Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:52

Курманжан датка: Адамдын жүзү уяттуу эмес


Кыргызстанда динчилдешүү менен бирге арабдашуу да жүрүп жатат деген пикирлер айтылып келет.
Кыргызстанда динчилдешүү менен бирге арабдашуу да жүрүп жатат деген пикирлер айтылып келет.

"Кыргыз туусу" гезити кыргыз жаштарын арабдаштыруу саясаты жүрүп жатканын жазып чыкты.

“Кыргыз туусу” гезити журналист Бермет Мааткеримованын “Каякка баратабыз кыргыздар?” деген баштеманын алдында президент Алмазбек Атамбаевдин жакында эле “Ашкере исламдаштыруу деген кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрүн акыл-эстен өчүрүү менен менен маңкурт кылып, бара-бара улуттук касиеттерди жок кылуу болуп саналат “ деп айткан сөзүнө шилтеме кылуу менен айрым ойлорго орун берди.

№2-үй-бүлөлүк медицина борборунун директору Жыргал Касымалиева:

- Узун дамбал, тырмактары өскөн, колдору кир, буттарына резинка тапичке кийген жаш жигиттерге, ислам дини деген эмне экенин билбей эле баштарын тири укмуш чүпүрөк менен чүмкөп алган кыздарга боорум ооруйт. Булардын ата-энелери каякта?- деп, Кыргызстандын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев:

- Президенттин: “Адамдын ички дүйнөсү таза болмоюнча сакал-мурут өстүрүп, дамбал кийүү менен мусулман болуп калбайт” деп айткан сөзү эң туура. Ошондуктан биз кыргыз элине таандык болгон улуттук баалуулуктарыбызды сакташыбыз керек, - деп, Билим берүү академиясынын уюштуруу методикалык бөлүмүнүн башчысы Сейит Жаанбаев:

- Мектепте хиджаб кийсең мусулман болосуң деп жатпайбы. Мен мусулман өлкөсү болгон Индонезияда болдум. Суматра деген аралда Конституция жок, эл шарияттын мыйзамы менен жашайт экен. Сурасам: “Куранда же хадистин бир да жеринде чүмкөнүп кийинип жүр деп жазылган эмес. Биздин аба ырайыбыз өтө ысык. Сакал коюп, чүмкөнүп жүрүү кыйын. Арабиянын чөлүндө кум учурган шамал болуп тургандыктан, кум тийбесин деп, бети-башын чүмкөп жүрүшөт” деп айтышты. Хиджаб тууралуу тарыхый мындай кеп бар: Бухаранын эмири Музафар эфенди даткалык чинди Курманжан датка үчүн эмес, Алымбек датканын балдарына берип, Алайды алам деген ой менен келип, бирок Алайда балдарына караганда Курманжандын таасири чоң экенин көрүп аны менен учурашып:

-“Айым, диниңиз кайсыл? - деп сурайт.

- Диним мусулман, - дейт Курманжан. Анда Музафар эфенди, -Диниңиз мусулман болсо, мусулмандын шартында аял киши жүзүн ачык көрсөтүп жүрбөйт, мунуңуз эл башкарганыңызга кыйын болуп калат го? - дейт.

Курманжан ошондо:- “Эфендим, Куранды үч кайталатып, үч молдого котортуп окутуп көрдүм. Хадистерди карадым. Улуу Курандын бир да жеринде бети-башыңды чүмкөнүп жүр деген жок экен. Аял болобу, эркек болобу, уяттуу жериңди жаап жүр деген жери гана бар экен. Айтыңызчы эфендим, сиздин энеңиздин бети уяттуу жерге киреби? - деп суроо таштайт.

Ошондо Музафар эфенди эмне деп айтаарын билбей кайсалап, сөзгө сынып, Курманжанга датка чинин бергенге аргасыз болот да, Бухарага барганда “Алайга тийишпегиле, ал жерде керемет аял бар” деген экен. Биздин балдарды бүгүн исламдаштыруу эмес, арабдаштыруу саясаты жүрүп жатат. Эмираттарга барып жүрөбүз. Арабдардын өздөрү сойкуканаларды ачып алган. Анан алар бизге келип мусулманчылыкты үйрөткүсү келет. Түркияда мамлекеттин карамагында иштеген сойкуканалар бар. Президент Атамбаевдин айткандары эң туура. Бардык министрликтер, коомдук уюмдар, бардык окуу жайлар менен мектептер салттуу дин боюнча иш-чараларды жүргүзбөсө, диний башаламандык акыры кыргыз элин жакшылыкка алып барбайт, - деп айтты.

“Фабула” гезитинен Айбек Шамшыкеевдин “Кыргызстандын илим-билим тармагында реформа жүргүзүү жана коррупция маселеси боюнча кандай пикирдесиз?” деген, Мирлан Алымбаевдин “Өлкөнүн саясый-экономикалык абалына кандай баа бересиз?” деген, белгилүү акын Жума Мамбетовдун “Адамдарга кайрылуу” деген, “Сорос мырза келди, Кыргызстанда тынччылык эле болсо экен...” деген макалаларды окуйсуздар.

“Алиби” гезитинин бүгүнкү санынан сиздер “Аманбаева-Салянова акыйнеги”, “Сормо саздан суурула албай жаткан Кулматов”, “Кулов кийинки революция болбой тургандыгына кепилдик береби?”, “Зилзаланын кесепеттери аныкталууда” деген маалыматтарды, “Оро албаган орок тандайт” же бакма ММКларынын кемчилигин эркин ММКлардан издеген ажо” , “Коомдук каналбы же бийликтин ур-токмогубу?”, “Жабыла башкаруудан жаныбыз кашайды”, “Алымкул ааламга аты кеткен акын болгон” деген макалаларды, “ Жусуп атам улуу манасчы гана эмес, олуя, алдын ала билген даанышман адам болчу” деген, Мамат Айбалаевдин “Өзбекстан менен мамилени оңдобосок, анын кесепети карапайым элге тийет” деген, депутат Өмүрбек Абдрахмановдун “Сөзүмө териккен министрлердин алды “сотко берем” десе, аркасы “айлык албай жашап жатам” деди” деген, коомдук ишмер Акылбек Жапаровдун “Көптөгөн факторлор бүгүнкү өкмөттүн профессионалдык деңгээлинин төмөндүгүн көрсөтүп жатат” деген интервьюлары менен таанышасыздар.

XS
SM
MD
LG