Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:47

“Көк асаба” гезити “Кара жорго” бийин өз элине апкелген Болот Дыйканбаевдин маегин басты.

“Тил маданияты” гезити Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Аликбай Сариевдин тил маселеси, социалдык жагдайлар тууралуу маегин тартуулады.
Аталган гезит түрк жазуучусу Арслан Байырдын “Жапондор жыл ичинде аз дегенде 25 китеп окуп бүтүрүшөт” деген интервьюсуна окурмандардын көңүлүн бурду.

Борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Бактыгүл Тагаева китепканалар тууралуу сөз кылды.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, айтылуу ырчы Майрам Дүйшекееванын чыгармачылык, турмуш тууралуу ой жүгүртүүлөрү да ушул санда.

“Көк асаба” гезити 10 жылдан бери “Кара жорго” деп аталган бийди кыргыз элине таандык экенин түшүндүрөм деп келген Болот Дыйканбаевдин маегин басты.

Болот 2003-жылы жеке иштери менен Кытайга барып, ал жактан казак жигиттер менен таанышканын, алар андан: “Кыргыздын “Кара жорго” деген бийи бар, сен аны бийлей аласыңбы?” деп сураганда “билбейт экемин” дегенин, анан сураштырса бул бийди Кытайдын Кулжа деген жериндеги кыргыздар бийлешерин укканын, анан кытай казактары бийге клип тарттырып салып жибергенин, ошондон кийин аны Кыргызстанга таратуу ишин баштаганын кеп кылды. Болот Дыйканбаевдин өкүнгөнү кыргыз сергек эмес, өтө эле кайдыгер, баарына кеч түшүнгөн элге айланып калганын байкаганын, анткени “Кара жорго” деген момундай бийибиз бар экен деп 2003-жылдан бери какшап келатса да көңүл бурган жан болбогонун, анан 2012-жылы казактар өзүнүн улуттук бийи катары менчиктеп бийлей баштаганда ойгонгонун айтты.

Ошентип кыргыздын “Кара жорго” бийин Кыргызстанга тааныткан Болот Дыйканбаев бийдин накта кыргызга таандык экендигине далил кылып, 2006-жылы Казакстандын Талдыкурган облусуна тойго барганын аңгемелеп берди. Ошол тойго келген кытайлык казак жубайлар бир маалда сөз алып: “Бул жерде кыргыз тууганыбыз да бар экен. Биз кыргыздын биз жакта бийлеп жүргөн “Кара жорго” деген бийин бийлеп берели” деп бийлеп беришкенин, мына ушунун өзү эле “Кара жорго” кыргыздын бийи экенин белгилеп, анын талбаган аракетинин аркасында акыры бий өз элин тапканын баяндады.

“Көк асаба” гезити мындан тышкары кыргыздын атактуу кызылчачылары Зууракан Кайназарова менен Керимбүбү Шопокова жөнүндө айыл чарба адиси Жамин Акималиевдин эскерүүсүн жарыялады.

Мурат Мусабековдун Украинадагы абалды талдоого алган макаласы окурмандарга орус тилинде тартууланды. Автор “Украинадагы көрүнүш бизде кайталанышы мүмкүнбү?” деген суроого жооп издеп, бизде өзүбүздүн Кличко, Яценюк, Тимошенколорубуз да жетиштүү экенин, биздин саясатчылар менен оппозиционерлер дагы Украинадагыдай болуп бири Москваны тиктесе, экинчилери Брюссел менен Вашингтонду тиктеп турганын, мамлекет башчысы өзүбүздүн Мустафа Кемал Ата Түрккө айлануу максатын койгону менен анын күрөшү “аарынын балга каршы күрөшүнө” окшоп турганын, ал эми оппозиционерлердин санын жан башына эсептегенде дүйнөдө алдыңкы орундардын бири болорубузду, демократия деген - ЭЛДИН БИЙЛИГИ дегенди түшүндүргөн менен бизде элдин бийлигине дайыма элин эмес, өзүн ойлогондор жанталашып келатканын, кыскасы УЛУТ деген көрүнгөнгө жетеленбей өз акылы менен жашаганды, өз акылы менен басып-турганды үйрөнгөндө гана УЛУТ катары өмүрүн узартарын кеп кылды.
XS
SM
MD
LG