтошсо, жигиттер былтыр кой союп устукандаганды үйрөнсө, быйыл жылкы союп, эт бузганды, аны казанга салып бышырганды, конок тосуп, эт тартканды үйрөнгөнүн, кыздар куурма чай, куурдак, сүт чай, сары май, чучук жасаганды, ошондой эле атты токуп мингенди да үйрөнгөнүн жазып чыкты.

“Бакдөөлөт” коому тарабынан уюштурулган “Кыргыз таануу” долбоорун мамлекеттик деңгээлде колдогондор көбөйсө дагы кенен кулач жаят деген ишеним бар экенин айта кетели.

“Көк асаба” гезитинин бүгүнкү санында “карапайым, чынчыл, таза адам Апсамат Масалиев” деген макала да бар.

“Сагымбай манасчынын уулу Амангулдун армандуу өлүмү” деген ат менен улуу Сагымбайдын жээн небереси Келсинбүбү Кадыркулованын кызыктуу эскерүү баяны жарык көрө баштады.

“Жалын бийи”. Бийлеген Тургунаалы Жусуп Мамай. Аткаруучулар Гүлзада Рыскулова жана Гүлжигит Калыков. "Көрөгөч" рубрикасына түшкөн видео.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG