Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:30

16-мартта чыккан кыргыз гезиттерине баяндама.

Бишкекте Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук Кеңештин кезектеги жыйыны болуп өткөнүн кабарлаган орус тилдүү "Комсомольская правда Кыргызстан” гезити бүгүнкү санындагы макаласына президент Алмазбек Атамбаевдин “Биздин пассионардуу элибиз үчүн шайлоодогу адилетсиздикке караганда экономикалык проблемаларды көтөрүү алда канча жеңил” деген сөзүн баштема кылып басып чыкты.

Ирина Забневанын макаласы “Мамлекеттик кызматты каалайсыңбы, анда кыргыз тилин үйрөн” деген аталыш менен тартууланып, Жогорку Кеңештин бир жыйынында талкууга алынган мамлекеттик тил маселеси жөнүндө кеп кылды.

“Көк асаба” гезити "Кыргызстандын акыйкатчысы Бакыт Аманбаев Жогорку Кеңештин депутаттарына КТРК тарабынан акыйкатчынын иши начар чагылдырылып жатканын айтып нааразы болгонун, маселен, ал мигранттар, кыйноолор проблемасы боюнча маалымат жыйынын өткөргөндө көптөгөн журналисттер менен КТРКнын журналисттери да келгенин, бирок КТРК “ал күткөндөй маалыматты бербегенин айтты” деп жазды.

Гезит андан аркы бети менен толтура “Эл уулу - Сарт аке” деген макаланы китептен көчүрүп тартуулады.

Медициналык кеңеш берүү жана Спорттук медицина борборунун балдар неврологу, дарыгер Чынара Капарованын бүгүн жарык көргөн “Көк асаба” гезитиндеги макаласы “Эмне үчүн учурда ашынган тентектер же тили 5-6 жашка чейин чыкпаган балдар көбөйүүдө?” деген ат менен жарык көрүп, балдардын бул сыяктуу чектен ашкан кыймыл-аркеттери жөн гана тентектик эмес, а чынында оору болуп саналарын ата-энелер этибарга албай келатканына көңүл бурду. Балдардын тилинин кечигип чыгышы, ага кошул-ташыл ашынган шоктугу энелердин кош бойлуу учурунда оор түйшүктөрдү тартканына, кыйын төрөтүнө, боюнда бар кезде кабылган стресске, үй-бүлөдөгү социалдык шарттын жоктугуна жана экологиянын бузулушуна шылтап койсо деле болмогун, бирок кептин баары коомубуздагы миң түркүн оору-сыркоолорго эмес, биздин укумдан-тукумга келаткан эзелки дүйнө таанымыбыздын бузулушунан, туура эмес жашап жатканыбыздан, пейилибиз тарып, ач көздүктүн сазына баткандыктан, же качандыр бир кезде бирөөлөрдүн каргышына калгандыктан, аң-сезимибиздин пастыгынан болуп жатышы мүмкүн деген ойду айтты.

Врач Чынара Капарова ушул эле оюн андан ары улантып, бала энесинин курсагында жаткан кезинен баштап эле ага ата-энесинин, үй-бүлөнүн жашоо-турмушу, жүргөн-турганы, ою, сөзү, сезими таасир берип турарын, эгер ата-энелердин тили заар, ыплас, жаман сөздөргө көбүрөөк толсо анда баланын тили төрөлгөндө кечигип чыгарын же кекеч болуп каларын, бул эч кандай оорунун эмес, “жараткандын жазасы” экендигин, ошондуктан эң ириде ата-эне өзү ыймандуу, тарбиялуу болушу керектигин, мындай ата-энелердин балдары да тарбиялуу, ыймандуу болорун белгиледи.

Ушул эле ойду андан ары Жолдошбек Султановдун “Баланы түйүлдүк кезинен тарбиялоодогу кыргыздын салты” деген макаласы улантып, илгери балдарды бала бакча, садик-мадиги жок эле чоң ата, чоң энелери тарбиялап келгенин, кыргыздын каада-салты ар кандай мыйзамдан да, ар кандай диний агымдардын эрежелеринен да күчтүү экенин, кыргызды кылымдар бою жер жүзүнөн жоготуп жибербей сактап келаткан да дал ушул каада-салтыбыз экенин, маселен, байыркы кыргыздар жакшы балдар төрөлүш үчүн түйүлдүк кезинен кам көрүп келгенин, курсактагы балага эки ай болгондо кош бойлуу келиндерди элдик баяндарды, комуз күүлөрүн, “Манасты” угууга чакырганын, анткени бала эки айынан тартып эле сырттагы жаман-жакшы нерселерди кабыл ала баштарын, кыргыздын сыпайы жана акылман каада-салты сакталган үйдө төрөлгөн баланын дени да сак, өзү да сергек, сезимтал, боорукер, акылдуу болуп чоңоёрун билдирди.

Жолдошбек андан ары төрөлгөндөн кийин кырк күн эне менен бала эч кимге көрүнбөй багылышы керектигин, себеби төрөт учурунда аялдын аурасы айрыларын, анын аурасында төрөлгөн бала экөө тең ал учурда сырткы дүйнөдөн коргонууга алсыз болорун, демек алардын аурасы кайра калыбына келгенче кырк күн өтөрүн, ошондуктан кырк күнгө чейин жаңы төрөлгөн наристени көп көздөн, көп сөздөн сактоо зарылдыгын кошумчалады.
XS
SM
MD
LG