Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Акын Алыкул Осмоновдун эки томдук жыйнагы чыгып, сатылып жатканын бүгүн жарыкка чыккан “Көк асаба” гезити жар салды.

“Көк асаба” гезити акындын китебине мурда жарык көрбөгөн 50дөн ашык сүрөтү киргизилгенин, 600 беттен турган эки томдук Алыкулдун бүтүндөй чыгармачылыгын толук ачып берерин, бул эки томдук китепти Бишкектеги “Нуска” китеп дүкөнү менен борбордук “Почтамптын” ичиндеги китеп дүкөндөн жана жеке сатуучулардан сатып алса болорун кабарлады.

Китепти Алыкулду көптөн бери иликтеп, анын чыгармаларын чогултуп жүргөн журналист Мундузбек Тентимишов башынан аягына чейин өзү түзүп чыкканын, азырынча беш миң нускада чыккан китептин эки томдугу 10 миң нуска менен жарык көргөнүн, ушул эки томдук сатылгандан кийин “Жолборс терисин кийген баатыр” котормосун эки миң нускада, ошол эле Мундузбек Тентимишов түзгөн “Алыкулдун энциклопедиясын” миң нускада чыгаралы деп тургандыктарын Алыкулдун мааракесин өткөрүү боюнча Панфилов районундагы уюштуруу комитетинин мүчөсү Аскарбек Эрматов айтып бергенин аталган басылма жазып чыкты.

“Көк асаба” гезити Кетмен-Төбөдө өткөн Токтогулдун 150 жылдыгы жөнүндө фотожурналист Кубат Осмоновдун чакан макаласын тартуулады.

Гезит Талас облусунун 70 жылдык тою жазуучу Чыңгыз Айтматовдун эстелигин ачуу салтанаты менен башталганын, андан соң негизги майрам “Манас ордо” маданий комплексинде уланып, 70 боз үй тигилип, акындар айтышып, баш байгени жаш төкмө Назаров менен дасыккан төкмө Абдылда Нуралиев талашып, жыйынтыгында Нарындан келген Назаров 69 упайга ээ болуп, 100 миң сомдук баш байгени, Абдылда Нуралиев 67 упайга ээ болуп, 70 миң сомдук экинчи байгени, үчүнчү байге 50 миң сомду Арстанбек акындын чөбөрөсү Асылбек төкмө жеңип алганын, Таластын тою жакшы өткөнүн жар салды.

“Көк асаба” гезити өткөн санынан баштап жарыялай баштаган “Сагынбай манасчынын уулу Амангулдун армандуу өлүмү” деген аталыш менен Келсинбүбү Кадыркулованын эскерүүсүн улантып басууда. Көзү тирүү болгондо чоң манасчы боло турган Амангулдун кайгылуу тагдыры ушул гезитте жарык көрдү. Парапсихолог Лариса Асанбекованын “Кайлас тоосун айланганда эки дүйнөнүн ортосу бир кадам болуп калат” деген көлөмдүү маеги анын өткөн айда орусиялык туристтердин тобу менен Тибеттин Кайлас деп аталган касиеттүү тоосуна барып зыярат кылып, андагы Манас көлүн көрүп келгенин журналист Салтанат Кыдырмаевага баяндап берген.

Жаңы санда академик Жамин Акималиевдин баскан жолундагы эскерүүлөрүнүн бул ирет “Масалиевдин учурундагы кыл чайнашкан күндөр” деген бөлүмү жарыяланды.

"Кыргыз эл жазуучусу Асан Жакшылыков 65 жашта” деген куттуктоо макаласын “Манас эли” коомунун мүчөсү Сапарбаева Айканыш Керим кызы Асан Жакшылыков өзү мүчөсү болгон “Манас эли” коомунун атынан жазып чыкты. Ушул эле санда акын Жыргалбек Касаболотовдун жаңы ырлары бар.

XS
SM
MD
LG