Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:48

Бакиевге барып келген отуз адам


Курманбек Бакиев
Курманбек Бакиев

Айат” гезити депутат Карганбек Самаковдун демилгеси менен “Кыргыз кодекси” аттуу китеп жарыкка чыгарын жазып чыкты.

“Айат” гезити “Карганбек Самаков дагы бир жакшы ишке жарады” деген макала жарыялап, белгилүү депутат моралдык-этикалык “Кыргыз кодекси” китебин жарыкка чыгарганын, китепте кыргыз элинин жашоо-турмушунун, асыл дөөлөттөрүнүн баары камтылганын, буга байланыштуу оюн айткан Маданият министринин орун басары Максат Чакиев Карганбек болбосо китеп чыкмак эместигин, китеп толук чыгары менен тийешелүү жерлерге бекер таратыларын билдирсе, “Кыргыз кодекси”коомунун мүчөсү Уланбек Абдырахманов кыргыз эли убадага бекем турган калк болушу керектигин, жер-жерге бөлүнүү кыргыздарга мүнөздүү көрүнүш эместигин, Кыргызстанда туулуп-өскөндөрдүн бардыгы Кыргызстан үчүн күйүшү керектигин, ушул идеялардын баары аталган китепте баяндаларын билдирди.

Айтылуу диний аалым Чубак ажы Жалилов ушул гезитке “Кыргыздын комузу, кымызы, калпагы, бекбекейи жоголбогон исламды каалайм” деп интервью берип, өзү туулуп-өскөн айылын, бала кездеги таттуу учурларын, билим издеп кеткен кездерин, үй-бүлөсүн, китептерди көп окуурун, бош убактысында ат мингенди жакшы көрөрүн өзүнүн жакшынакай тили менен баяндап берди.

“Асман плюс” гезити “Республика+ Атажурт=Бакиев” деген макала басып, өткөн жылдын август айында Бакиев Курманбектин 65 жылдык юбилейи Минскидеги үйүндө белгиленип, ага президенттик кызматтын кадр кызматын жетектеген Калдарбек Баймуратов башында турган 30 адам барып келгенин, Баймуратов Бабановдун бир тууган жездеси болорун, бириктик деген “Республика” менен “Ата-Журт” партияларынын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү баягы эле Бакиевдин колуна суу куюп жүргөндөр деп жазып чыкты.

Журналист Вера Аламанованын макаласы “Бишкектен түрк жараны бир жаштагы баланы уурдап кетти” деген ат менен жарык көрдү. “Кыргыз жолу” руханий коомунун төрагасы Кадыр Кошалиевдин маеги “Кыргыз эли Абыке, Көбөштөрдүн айынан бытырады, бирикпесек болбойт” деп аталып, элди биригүүгө чакырды.

Алыкул атындагы сыйлыктын лауреаты, айтылуу акын Атантай Акбаровдун кызыктуу маегин да ушул “Асман плюс” гезитинен окуйсуздар.

“Баягы Асаба” гезити “Аруу эл” деп аталган партиянын төрагасы Рустам Жунушалиев менен маектешти. Ал “Улуу Жибек Жолу-2015” деген аталыштагы инвестициялык форум "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын жыйындар залында өтүп жатканын, форумга Европанын 10 өлкөсүнөн инвесторлор келгенин кабарлады.

Эгер тирүү болгондо залкар акын Турар Кожомбердиев 75 жашка чыкмагын эске салуу менен акындын 1988-жылы жарыкка чыккан “Кыл чокулар” аттуу китебиндеги ырлардын айрымдарын бир бет кылып окурмандарга тартуулады бул басылма. Бир ырын окуй кетели:

Топ каздар учуп кетти жаркылдаган,

Торгойлор учуп кетти шаңкылдаган.

Жайдагы канаттуунун баары кетти.

Жаныңда карга калды каркылдаган.

Дагы бир “Тараза” деген ырында мындай дейт:

Тереңдиктин канчалык бар кереги,

Тайыздыкты билиш үчүн береги.

Бийиктиктин канчалык бар кереги,

Жапыздыкты билиш үчүн береги.

“Азия ньюс” гезити “Оштогу каракчылар кармалды. Кылмыштуу топко кимдер аралашкан?” деген ат менен Ийгилик Болсунбаев аттуу автордун макаласын басты. Мурдагы айыл чарба министри Төрөгул Бековдин интервьюсу “Бакиевчил эмесмин, бирок Бабановдон ажырабайм” деп аталды.

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын төрагасы Советбек Арбаев “Түрмөдөгү телефондук сүйлөшүүлөрдү кан буугандай токтотобуз” деп маек берип, анысында жаза өтөө мекемелериндеги абал мурдагыга караганда жакшырып баратканын, Кыйноолорго каршы мамлекеттик мекеме менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп жатканын, Бишкектеги №21 жана Нарындагы өзгөчө каттоодогу кылмышкерлер олтурган № 24-жаза аткаруу жайларына жана борбордогу СИЗОго атайын “үн буугуч” аппараттарды койдурганын, ошол аппараттын иштеши менен СИЗОлордо олтургандар телефон менен сүйлөшө албай калышканын, дагы бир айта кете турган нерсе ошо “үн буугуч” аппараттар орнотулган мекемеге жакын жайгашкан жерлерде чөнтөк телефондор тартпай каларын, анан ошол аймакта жашагандар арыз жазып, сотко чейин бергенге үлгүрүшкөнүн, ошондуктан “үн буугуч” аппаратураларды кайра токтотконго мажбур болушканын баяндады.

XS
SM
MD
LG